Дил жаңырык (ырлар түрмөгү)
* * *
Куралбадым энем тиккен курактай,
Туралбадым такмандарда жыйылып…
Уят-арым кайнап ичтен булактай,
Жашабадым көр дүйнөгө кыйылып.
Паксалардай тизилбедим дубалда,
Башкалардай чарк болбоду курарга.
Мисичедей чырпык издеп шу тапта.
Бир бактекче жашоо улайм, уям тар.
Карлыгачтай кере жайып канатым,
Ооздон түшүп, ылай-касым кармалбай,
Узак-узак, учуп-конуп баратам,
Учкан сайын ушул дүйнө жалгандай…
* * *
Адашып учтум адашып,
Канатым тилип канатып.
Тилимди тиштеп кырча ов,
Дилимде жүрөк жан ачып.
Булактай болдум шыңгырак,
Күлкүлөр кээде таш жарып.
Бакыттын жайын ким сурайт…
Бакыт бир менде баштанып.
Өзүмдү тыңшап кээ кезде,
Оронуп чөргөк оролуп.
Жибек бир курттай булада.
Оозумда жибек чоролуп.
Унчукпас болдум унчукпас,
Шыкаалайт шоола жылчыктан.
Күндөргө шүгүр, Ай батып,
Соңунан күлүп Күн чыккан!
* * *
Өмүр бою өзүң менен күрөштүң,
Бирөөлөргө согуш ачкан жоксуң сен.
Өзүңө өзүң шам жактың да, түгөнгүс,
Эми күйүп бара жаткан отсуң сен…
Оттой болуп күйүп-жанып, жалындап,
Наалы кылбай, өйдө-ылдый тагдырга.
Ичтен күйүп, сырттан жүрдүң жаркырап,
Шүгүр айтып, жүз жүгүнүп, ай-жылга,
Эми…
Оо жаркыра, оо жаркыра, жаркыра!…
