Дилгир көз – 2
(Уландысы. “Дилгир көз – I”)
II
– Мен көрүнбөс адаммынбы? (Я невидимка?) – деп кайрылды мугалимдин орундугуна жакындаган эжей коңгуроо кагылса да тынчтанышпай, чуру-чуу түшүп аткан окуучуларга.
– Жок, – дешти эжейдин сөзүн тамашадай көрүп, кудуңдаган бир нече окуучу.
– Анда эмнеге класста мугалим жоктой, коңгуроо кагылбагандай чуркап жүрөсүңөр?
Көбүнчөсү орундарын көздөй бет алышканы менен, айрымдары дале кыжы-кужу болуп атышты.
– Керим! – Такыр эле укмаксан болуп жүргөн окуучуну атынан чакырып кыйкырды мугалим. Ал ошондо гана бурулуп, ордун көздөй баратты. – Жерде жаткан көйнөк кимдики, ал?! – Эжей ачуулуу, өкүм үн менен кайрылды.
Керим көйнөктү алды да, топтой кылып өйдө көтөрүп, катарлаш партадагы окуучуну көздөй тээп калды. Көйнөк кайра кулады.
– Керим! – Ачууланган мугалим бул жолу мурдагыдан да катуураак кыйкырды. Оюнда көйнөктү ал да, кайра жакшынакай көтөрүп кой деп талап кылгысы, тил укпай турган болсо, мажбурлагысы бар эле.
Аны көздөй баратып, оң катардагы мугалимден көзүн албаган Дилгир көзүн эстей койду. “Жүзүмөн жаалым чыгып турса керек”, – деген ой кылт этти. Бул убакта ачуунун жетегинде ылдам басып, Керимдин жанына келип да калган эле. Кыйгачынан Дилгир көз жакка көз салды. Ал карап турган болуу керек. “Кап, аййе”, – ичинен өкүнүп турду. Эжейинен таасирленип, үлгү тутуп жүргөнүн байкап жүргөн болчу да. Эми минтип ачуусуна эрк берип, жаман үлгү көрсөтүп атканын карачы. Оюнда абалды оңдоп кетүүнүн жолун издей баштады.
– Керим, туура кылдым деп ойлойсуңбу? – Үнүн болушунча жайлатып, жумшак суроо узатты. Кайсаңдап турган бала дале эжейдин сөзүн уккусу жок. – Көйнөк кимдики?
– Азаттыкы, – деди жанындагы бала.
– Меники эмес, – Азат ага карады да, – Өзүңдүкү, – деди. Баарында окшош үстүңкү көйнөктү чуркап жүрүп тердегенинен чечкенин унутуп калган Керим эми гана чолок жең ички көйнөкчөн экенин көрдү да, жердегини алып айланта карады. Эжейи колунан алып, четирээк кармап силкип, эки бүктөй Керимге сунду.
– Ысыган болсоң, баштыгыңа салып кой.
Жоошуй түшкөн бала көйнөктү алып, жөлөнгүчүнө иле салды. Эжей абалды бир аз болсо да оңдой алдым го деген ойдо ордуна келип, сабак берүүгө киришти.
– Алаксыткан баардык нерсени четке жылдырабыз. Абдан кызыктуу нерсе болсо, аз гана убакытка – тыныгуу учуруна чейин коштошо турабыз. Сабак учурунда баарын эстен чыгарып, көңүлүбүздү болушунча сабакка бурабыз.
Эжей дээрлик ар бир сабакта ушундай мааниде айта турган болду. Көздөрү мугалимди карап турган менен ойлорунда башка бир нерселер билимди бөгөттөп турганы бара-бара көбүрөөк байкалат. Маалымат технологиялары өнүккөнү кичинекей мээлери ар нерсеге шыкала берип, буларга да кыйын болду. Жакында гана “Китепстан” басма үйү жарыкка чыгарган “Уурдалган көңүл” китебин катасыздоого катышкандан бери буга ого бетер маани берип, көбүрөөк байкай баштады.
Эмнедендир бүгүн демиккендери араң басылып, туйлап турган балдардын көңүлүн тезирээк буруу керек болуп турат. Өткөн сабакты кайталоону ананкыга жылдырып, өзгөчө даярдап келген жаңы теманы дароо баштоону чечти. Кагаз баштыкка салып келген кичинекей айнек идиштердин бирин чыгаруу үчүн колун салып, балдарга караган кезде класс дымырай түштү. Дилгир көздүн эле эмес, окуучулардын дээрлик бардыгынын көздөрүнөн дилгирлик жылтырады.
– Баарыңар кунт коюп угуп турасыңарбы? Эч нерсени өткөрүп койбойсуңар э, анда карагыла. Бул – сүт. Демек биз бүгүн сүт азыктарын өтөбүз.
Кичинекей айнек идиштеги сүттү көрүнөө жерге койду.
– Баштыкта дагы үч сүт азыгы бар, бирок аларга киришерден мурун бир этиш жана бир жаңы мүчөнү билип алабыз: “жасалат” деген этиш жана “-дан” мүчөсү. Жасалат – “делается” деген маанини берет. Ал эми “-дан” мүчөсү кайсы бир нерсе эмнеден жасалгандыгын билдирүү үчүн колдонулуп, орус тилиндеги “из” деген жандоочтун маанисин берет. Бул мүчө уланган сөздөр “Эмнеден?” деген суроого жооп берет.
Эжей андан ары окуучуларды “-дан” мүчөсүнүн өзгөргөн түрлөрүнө көнүктүрдү.
– Эми карагыла, – баштыктан калган айнек идиштерди алып чыга баштады, – бул айран, бул сүзмө. А бул эмне? – Курутту алып чыгып сураганда, балдар дээрлик бир добуштан:
– Курут, – дешти.
– А курут сүзмөдөн жасалат, сүзмө айрандан жасалат, айран сүттөн жасалат. – Атаган сайын азыктарды колуна алып, кайра коюп турду.
Акырында тактага үч сүйлөм жазды:
Курут сүзмөдөн жасалат.
Сүзмө айрандан жасалат.
Айран сүттөн жасалат.
– Кана, ким жооп берет? Курут эмнеден жасалат? – Эжей окуучуларга жалпы караса да, көзүнүн кыйыгынан Дилгир көздү байкап турду. Өзүн анын алдында айыптуу сезгенин байкаткысы келбей, ага тик карабай аткан. Кол көтөргөндөрдүн арасында Дилгир көз да бар экенин жазбай билип, кубанып алды. Бирин атагыча болбой, озунуп Абай жооп бере салды:
– Курут сүзмөдөн жасалат.
– Эң туура. А сүзмө эмнеден жасалат? Кана, Давид, сен айтчы.
– Сүзмө айрандан жасалат.
– Айран эмнеден жасалат?
– Айран сүттөн жасалат.
Балдар жарыша жооп бере башташты. Үндөрүн угузуш үчүн биринен бири өтүп кыйкырып атышса да, эжей алардын жигерин баскысы келбей тим койду. Ар бирин кубаттап жетишүүгө аракеттенип аткан. Ошол убакта коңгуроо кагылып калды.
– Сабак бүттү, нан азыктарын, сүт азыктарын жаттап келгиле.
Мугалим буюмдарын жыйнаштырып аткан кезде эң жигердүү балдардын бири Дастан эжейдин жанына жүгүрүп келип:
– Мен баарын айтып берейинчи, курут сүзмөдөн жасалат, сүзмө айрандан жасалат, айран сүттөн жасалат, – эжей такалса да, баарын так, туура айткан Дастандын башынан сылап, андан кийинки кезегин сыпайылык менен күтүп турган Дилгир көз Давидге карады. Ал дептериндеги боёгон сүрөттөрүн көрсөттү. Мурунку сабактагы нан азыктарын жакшынакай боёп келиптир. “Үй тапшырмасын текшергенге жетишпей калсам да, окуусунда үзгүлтүк калтыргысы келбей чекчейип турганын, ананайын десе”, – деп ойлоду ичинен мугалим.
– Давид, аябай кооз боёптурсуң. Сонун! Мына сага жылдызча. – Коңгуроо кагылганына карабай эжейин этектеп турган балдарга ичи элжиреп турду. “Кандай ата-эне тарбиялап атты экен ушуларды” деп ата-энеге да ыраазы.
Давиддин көзүндөгү дал мурдагы калыбындагыдай дилгирлик эжейине кичинекей жеңишин ырастап тургансыды. Балдардын тартипсиз жоруктарына ачууланып, окуучусунун көңүлүн кайт кылып ала жаздабадыбы. Анан мына ушундай окуучулары да аны түздөй турганын ойлоду. Тынымсыз тарбияланып турган мындай балапандарга жаман үлгү болуп калуудан ар дайым сактануу керек. Бул жолу дагы бир эскертүү болду.

