Кайыптар

5/5 - (1 добуш)

Жолго чыксаң алыска сапар алып,
Жолу бирге кошулса катар алып.
Жолдош болсо тааныган, тааныбаган,
Кудай кошкон ал адам сапар-кайып…

Эки дүйнө бир болуп оттой жанып,
Эки жарым бир бүтүн күйөө-зайып.
Эркек аял бир-бирин көрбөсө да,
Эгем буйруп баш кошсо нике-кайып…

Бир тамчыдан жаралып уруктанып,
Бир келебиз дүйнөгө октой жанып.
Төлгө ташын тартсаң да күмөн болуп,
Төрөлөөрү белгисиз бала-кайып…

Көр оокат деп жыйганы артта калып,
Көр ичинде жай алып жатаар барып.
Көр пендебиз кай күнү жаза тайып,
Көз жумаарың белгисиз, ажал-кайып…

Аалымдардын сөзүнөн баян алып,
Акыреттен кээ күнү аян алып.
Ар адамга ачылбай парда тагып,
Аркы аалам белгисиз дүйнө-кайып…

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген