“Доссуң деп айтам анык сага досум!..”

Биринчилерден баа бериңиз!

Акын курбум Жылдызча Венера Үсөн кызына арналат

*   *   *

Доссуң деп айтам анык сага досум!
Досмун деп айталбасым мага кордук…
Сен мага чын достордой мойнуң созуп,
Мендечи?! Кенебестик, көңүл коштук! 

Колуңдан ооруңду алганым жок,
Же жерден жеңилиңди алганым жок.
Жөн гана ойлой, ойлой санаа тарткан,
Обу жок мендей болгон кандай бул дос?!

Айтпадың мен жөнүндө бир да жаман,
Адамдык адебиңден алдым сабак.
Пейилиң дөөтү сымал касиеттүү,
Ал тоодон сууну сузуп, бул тоого алган.

Өңгүрөп ыйлабадың өрт кечсең да,
Кайратың пайгамбардын пейилиндей.
Оо кандай айкөлдүктү сага берген,
Үлүл да “үйдөн” чыгат мээримиңден.

Чалынсаң ташты аяйсың сен эмнеге!
Толкундай урунасың тоого, ташка,
Оо досум, сендей пенде көралбадым,
Жаралган периштедей, жандан башка…

Автор

  • Акын, журналист. 1972-жылы Лейлек районунун Булак-Башы айылында туулган.

    Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын, «Алыкулдун ак боз аты» фестивалынын лауреаты. Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. “Үмүт” ырлар жана “Жүрөгүмдүн ээсине” ырлар жана проза жыйнактары жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген