“…Аттиң ай, сүйгөн эмес экемин, – деп”

4/5 - (4 добуш)

* * * 

…Аттиң ай, сүйгөн эмес экемин, – деп,
Өзүмдү айлап-жылдап келемин жеп.
Намысым азабыма азык болду,
Арзуумду абийир менен жеңемин, – деп. 

Кызганыч менен карайм алганыңды,
Окуймун көзүңдөгү арманыңды.
Түтөймүн. Экөөбүздүн багыбызды
Текебер сүйүүм менен байладымбы? 

“Баш кошуу керек бизге нике менен,
Сүйүү – бул ыйык, бийик сезим”, – дегем.
Бакытка айлакердик жол экенин,
Анда мен караманча элебегем. 

Алданган ошол кездин жазасына,
Жете албай калдың жандын тазасына.
А менин жолум калды кыйчалыштап,
Баркталбас баёо сүйүү азасына.

  • Акын, журналист.

    «Алтын калем» жана «Алыкул Осмонов атындагы» адабий сыйлыктардын ээси, Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун, Евразия, ТүркСОЙ жазуучулар бирикмелеринин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген