Хорхе Луис Борхес: “Парацельстин розасы”
(аңгеме)
Жертөлөдө жайгашкан эки бөлмөлүү алхимиялык өнөрканасында отурган Парацельс өзүнүн Кудайынан, жалпы эле кайсы Кудай болбосун, ага бир шакирт жөнөтүүсүн өтүнүп жатты.
Күн батып бараткан. Очоктун алсыз жарыгы күңүрт көлөкөлөрдү түшүрөт. Ордунан туруп, темир чыракты жандыруу үчүн колун сунуу өтө эле оор жумуш эле; чарчаган Парацельс түн өзүн бара-бара кучагына алуусуна жол берди. Ал аябай чарчагандыктан, өзүнүн өтүнүчүн да унутуп койду.
Эшикти бирөө каккан маалда, түн өзүнүн караңгы кучагына алып, чаң баскан алхимиялык идиштер менен колбалар көрүнбөй бара жаткан. Уйку-соонун ортосунда жүргөн кожоюн ордунан туруп, бийик айланма тепкич менен өйдө чыгып, эшикти ачты.
Үйдө бейтааныш адам пайда болду. Ал да өтө чарчаган экен. Парацельс ага отургучту көрсөттү; кирген киши отуруп, күтүп калды. Бир топ убакыт унчукпай отурушту.
Мугалим биринчи болуп сүйлөдү:
– Мен Чыгыш менен Батыштын адамдарын жүзүнөн ажыратып тааныйм, – деди ал сыймыктануу менен. – Бирок сенин жүзүң мага белгисиз. Сен кимсиң жана менден эмнени күтөсүң?
– Менин атымдын мааниси жок, – деп жооп берди кирген адам. – Үч күн, үч түн жол жүрүп, сенин үйүңө жеттим. Мен сенин шакиртиң болгум келет. Колумда эмне болсо, баарын алып келдим.
Ал капчыгын ачып, үстөлгө төктү. Бул алтын тыйындар эле, алар абдан көп болчу. Ал муну оң колу менен жасады. Парацельс чыракты жандыруу үчүн сыртка чыкты. Кайтып келгенде, ал тиги адамдын сол колунда роза бар экенин көрдү. Розаны көргөндө ал толкунданып кетти.
Ал орундукка жайланышып отуруп, манжаларын кайчылаштырып, мындай деди: – Сен мени бардык табигый элементтерди алтынга айландыра турган ташты жарата алат деп үмүттөнүп, мага алтын сунуштап жатасыңбы? Бирок мен алтын издебейм. Эгер сага алтын кызык болсо, сен эч качан менин шакиртим боло албайсың.
– Мага алтын кызык эмес, – деп жооп берди кирген киши. – Бул тыйындар менин эмгектенүүгө болгон даярдыгымдын далили. Мен сенин мага Илимди үйрөтүшүңдү каалайм. Сенин жаныңда Ташка алып бара турган жолду басып өткүм келет.
Парацельс жай сүйлөдү:
– Жол – бул Таш. Сен кайдан келе жаткан болсоң – бул Таш. Эгер сен бул сөздөрдү түшүнбөсөң, анда эч нерсени түшүнбөйсүң. Ар бир кадам – бул максат.
Кирген адам ишенбестик менен карады. Ал такып сурады:
– Демек, баары бир максат барбы?
Парацельс күлдү:
– Мени жамандагандар, акылсыздар сыяктуу эле абдан көп. Алар максат жок деп ишендиришет жана мени жалганчы деп аташат. Менин бул боюнча башка пикирим бар, бирок өзүмдү иллюзиялар менен алдап жатканымды да мойнума алам. Мен билген бир гана нерсе – Жол бар.
Унчукпай отурушту, анан кирген киши мындай деди:
– Мен сени менен аны басып өтүүгө даярмын; керек болсо – бул үчүн жылдарымды арнайм. Мага чөлдү басып өтүүгө уруксат бер. Таманым тийбесе дагы, сырттан болсо да убадаланган жерди көрүүгө уруксат бер. Бирок, жолго чыгардан мурун, мага чеберчилигиңдин бир далилин көрсөт.
– Качан? – деп тынчсыздануу менен сурады Парацельс.
– Азыр, – деди шакирт күтүлбөгөн чечкиндүүлүк менен.
Башында алар латынча, азыр немисче сүйлөшүп жатышкан.
Жигит алдындагы розаны колуна алды:
– Сен өз илимиң менен розаны өрттөп, анан күлүнөн кайра тирилте аласың деп айтышат. Мага бул кереметке күбө болууга уруксат бер. Мен сенден ушуну суранам, ушуну жасасаң, мен сага жанымды да аябай бергенге даярмын.
– Сен өтө ишенчээк экенсиң, – деди мугалим. – Мага ишенчээктин кереги жок. Мага ишеним керек.
Кирген киши өз оюнан кайткан жок:
– Ошол ишенбегеним үчүн, розанын жок болушун жана кайра жашоого келишин көргүм келет.
Парацельс розаны колуна алып, ары-бери айлантып жатты:
– Сен ишенчээксиң, – деп кайталады ал. – Сен мени муну жок кыла алат дедиңби?
– Ар бир адам аны жок кыла алат, – деди шакирт.
– Сен адашып жатасың. Сен жоктукка кайтып келүү мүмкүн деп ойлойсуңбу? Адам ата менен Обо эне Бейиште бир гүлдү, бир чөптү, жада калса чаңдын бир бүртүкчөсүн да жок кыла алат беле?
– Биз Бейиште эмеспиз, – деп жаш жигит өзүнүкүн берген жок. – Биз бул жерде, айдын астындабыз, бардыгыбыз өлүмгө дуушар болобуз.
Парацельс ордунан турду:
– Анда биз кайдабыз? Жаратуучу Бейиштен башка дагы бир нерсе жараткан деп ойлойсуңбу? Күнөө кылганыбыз – бул биз Бейиште экенибизди түшүнбөгөндүгүбүз экенин сен түшүнөсүңбү?
– Роза күйүп кетиши мүмкүн, – деди шакирт өзүнүн айканын бербей.
– Бирок очокто от калат, – деди Парацельс.
– Эгер сен бул розаны отко ыргытсаң, ал жоголуп, күл каларына ишендиресиң.
– Мен розанын өлбөс экендигин жана анын сырткы көрүнүшү гана өзгөрөрүн кайталайм. Менин бир гана сөзүм жетиштүү болмок, сен аны кайра көрмөксүң.
– Бир гана сөзбү? – деп ишенбестик менен айтты шакирт. – Колбалар менен алхимиялык идиштерди чаң басып бош турат. Анан аны кантип кайра жашоого алып келмексиң?
Парацельс аны боор ооругандай карады:
– Ооба, колбалар менен алхимиялык идиштерди чаң басып бош, – деп кайталады ал. – Мен өмүрүм бою эмнелерди гана колдонгон жокмун; азыр мен аларсыз эле жашайм.
– Азыр эмнени колдоносуң? – деп сурады кирген киши.
– Ааламдын Жаратуучусу асманды, жерди жана биз жашаган, бирок бизден тукум кууган күнөө менен жашырылган көрүнбөгөн Бейишти жараткан кезде колдонгон нерсе менен. Мен Сөздү айтып жатам, аны билүүгө Каббала бизге жардам берет.
Шакирт кайдыгерлик менен мындай деди:
– Мен сенден розанын жоголушун жана кайра пайда болушун көрсөтүүнү суранам. Сен эмнени колдонгонуң – колбалар менен идиштерби же Сөзбү – бул мен үчүн мааниге ээ эмес.
Парацельс ойлонуп туруп, жооп кайтарды:
– Эгер мен муну кылсам, сен көргөн нерсенин бардыгын «көз боёмочулук» деп айтмаксың. Керемет сага издеген ишенимди бербейт. Ошондуктан розаны жайына кой.
Жигит ишенбестик менен карады. Мугалим капыстан үнүн бийик чыгарды:
– Сага ким мугалимдин үйүнө кирип, керемет көрсөтүүнү талап кылууга укук берди? Сен мындай ырайымга кантип татыктуу болдуң?
Жигит толкунданып кетти:
Мен учурдагы алсыздыгымды түшүнүп турам. Мен келечекте сага узак убакыт кызмат кылуумдун атынан, мага күлдү, анан розаны көрүүгө уруксат берүүңдү өтүнөм. Мен сенден башка эч нерсе сурабайм. Көзүм менен көргөнүм – мага далил болот.
Тез кыймыл менен ал Парацельс койгон жерден кызыл розаны алып, отко ыргытты. Роза күйүп, бир ууч күл калды. Ал Сөздү жана кереметти күттү.
Парацельс кайдыгер эле. Ал күтүлбөгөн жерден ачыгын айтты:
– Базелдеги бардык дарыгерлер жана фармацевттер мени алдамчы деп эсептешет. Көрүнүп тургандай, алар туура айтышат. Мына күл, ал роза эле, мындан ары роза болбойт.
Жигит уялып кетти. Парацельс жалганчы же фантазёр эле, ал эми өзү болсо ага кирип келип, анын сыйкырдуу илиминин алсыздыгын моюнга алууну талап кылып жаткан.
Ал тизелеп отуруп айтты:
– Мен күнөө кылдым. Менин ишенимим жетишсиз болду, анысыз Кудайга сыйынуу жок. Менин көзүм күлдү көрдү. Мен рухум күчтүү болгондо гана кайтып келем, мен сенин шакиртиң болом жана жолдун аягында розаны көрөм.
Ал чыныгы сезим менен сүйлөдү, бирок бул сезим улуу, көп азап чеккен, өтө өзгөчө, демек, ушунчалык алсыз болгон кары мугалимге болгон боор ооруудан улам пайда болгон эле. Иоганн Гризебах өзүнүн ыйык эмес колу менен боштуктун бетинен маскасын сыйырып алууга кантип батына алсын?
Калтырган алтын тыйындары кайыр-садакадай болмок. Ал чыгып баратып, аларды кайра алды. Парацельс аны тепкичке чейин коштоп, бул үйдө ал дайыма каалаган конок болорун айтты. Экөө тең кайра жолугушпай турганын жакшы билишчү.
Парацельс жалгыз калды. Чыракты өчүрүп, креслого жайгашты да, уучундагы күлдү бир силкип, Сөздү акырын шыбырады.
Роза пайда болду.
Орус тилинен которгон Абийрбек Абыкаев
