Азыр сары күздөмүн
Уйку билбей, өтүп эчен түндөрүм,
Билбей барам, көңүл эмне сүйгөнүн.
Тээ баягы жазгы мөлтүр өңүм жок,
Элүү өрдөп, азыр сары күздөмүн.
Канча бырыш түшсө дагы жүзгө миң,
Жолуң карап күдөрүмдү үзбөдүм.
Үмүтүмдүн үзүлгөндө желеси,
Кеч күүгүмдө эшигимди сүзбөгүн.
Мезгил өттү… бекер эми күйгөнүң,
Караанымды күздөн издеп жүрбөгүн.
Жүрөгүмдөн орун алган капкачан,
Оңой-олтоң ко` бербес үйдөгүм.
Ушул сезим унуткарып өткөндү,
Чалкып жаткан өзүнчө эле дүйнөмүн.
