| |

Евгений Рейн: “Өмүр өтүп, сага жибек жоолукчан…”

Биринчилерден баа бериңиз!

* * *

Өмүр өтүп, сага жибек жоолукчан
Кайрадан мен метро жактан кезиктим.
Мурда болсом – жарат тынбай ооруган,
Азыр сага – бош орунмун, эч киммин.

Бирок да сен мени таанып, тоготтуң,
Бульвардагы отургучка отурдук,
Караандарын козгободуң болгондун,
Күнөөмдү да койгонсудуң унутуп.

А качан жер алдындагы өткөөлдө
Жок болгондо карааның ак жоолукчан
Ойлоп алдым мен эркиндик жөнүндө
Ырга айланып, өмүрдө бир жолуккан.

Которгон Марат Токоев

  • Белгилүү орус акыны, жазуучу. Ал өз убагында Иосиф Бродскийдин жакын досу, насаатчысы болгон. Акындын өзгөчө поэтикалык стили заманбап орус адабиятынын өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген.

  • Марат Токоев
    Котормочу:

    Журналист, акын, котормочу. 2021-жылы "Сүртүмдөр" ыр жыйнагы жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген