Ганс Христиан Андерсен: “Ширеңке кармаган кыз”
(жаңы жылдык жомоктор жыйнагынан)
Суук. Кар жаап жатат. Көчөгө акырындык менен караңгылык түшүп келатат. Бул, жаңы жыл майрамын тосор алдындагы кеч болчу. Ушундай суук жана караңгыда кичине кыз жүрдү көчөдө. Жалаң баш, жалаң аяк. Ал үйүнөн жеңил бут кийим кийип чыккан. Бирок, ал эмнеге жарамак эле. Бут кийим өтө чоң болчу. Акыркы жолу аны энеси кийген. Алдынан чыккан арабалардан качам деп чуркаганда экөө эки жакка ыргып кеткен. Бирөөсүн такыр эле таппай калды. Ал бирөөсүн болсо бир бала көтөрө качып кетти. “Мен балалуу болгондо бул бут кийим бешик болгонго жарайт”, – деп мазактаган боюнча жоголду.
Кичине кыз андан ары жалаң аяк кетти. Буттары кызарып, ал тургай сууктан көгөрө баштады. Эски боркогуна оролгон бир нече куту ширеңкелери бар болчу. Бирөөсүн колуна кармап алган. Керели кечке бүгүн андан эч ким ширеңке сатып албагандыктан сокур тыйын киреше тапкан эмес. Ачка, каржалып, бет алды кете берди. Өтө аянычтуу көрүнүш. Кардын күкүмдөрү анын ак саргыл болгон кооз, көркөм чачтарына келип урунуп атты. Бирок өзүнүн чачы мынчалык кооз, көркөм экени анын эсине да келмек эмес мындай маалда. Терезелерде чырактар күйүп, көчөдө куурулган каздын эти жыттанып, ачка кыздын оюнда ошол гана болчу.
Акыры бир тамдын бурчуна келип бүрүшүп отура кетти. Үстүндө болгон чалбары менен кымтыланымыш болот. Азыраак болсо да жылынайын дегени го. Жок, суук ага деле караган жок. Мурдагыдан да катуураак үшүтө баштады. Үйгө кайтууга болбойт. Анткени ал бүгүн бир сом да таппады. Бир дагы ширеңкеси өткөн жок. Атасы тепкилейт үйгө барса. Барганда үй аты болбосо ал жерде дагы жыргаткан жылуулук жок. Үйдү муздак шамал аралап жүрөт. Баардык жыртык, жаракаларды саман жана чүпүрөктөр менен бүтөмүш болушкан. Бирок суукту токтото албайт экен. Кыздын колдору камтууга келбей баратты. Эх… Колундагы бир тал ширеңке аны жылытууга кубаты жетмек. Болгону аны жагууга дарамет, эрк кайда. Акыры болбоду. Бир тал ширеңке жарк деп жагылды. Кенедей тал ширеңкенин жалыны да бир топ жылуу. Шамалдан коргоп бүкүрөйө калып тоскондо кадимкидей жылуу боло түштү. Кызга бул бир тал ширеңкенин жалыны кубат берип, ал өзүн жагымдуу күйгөн шамдын маңдайында отургандай сезди. Көз алдына чоң темир мештин алдында отурганы тартылды. Андагы жалбырттап күйгөн оттон жагымдуу жылуулуктун табы келип турат. Жыгач отундар чатырап, учкундары учуп алоолонуп бир укмуш өзүнчө. Ал отту көздөй үшүгөн буттарын суна калам дегенде ширеңке өчүп калды. Маңдайдагы чоң меш дагы дайынсыз кетти. Колунда күйүп бүткөн талдын күкүмү гана турган. Экинчисин чакты. Шырр этип күйгөн ширеңкенин жалыны дубалга жарык бере калды саамга. Кыз дубалдын ичиндеги бүтүндөй бөлмөнү толук көрдү. Аппак дасторкон жайылган кенен үстөл. Фарфордон жасалган кооз идиштер мөмө жемишке толо. Так ортодо бүтүн боюнча мешке бышырылган каздын эти, алма жана башка жемиштер менен кооздолуп турат. А жытычы? Аңкыйт тим эле. Баары жакшы болчу. Бирок баягы каз үстөлдөн секирип түшүп кызга карай жүгүрдү. Аркасына сайылган бычак менен айрысы кошо жүрөт. Кайрадан ширеңке жалп өчтү. Мандайда муздак жана калың, шыбагы эскирген дубал турат.
Кайра бирөөнү тамызды кыз. Эми анын дал маңдайында шумдуктай кооздолгон керемет балаты турду. Ал мындайды бир бай соодагердин үйүнөн көргөн. Кирип көргөн эмес терезесинен шыкаалап көргөн. Балатыда миңдеген майда шамдар жаркырап күйүп, жашыл бутактарынан дүкөндөрдөн гана көрүп жүргөн кооз оюнчуктар шыкаалайт. Кичине кыз эки колун созду балатыга. Каап! Ширеңке кайра өчүп калды. Баягы жаркыраган оюнчуктар улам өйдөлөп барып жылдыздарга айланды. Анын бири аркасынан алтындай жаркырап чубалган из калтырып кайдадыр жылт этип учуп кетти.
– Кимдир бирөө өлдү окшойт, – деп, араң чыккан үнү менен сүйлөндү кичине кыз.
Дүйнөдөн өтүп кеткен чоң энеси ошентип айтаар эле. Ааламда жалгыз ошол чоң эне жакшы көрчү кичине кызды. Асмандан жылт этип жылдыз учканда айтып калчу: “Жылдыз кулаган мезгилде кимдир бирөөнүн жаны кудайга карай кетет”.
Кичине кыз кайра бир тал күйгүздү. Жарк эткенде айлана жарык боло түшүп, маңдайынан чоң энеси көрүндү. Айланасы жаркырап нурга бөлөнүп, баягыдай жагымдуу, баягыдай мээримдүү чоң энеси.
– Чоң эне! – деп араң үн менен кыйкырды кыз. – Чоң эне! Мени кошо ала кетчи. Мен билем сен азыр кетип каласың. Жанагы көрүнгөн жылуу меш, бышкан каз, кооз балатыдай жок болосуң. Мен билем, чоң эне. Ширеңке өчсө эле сен кетип каласың. Мени ала кетчи!
Ошентип айтып чоң энесин көбүрөөк кармап туруш үчүн кайра кайра калтыраган кичине колдору менен жанталашып ширеңке жандырып жатты. Ширеңке укмуш. Күндүзгүдөн да жакшы жарык берип жалындап күйүп атат. Чоң энеси мынчалык сулуу, мээримдүү көрүнбөгөн мурда. Улам жакындап келип кызды колунан алды да экөө жаркыган нурга аралаш учуп кетти. Бийик-бийик, ачкачылык болбогон, суук болбогон, жокчулук, коркунуч, кордук болбогон тарапка, Кудайга карай кетишти.
Муздак, мээримсиз таң. Баягы үйдүн бурчунда, баягы ордунда кичине кыз отурган. Эки бети албырып, ууртунда жылмайуу. Бирок жансыз. Ал эски жылдын акыркы кечинде суукка тоңуп жан берди. Чыгып келаткан күн анын кичинекей, бүрүшкөн жансыз денесине жарык төгүп турду. Колунда куту ширеңке. Бир куту дээрлик түгөнгөнү калыптыр.
– Бечара кыз жылынгысы келген окшойт. – дешти, көрүп турган эл. Бирок алар кичине кыздын жаркыган нурдуу маанай менен жагымдуу, мээримдүү чоң энесине кошулуп жаңы жылдык жакшылыктарга көздөп учуп кетишкенин көрүшкөн жок. Көк асманга карай.
Орус тилинен которгон Кулмат Тукеналиев
