Дүйнө
Башында карыган ой, улуу арман,
дүйнөнүн ичи бөлөк, сырты бөлөк…
Алдынан капыл-тапыл учураган,
кабаттап сыртын улам сыйрып көрөт.
Аялбай калган жандар бул турмушта,
аябайт, билбейт аны аяганды.
Тумчугуп, улам бири тумчуктурса,
түңүлүп тиктейт дүйнө жаңы ааламды.
Күчү жок бул дүйнөнүн күрөшкөнү,
күрөштөр кабыргасын кайыштырат.
Жүрөктүн кара экенин, кир экенин,
булганган өңү менен жаап турат.
Көрүнөт көңдөйүнөн бырыштары,
дүйнөнүн сүрү бөлөк, түсү бөлөк.
Каржалса, карт бутагын кыйып салып,
кайталап коркунучтуу түшүн көрөт.
Тигилет үлбүрөгөн тор артынан,
өз оюн адам менен бирге калпыйт.
Дүйнөнүн этегине кол аарчыган,
жүзүнө жүрөгүнүн кирин аарчыйт.
Башында карыган ой, улуу арман,
дүйнөнүн ичи бөлөк, сырты бөлөк…
Алдынан капыл-тапыл учураган,
кабаттап сыртын улам сыйрып көрөт.
