“Иңирдин” изи же акындын ички психологиялык портретин чагылдырган лирикадагы табылгалар
Макалада акын Г. Станалиеванын “Иңир” аттуу ырлар жыйнагындагы идеялык-тематикалык жана көркөм изденүүлөр анализденет. Анын ырларындагы ички психологиялык толгонуулар, жаратылыш көрүнүштөрү менен паралеллдүүлүк жана жандандыруунун образ түзүүдөгү көркөм функциясынын өзгөчөлүгү иликтенет. Ал аркылуу акындын жашоого, сүйүүгө мамилеси, аял жана эне катары турмушка болгон көз карашы чечмеленет. Адамдын жашоого келгендеги парзы менен катар анын каалоосу, изги тилектери, максаттарынын ырларында берилиш өзгөчөлүгү тууралуу кеп болуп, поэтикалык ойду берүүдөгү анын сүрөткерлик жекечелиги белгиленет. Макала «И. Арабаев атындагы КМУнун Жарчысы» журналында жарыяланган.
Г. Станалиеванын “Иңир” аттуу ырлар жыйнагы 2023-жылы “Турар” басмасынан жарыкка чыккан. Жыйнактагы ар түрдүү көлөмдөгү 84 лирикалык ырдын басымдуу бөлүгү сүйүү темасына арналган. Акындын ырга, эненин балага жана аялдын сүйгөн жарга болгон сүйүүсү же ички маанайды билдирген жана предметке болгон жеке дүйнө кабылдоосу ырлардагы композициянын ички психологизми аркылуу ачыкка чыккан жана басымдуу учурда айта турган ой тиешелүү деңгээлде элестүү чагылдырылган.
Адатта көркөм чыгарманын же жыйнактын аталышы ошол чыгарманын же чыгармалардын башынан аягына чейин туюндуруп турган иделык-тематикалык ойду камтып турушу зарыл. Бул китепте дагы автордун ырларында берейин деген ою китепке коюлган аталыштан улам туюндурулуп турат. Иңир – жарык менен караңгынын ажырымы же «сумерки, ранний вечер» [2:1965, 774]. Демек, иңир – түн кабарчысы. Эгер сөздүн ушул маанисинен улам ой жүгүртө турган болсок, акын бул китебинде турмушундагы ак менен каранын, жарык менен караңгынын карама-каршылыгын ачып бергиси келген. Тагдырында кездешкен аял катары, эне катары тарткан азаптары менен кайгысын иңирден кийин келүүчү караңгылыкка жоруп, түн кабарчысына тоңдоосун караганын жар салат. Иңирден кийин түн киргени менен, ал түбөлүктүү эмес экендигине, баары бир анын артында кайрадан таң атарына, жарыкчылык келерине тереңден ишенет. Ошон үчүн тагдырындагы оош-кыйышпастыктардын баарын утурумдук көрүнүш катары карайт. Анткени, акын иңирдин убактылуу кубулуш экенин, таң менен кошо тагдырында жаркыган күн келерин, ар бир ырында даңазалап жүрүп олтурат. Күн – жашоонун, тирүүлүктүн символу, акын өмүрүнүн кайгы тарткан учурунда да ага, эртеңки күндүн кайрадан толкуп чыгарына ишенип жашайт. Бул оптимизм – акындын ымандай сыры! Акын үчүн таң менен кошо жаркын жашоо келет, ошондуктан утурумдук кайгы менен кусалыкка моюн сунбайт. Кандай гана тагдыр сыноосу болбосун, ал баарынан мурда башкалардын жыргалчылыгын жогору коё алат:
Үн-дабышсыз жандап өтсөм болгону
Жарык издеп жалгыз калган кезиңде, (9-бет) – деп башкалардын кыйын абалына айтпай-дебей жөлөк болгонду көксөп.., ошондон өзү рахат алат, андай учурду жашоодогу кыялы катары туу тутат. «Үн-дабышсыз жандап өтсөм болгону» деген ыр саптарында лирикалык каармандын табиятындагы аксиологиялык мүнөзү ачыла түшөт, ал башкалардын жалгыздыгында жандап өтүп болсо да, көз ирмемчелик убакытка болсо да караан, демөөр болгонго шашат. Дегинкиси, жалгыз калуу менен жарык издөө – адам баласындагы аргасыздык, оор психологиялык абал эмеспи. Акын ошол абалда калгандарга кыялында болсо да көмөктөшүүгө ниеттенет.
Мен өзүмдү көрөм эми көзүңдөн,
Акын үчүн сен күзгүдөй тунуксуң, (9-бет) – деп өзгөлөрдүн таза пейили, адамдык парасаты анын дилине канагат тартуулайт. Ушунусу менен акын өзгөлөргө (окурмандарына) жакшылыкты гана каалаган, жардамга шашкан суффизм агымынын өзөгүн алып жүргөн руханий жөлөктүн милдетин аркалап тургандай. Лирикалык каарман кайтарымын эч убакта күтпөй жакшылык кылууну пенделик милдети катары туюнган М. Гапаровдун Али акеси [3:2009, 286] жана Н. Байтемировдун Энөөлөрү [4:1981, 237] сыяктуу эле кең пейилдик менен жакшылык кылуунун символундай элес тартуулайт. Ушунусу менен ал тирүүлөрдү жакшылыкка, гумандуулукка үндөп, поэзиянын тилинде адамдык парасатты сактап тургандай туюлат.
Жыйнактагы ырлардын мазмунунда акын кыздын тагдырындагы оош-кыйыштыктар, турмуштун түрдүү жагдайлары сүрөттөөгө алынып, ал аркылуу лирикалык каармандын ички портрети жана көркөм шарттуулук деңгээлиндеги образы ачылып берилген. Акын кыз турмуштун башка салганын чыдамкайлык менен көтөрө билет:
“Бийик болсо, бийигиңе чыгамын,
Ырым менен али узун жол жүрөм.
Жапыс болсоң, жапысыңа тунамын,
Дүйнө сенден озбосом да, тең келем.
Бу кайгы не, миң кайгынын биридир,
Согот жүрөк, сокконуна шүгүрдүр…
Бүгүн соолуп, эртең бүрдөп кетермин,
Бийик чыгар бир күн доошу үнүмдүн.
…Таңды тостум, шүгүрчүлүк келтирип,
Таңды тостум, бала эмизип олтуруп…” (13-бет).
Жогорку “Таңды тостум” деген аталыштагы ыры баарлашуу формасында жазылган. Лирикалык каармандын өзү менен өзүнүн баарлашуусунда кыял менен тилек баяндалат да, акындын жашоого болгон философиялык көз карашы оптимизм позициясында чагылдырылган. Бул оптимизм А. Осмоновдун өзү жөнүндө алдын ала көрөгөчтүк менен жазган “…Жер түбүндө чирисе да бир гүлдөйт”, “…Буудан болуп таскак салып өтөрмүн”, “…Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан”, Эрдигинен эчен түрдүү жан чыгат” [5:2014, 31-328] деген саптарына үндөшүп, жашоого болгон сүйүүнү даңазалап, эртеңки келечекке карата үмүт-тилекти билдирип турат. Ошонусу менен ал окурманын да көтөрүмдүүлүккө жетелейт. Мында лирикалык каармандын изги тилеги, келечекке болгон аруу максаты, кыялы көркөм сүрөттөөнүн көндүм эмес ыктары менен берилген. Ырдын биринчи куплети кайчы уйкаштыкта 11 муундук ыр саптарынан, экинчи куплети кош же эгиз уйкаштыкта, 11 муундук саптарынан, ал эми үчүнчү куплет аттама уйкаштыкта, биринчи, үчүнчү, төртүнчү ыр саптары 11 муундан жана экинчи ыр сабы 12 муундан турган ыр саптарынан кураштырылган. Ал эми төртүнчү ыр саптары 2 (11 жана 12 муундук) ыр жолунан турат. Келечекке болгон умтулуу “таң” пейзаждык сүрөттөөсү менен коштолгон. Таң – эртеңки келечек катары ассоциацияланат. Ошон үчүн “таңды тостум” сөз айкашы аяккы эки сапта кайра-кайра кайталанат, ал кайталоо орундуу кайталоо катары ырга маанилик жана эмоционалдык маанай берип, ошонусу менен ырды формалык жактан өзгөчөлөнтөт. Анын биринчи сабында лирикалык каармандын жашоого, дүйнөгө ыраазычылык келтирип жашап жатканы баяндалса, кийинки сапта анын бала эмизип олтурганы тууралуу эпизод көз алдыга тартылат. Демек, окурманга таңды тосуу – бул жашоо, келечекке умтулуу, эртеңки жашоону пландоо жана эртеңки келечек ээси болгон бала багуу, өстүрүү катары түшүндүрүлгөн. Жарык дүйнөгө келгенден кийинки аял кишинин эне катары озуйпасы айтылып, адам баласынын келечек муун алдындагы милдети баяндалат. Муну менен жарыкчылыктагы муундар ортосундагы байланыш ачыкталат. Жашоонун түбөлүктүүлүгү, өмүрдүн ар бир көз ирмеми баалуу экендиги даңазаланып, “таң” лексикасы менен наристе бала символдоштурулган. Бул ырда лирикалык каарман акын эле эмес, эне катары да даңазаланат. “Бийик” сөзүнүн, “таңды тостум” сөз айкашынын “жапыс”, “шүгүр” сөздөрүнүн улам-улам кайталанышы, “бийик-жапыс”, “озбосом да-тең келем”, “миң-бир”, “соолуу-бүрдөө” антонимдеринин берилиши, “каада-сый” сыягындагы синонимдердин келтирилиши менен айтыла турган ой тереңдетилген, ага эмоционалдык-функционалдык маани коштолгон.
Жыйнактагы ырлардын жалпы мазмунун алып карап көрсөк, лирикалык каармандын турмуштун оор сынагына майышпаган, кайра чыйралган ички портретин көрөбүз. Өзгөчө жакшы акын болууга болгон ниет бөтөнчө бөлүнүп турат. Ушул сыягындагы оптимизм, жашоого болгон сүйүү, эртеңки келечекке болгон амбициялуу тилек-ниеттер акындын бул ырлар жыйнагындагы ырлардын дээрлик жарымын түзгөн.
Ошол эле учурда акын жашоонун маңызын, тирүүлүктүн негизги милдеттерин түшүнүүгө, өзү сезип-туйган сезимдерди көркөмдөштүрүп окурманына берүүгө далбас урат. Андай учурда ал сезимдерди сыртка чыгарууга философиялык ой толгоолор, дүйнөнү, ааламды түшүнүүгө болгон аракеттер көмөккө келет. Бул анын жалпы ырларынын чейрегинен байкалып турат.
Г. Станалиеванын ырларындагы идеялык-тематикалык ой, асыресе туулган жерге, жакын туугандарга, энеге, балага, үй-бүлөгө жана өмүр шерик жолдошко, курдашка, коңшуга же жөн эле жакын таанышка болгон сүйүү риторикалык суроо аркылуу ачыкка чыгат. Ошол сүйүү отчет берүү, өткөнүн, өзүн сыдыргыга салуу, сыр ачуу мотивиндеги ички маектер тибиндеги сүрөттөө аркылуу ийгиликтүү ишке ашкан:
“Жаман сөзүм тийди бекен бирөөгө,
Же бирөөнүн ооруттумбу көңүлүн?..
Тагдыр мага тартып көр деп шор берди,
Чарчайм талдап өткөнүмдүн ар күнүн.” (21-бет)
Ар бир кадамын талдап көнгөн лирикалык каарман өз жүруш-турушундагы жамандык менен жакшылыкты таразалап, адам тагдыры өткөнүнүн кайтарымы экенин окурмандарына айтып, колдон келсе башкаларга залакабызды тийгизбей жашап өтсөк, өзүбүзгө да жакшы жашоо чакырабыз деген оюн билдирет. Демек, ар бир нерсенин кайтарымы болот деген эскертүү менен окурманды жакшылык жасоого болгон үндөө дагы бир жолу ачыкка чыга түшөт.
Өзгөчө акындын негизги сүрөттөөгө көмөкчү сүртүм катары же атайылап болобу жаратылыш көрүнүштөрүн ыр саптарында тамшана сүрөттөп, сүйүү толгон көздөр менен караганы бөтөнчө сөз кылууга арзыйт. Пейзаж (сары кар) аркылуу акын адам табиятынын дагы бир жагын ачып, адам жана жаратылыш паралеллизиминен адам жашоосундагы өксүк, трагедия, кайгы болбосо деп тилек артат. Бул ырдын формалык бөтөнчөлүгү менен айкалышып адам баласынын жашоосунун алдын ала айта алгыс сырдуулугунан кабар бергенсийт, ыр саптарындагы муундук топтомдордун бир кылка эмес курулушу да ошол сырдуулукка кайсы бир деңгээлде ого бетер сырдуулук кошуп тургандай. Адатта көндүм болгондой, 4 саптык куплеттин ар сабындагы ыр саптары бирдей өлчөмдө кураштырылат эмеспи. Ал эми акындын ырларында андай көрүнүш бардык эле ырында сакталбайт. 4-7-11-11 муундук ыр саптарындагы муундардын бирдей эместиги ырдын ыргактык биримдигине тоскоолдук жаратпай, тескерисинче, ички ритмди түзүп турат. Ошентип, ыр саптарындагы муун топтомдорунун бирдейлиги бардык учурда эле ыр куроодогу негизги талап боло бербестиги далилденет:
“Кар жаап жатат… // 4 муун
Сапырылган сары кар // 7 муун
Канча жолу жаады менин жашоомдо, // 11 муун
Оо, ушинтип билбейм дагы канча жаар?” // 11 муун
…Кардай жеңил, // 4 муун
Кардай таза болсо не // 7 муун
Болмуш деген. Анда адам баласы, // 11 муун
Өксүйт беле, чарчайт беле, жок беле?.. // 11 муун («Жаагын, ак кар» 12-бет) Көрүнүп тургандай, ырдын уйкаштыгы аттама уйкаштык менен куралган. Ыр саптары кезектешип уйкашкан. Негизги композициянын элементи катары берилип жаткан кардын актыгы (пейзаждык сүрөттөө) менен таза, ак пейил адамдар символдоштурулган, эгер бардык адамдар кардай жеңил жана таза болсо дүйнөдө терс кылык-жоруктар болбостугу тууралуу ой жоруусу чагылдырган. Философиялык ой-толгоо риторикалык суроолордун артында катылып, оригиналдуу көркөм шарттуулук түзө алган.
Жыйнактагы жалпы ырлардын санынын чейрегине жакын санды мына ушундай пейзаждык сүрөттөөлөр менен сүртүмдөр түзөт. Алар философиялык ой-туюмдарды берүүдө подтексттик мазмун камтып турушу менен акындын лирикаларына көп сырдуу мүнөз күттүрүп, ойго бай функция аткартат. Ошолордун бири катары төмөндөгү ырын мисалга алып көрөлү:
“Жашыл, жашыл, жашыл дүйнөгө
Жапырт жааган жазгы жамгырдай
Жанга жакын жумшак жан элем,
Турмуш мени такыр өзгөрттү.
Аруу, аруу, аруу дүйнөгө
Арзып жааган кардай апаппак
Аялуу бир аяр жан элем,
Тагдыр мени такыр өзгөрттү.
Сары сары, сары дүйнөгө
Сапырылган сары бариктей
Санаасы жок сергек жан элем,
Жашоо мени такыр өзгөрттү.” (10-бет)
Ырдын үч куплети тең 9 муундук ыр саптарынан кураштырылып, аяккы уйкаштык дээрлик кездешпейт, ыр саптарынын башкы муундары же башкы тыбыштары үндөшүп келип, ассонанс кубулушун жаратып турат. Ушунусу менен ыр эркин ыр формасынын кайсыдыр бир үлгүлөрүн өз ичине камтып турган бул ырда өзгөчө пейзаж менен интерьердин биримдигинен улам лирикалык каармандын портреттик паралеллизминен идеялык-тематикалык ой дагы дааналанып, ошол эле учурда маанилик көп катмарлуулукту берип турат. Лирикалык каармандын өзү, жан дүйнөсү, тагдыры катар айтылып, ал жыл мезгилинин урунттуу учурлары менен ассоцияцияланат: “Жапырт жааган жазгы жамгырдай”…, “Арзып жааган кардай апаппак”…, “Сапырылган сары бариктей”… ж.б. Бир караганда байкалбаганы менен бул ырда ушул пейзаждык сүрөттөө адам баласынын албуут мүнөз жаш кезин (“Жашыл, жашыл, жашыл дүйнө”), акылга толгон курагын (“Аруу, аруу, аруу дүйнөгө”) жана жаштыгы өтүп, орто жашы келген мезгилдерин (“Сары сары, сары дүйнөгө”) символдоштургандай. Жашоонун агымына жараша адам жашын, кыялын, мүнөзүн акыры өзгөртөөрүн, ошентип адам убакытка уттурарын, ошого жараша адам баласы тажрыйба топтоп, токтолуп, курчуп, жетик болуп, тереңдеп, акылы өсүп турарын жеке керт башынын мисалында айтуу менен лирикалык каармандын көркөм портреттик мүнөзүн ачып берет. Бул типтүү образ. Адам баласынын дээрлик бардыгы ушундай жетилүүнү башынан кечирет эмеспи. Мурункудай “…Жанга жакын жумшак…”, “…Аялуу бир аяр…”, “…Санаасы жок сергек жан…” эми турмуш агымына жараша өзгөргөнүн айтуу менен ар бир курактын өзүнө мүнөздүү касиеттери болорун, аманчылык болсо аны адам баласы башынан өткөрө берери айтылып жатат. Бул жашоо философиясы. Ушул ойлор, түшүнүктөр пейзаждын көркөм функциясында сүрөттөлөт, лирикалык каармандын ички сезимдеринде подтекст аркылуу түшүндүрүлөт. Жандандырылган жаратылыш көрүнүштөрү көркөм деталь катары шарттуулукту түзүп, акындын ички психологиялык абалын чагылдырууга мотивдик өбөлгө болуп берет. “Жапырт жааган жазгы жамгырдай”, “Арзып жааган кардай апаппак”, “Сапырылган сары бариктей” деген салыштырууларда түрдүү жыл мезгилиндегидей эле адам мүнөзү да жаш курактын өтүшү менен өзгөрөрүн айтат. Жаш курагыңдагы жамгыр сымал жалындуу өрт кезиңде баардыгына бирдей мамиле кылган, “жанга жакын, жумшак”, көптү кыялданган, максаты көп жаш адам, аялуу дүйнөсү жана санаасы жок жашап өткөн өмүр менен азыркы турмуш бир топ өзгөртүп койгон орто жаш курак карама-каршы коюлат. Ошону менен катар жогорку салыштырууларда адам өмүрүнүн жаш курагы подтексттик сүрөттөөдө чагылдырылып, өмүрдүн туруксуздугу, анын түбөлүктүү эместиги, өзгөрүлмөлүү экендиги ачыкталат.
Ырда кайталоолор дамамат кездешип, ал стилдик-почерктик өзгөчөлүк катары ойду берүүнүн, ага терең мазмундук боёкчо камтуунун ийгиликтүү ыкмасы катары функция аткарып калган. Муну адабиятчы А.Эгембердиева да өз изилдөөсүндө белгилеп кеткени бар [6]. “Жашыл”, “аруу”, “сары” сөздөрүнүн кайталанышында да дүйнөнүн ар түркүндүгү, жаштыктын, эс-акыл толгон курактын жана бардык жактан жетилип, толуп-ташып турган курактын бөтөнчөлүктөрүн дагы бир ирет эске салат. Акындын дагы бир ырында пейзаж (тоолор менен теректер, булуттар) лирикалык каармандын “сырын”, “муңун”, “бугун” угуп кошо кайгырып, “томсорушат”, “шуудурап ыйлашат”. Автордук баяндоодо лирикалык каармандын жаратылыш менен сүйлөшүүсү адам баласы менен жаратылыштын ортосундагы гармонияны берип тургандай. Адам баласына айта албас сыр ушинтип жаратылышка айтылып, ал аркылуу лирикалык каарман көңүл жубатат, канагаттануу алат. Ошентип жаратылыш адам баласынын сырдашы, көңүл жубатары катары лирикалык каармандын ички кайгысын, психологиялык абалын чагылдырып берүүгө көмөкчү болуучу көркөм каражаттын функциясын эң сонун аркалаган:
“Тоолорго айттым сырымды…
Томсоруп туруп угушту.
Муңумду тыңшап теректер
Шуудурап ыйлап турушту.
Сууларга айттым сырымды…
Тартылып барып тунушту.
Сан жылдар чыдап көтөргөн
Санаамды чарчап угушту.
Булутка айттым бугумду
Буулугуп нөшөр куюлду.
Бурганак болду шамал да,
Бук тарап көңүл муюду” (22-бет). Мындагы 8 муундук ыр саптарынан кураштырылган куплеттер аттама жана аксак уйкаштык менен уйкашкан. Тоолордун, теректердин, суулар, булут, нөшөрдүн образдары лирикалык каармандын ички абалын дааналантууга көмөкчү болгон көркөм деталдар.. Жандандырылган пейзаж менен лирикалык каармандын сырдашуусу көркөм шарттуулук катарындагы элестүү чагылдыруунун ыкмасы кызматын аркалап турат.
Г. Станалиеванын лирикаларында турмуштук кырдаалдар, окуялар да аралашып, алардын көркөм чыгарманын ажырагыс бөлүгүнө айланганын да көрүүгө болот. Акындын лирикалык чакан ырга сюжеттин айрым элементтерин жалгаштыруу менен да паралеллизмди түзө билгени сөз кылууга татыктуу. Маселен, “Күтүү” ырында көчө сценасы ырдын негизги мазмундук өзөгү болуп жашоо, турмуш андагы карама-каршылык сүрөттөлөт. Лирикалык каарман көчөдөн өткөндөрдүн баарына бир шилтемдик кыска портреттик сүрөттөө берип жүрүп олтуруп, түрдүү образдардын галлереясын түзөт. Ошентип анын күткөнү гана өтпөй, бул көчөдөн башкалар гана өтүп жатып кеч кирет:
Күн өттү ушул көчөдөн,
Күбүрөп өттү күүгүм да.
Баары өттү ушул көчөдөн,
Күткөнүм гана өтпөдү. (32-бет)
8-8-9-8 муундук ыр саптарынан түзүлгөн бул куплетте кайчы жана аттама уйкаштыктар пайдаланылган. Ырда пейзаждык, портреттик, сүрөттөө бар. Көчө – кыймылдын ордосу, анда өйдө-төмөн өткөндөрдүн картинасы тартылган, жашоонун негизи, кыймылдын борбору болгонуна карабай “…көчө уктайт” дагы… Мындай метафора жашоонун, турмуштун жана тирүүлүктүн түбөлүктүү эместигин ачып берүүгө кызмат кылып турат. Жандандыруу жана метафора (“Күбүрөп өттү күүгүм да”, “Күн өттү ушул көчөдөн” ж.б.д.у.с.) ырда байма-бай кездешип, акындын тилинин көркөм экендигине далил болот.
Ал эми “көчө”, “караан”, “отургам”, “өттү”, “күткөнүм” сөздөрү кайталанып, алар айтыла турган идеялык-тематикалык ойдун тереңден ачылып берилишине карата кызмат кылып турушат. Чакан ырда бир суткадагы мезгилдик мерчем (күн, кеч, күүгүм, түн) сүрөттөлүп, ал адам өмүрү менен подтексттик негизде ассоцацияланып, дагы да жаштык менен жашы өтүп бара жаткан орто учур карама-каршылыкта чагылдырылат.
Белгилүү болгондой, Г. Станалиеванын ырларында салыштыруулар чексиз туташ колдонулганын байкоого болот.
“Дайрадай агылдым,
Шамалдай согулдум.
Оош-кыйыш турмушта
Жаңылсам, жаңылдым…” (25-бет) – деген саптарда акын турмуштук оош-кыйыштыкты бир эле учурда дайранын агымына жана да шамалдын согушуна салыштырат. Ошону менен адам өмүрүнүн ыкчамдыгы, тез өтө тургандыгы көркөмдөштүрүлгөн.
Акындын стилдик почерки катары анын ырларындагы ассонанс, аллитерациялык тилдик-стилдик каражаттар ыргак түзүп тургандыгы бул ырдын жеңил окулушун гана арттырбастан, маанилик тереңдигинин боёкторун да коюлантып турат. Ыр сабынын башындагы “күңүрт” сөзүнүн кайталанышы… дагы жогорудагыдай маанини тереңден берүүгө кызмат аткаруучу жүк көтөрүп турат. Ошого жараша күңүрт, суз, муңдуу ырлардын жаралышы акындын ички психологиялык абалынан кабар берет. Интерьер (“бөлмө”, “күү”), сырткы портреттик сүрөттөө (“суйдаң тарткан чачымды тарабадым”), ички портреттик сүрөттөө (“Күңүрт ойлор күүгүмдөп басат мени”, “Суй жыгылдым санаадан таркабаган”) көркөм деталь катары кызмат аткарып, образ тереңден ачылып, натыйжада поэтикалык туунду жаралган:
Күңүрт тарткан бөлмөдө олтурамын,
Күңүрт ойлор күүгүмдөп басат мени.
Күңүрт чыкты ыр жазсам, аным дагы.
Сүйдаң тарткан чачымды тарабадым.
Суй жыгылдым санаадан таркабаган.
Суз жазылды ырларым анан дагы.
Муңдуу күүнү угуудан тажабадым.
Мукамына көңүлүм куштар болуп,
Муңдуу чыкты ырларым улам жаңы, (23-бет) – деген 3 саптан (чыгыш адабиятынынын ири өкүлү, улуу лирик, жапон акыны Мацуо Басёнун ырларынын хайку деп аталган курулуш формасынын элементтерин [7] эске салган) (11 муундук ыр саптарынан) турган ырда кыргыздын салттуу ыр түзүлүшүнө мүнөздүү эмес аяккы уйкаштык жок. Жыйнакта баш-аягы болуп дагы сегиз ар түрдүү көлөмдөгү ыр ушул ыкмада жазылган. Кээде ушундай ырлар менен куплеттерден аралаш куралган ырлар менен катар бейт формасы да кездешет. Ыр саптарынын башында келген ассонанстык кубулуштан улам ыргак жаралып, ыр сабынын аягындагы уйкаштыктын жоктугу сезилбейт. Ушул 3 ыр топтомдорунан кийин келген ырдын төртүнчү ыр топтому 4 саптык же куплеттик (11-10-11-11 муундук ыр саптар) курулушта турат. Мында деле аяккы уйкаштык жок, болгону “жарык” эпитети менен айкалышып келген шоола пейзажы акындын жогорудагы пессимисттик ойлорунун баарын жарып чыккандай элес калтырат. Баштагы үч ыр топтомдорунун формалык түзүлүшү бирдей болуп, андагы айтылган ой төртүнчү ыр топтомуна (формалык түзүлүшү таптакыр башка) маанилик жактан карама-каршы келет. “Жарык шоола агартты кара түндү” деген саптарга удаалаш лирикалык каармандын да көңүлүнүн жаркып чыга келиши аркылуу түндү таңга, “күңүрттүк, суздук, муңдуулукту” жарык шоолага карама-каршы койгон. Ушуну менен акын жашоодогу ак-кара түшүнүгүн ачыктайт:
“Жарык шоола төгүлөт тереземден,
Жарым түндү өткөзүп олтурамын.
Жарык шоола агартты кара түндү,
Жарык шоола агартты көңүлүмдү.” (“Жарык шоола, жанып күйгөн мен…”, 36-бет)
Мындан улам акындын оптимизмге болгон терең ишенимин жана турмуштук позициясын дагы бир жолу байкайбыз. Анткени, күчтүү адам гана караңгынын артында жарык бар экенинен үмүт үзбөйт эмеспи…
Жогорудагыдай идеялык-тематикалык жана көркөмдүк жактан өзгөчөлүк жараткан ыларынын катарында акындын “Эски кат”, “Кайрылбайм деди артыма”, “Жаанда”, “Үч күн үйдө жалгыз калдым”, “Төлгөчүгө алаканым ачтырдым”, “Күзгү алдында жасалгасын чачынын…”, “Балалыктын бир үзүмү”, “Жылдыздар менен сырдашкан аял”, “Балалык жөнүндө баллада” сындуу ырларын да атоого болот.
Жогорудагылардан улам иңир Г. Станалиеванын поэтикалык табылгасы экендигине ынанууга болот. Ошентип, “Иңир” ырлар жыйнагында иңир адамдын өзүн-өзү издөөсүнүн, турмуштук карама-каршылыктарды жеңип чыгуунун, адамдын ичиндеги өзү менен болгон ички конфликтерди жайгарууга жол табуунун куралы катары идеялык-тематикалык функция аткарып турган көркөм деталь. “Жамгыр сымал сергитет көңүлүмдү, Жарыктыктын жаңырган ар бир күнү” (36-бет) – деген саптарда белгиленгендей иңир – эртеңки келе турган жарыкка болгон умтулуу, ал эми жарык болсо – жашоонун адам баласы күткөн дагы бир жаңырышы. Анда адам баласы артында из кала турган жакшы иштерди жасоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал эми иңирде из калбайт, ал “от-жарыксыз”. Ал болгону өмүрдүн жарык мезгилинде кылган иштерге баа бере турган, ойлоно турган, жаман-жакшыга иргей турган, өзүнүн купуялуу дүйнөсүндө кала турган убактысы. Ошол эле учурда ал эртеңки күнгө, келечекке план түзө турган башталыш дагы… Ошон үчүн акын “… Купуялуу, көңүл-көөндү аздырган, Жандап өткөн от-жарыксыз иңирби? (40-бет) – деп риторикалык суроо берет. Ошон үчүн акын иңирдин изин издеп келет. Анткени иңирде өткөн күн менен келер күн кездешет. Демек, иңир – өткөн менен келечектин кесилиш чекити! Анткени, келечектеги жакшы ырлардын жазылышы үчүн, акын ар өткөн жарык күнгө иңирде саресеп салат, демек, иңир максат коюунун, өткөнгө отчет берүүнүн, келечекке тажрыйба топтоонун ыңгайлуу учуру, демек иңирдин изи мына ушусу менен акынды издетет:
Жоолугумду ай далыма жамынып,
Издеп чыктым, иңир, сенин изиңди” (40-бет) – деп иңирдин изин издеп тирүүчүлүктүн түмөн түйшүгүндө өмүрдүн изин жоготпоого далалат жасайт. Жашоонун тең салмагын кармап туруу үчүн иңирин издейт. Бул издөө же изденүү акынга ийгилик алып келип, “…Жадыбалдай жат болормун жамыга,
Сөзү болуп уккулуктуу обондун” (13-бет) – деген “Таңды тостум” аттуу ырындагы өзү самаган изги тилегине жеткирери шексиз.
Орозалиева Ж. М., филология илимдеринин кандидаты
Пайдаланылган адабияттар:
1. Станалиева Г. Иӊир: Ырлар. – Бишкек, “Турар” – 2023. –112 б.
2. Киргизско-русский словарь/ Кыргызча-орусча сөздүк – Түзгөн: К.К.Юдахин. – Москва, “Советская энциклопедия” басмасы – 1965 – С.973
3. Гапаров М. Экөө ээн бакта: Повесттер, аңгемелер жана драмалар. –Б.: Турар –2009. –552 б. –286-б
4. Байтемиров Н. Махабатым – канатым. – Фрунзе. –1981. – 232-б.
5. Осмонов А. Тандалган чыгармалар. 1-том. – Бишкек, “Салам” –2014.–596 б.
6. А.Эгембердиева “Жамгыр калсын эсимде…” же аптапта сергиткен элестер И. Арабаев ат. КМУнун Жарчысы 2024.
Рецензент: филология илимдеринин доктору, профессордун м.а. Эгембердиева А.А.
