Капсалаңдуу бороон
(аңгеме)
Токойчу Бекмырза ити Актөштү ээрчитип, жаңгак токою жыш жана бийик өскөн Ой-Караганга жол тартканда асмандын бети түнөрүп, тоо тараптан соккон ызгардуу муздак шамал адамды ичиркентип, айлана-теребел кар жаачуудай бозоруп турган. Аба ырайынын кескин өзгөрүп бузулушу Бекмырзаны Жалгыз-Жаңгак токой бөлүмүндөгү жаман кепесине барууга мажбур кылып турду.
– Балким, бүгүнчө коё турарсың абышка, күндүн түрү да жаман болуп, бузулуп турат? – деди кемпири Саадат колундагы түйүнчөгүн чалына сунуп жатып.
– Жатып калайын деген оюм жок кемпир, барып эле кайтамын. Асан кайгы тартып, таң заарынан эле камтама болуп, сар-санаага чөгө бербечи,- деди айткан сөзүнөн такыр кайтпаган кемпирдин кежир чалы. Жаңы жылга саналуу гана күндөр калган. Үстү камыш менен жабылган токойчунун Жалгыз-Жаңгактагы кепесинде Жаңы жылга карата балдары менен неберелерине камдап койгон чакан белеги – токойдун береке ырыскылары: жаңгак, алма, алча, айвансары менен алмурут камдалган болчу. Өткөндө барганында эле ала келсе болмок, бирок отунга кызыгып кетип, жер-жемиштерди алып келүүнү кийинкиге калтырган эле. Кар калың жаап салса ал жакка жетүүнүн өзү накта тозокко айланмак. Азыр алып келип албаса, жаңгактан башкасынын баарын үшүк уруп кетери анык.
Айтылуу Арстанбап-Атага канатташ жайгашкан Жай-Терек токой чарбасы өзгөчө сөз менен айтып бүткүс, табиятта кайталангыс керемет жер. Бул чөлкөмдө кар апрель айына чейин кетпейт. Анан жергиликтүү калк 9-Май – Улуу Жеңиш майрамын өткөрөрү менен жапа тырмак картошка олтургузууга кам көрүшөт. Картошканы олтургузуп, отоо чөптөрдөн гана арылтып, чаап турсаң болгону. Сугарат болчумун деп түк башыңды оорутпайсың. Айтылуу Бабаш-Ата тоосуна топудай булут келсе көз ачып жумгуча өткүн куюп, жамгыр төгүп өтөт. Абасы өтө салкын жана мелүүн келет. Айтор, күз келгенде картошканын берекелүү мол түшүмүн казып, жыйнап алганга гана үлгүрүп калсаң болгону. Ал эми картошканын өзгөчөлүгүндө сөз жок чиркин. Татсаң барбы, даамы таңдайында калып, тим эле оозуңда эрип кетет. Ошондон уламбы Жай-Теректин картошкасы базарда көпкө кармалбайт. Эл баасына деле назар салышпай тез эле сатып алышып, бат эле соодалап, талап кетишет.
Ал эми бүт айлана алтын түскө бөлөнгөн күз мезгилинде Жай-Теректин токоюн аралап калсаң барбы чиркин, өзүңдү кудум бейиштин керемет төрүндө жүргөндөй туясың. Сары, кызыл, көгүш тарткан алчалар бутактарында мончоктой салаалаган жапайы алмалар менен алмуруттар, сапсары айвансары, кызыл жана кара түстөгү долоно менен кара-көгүш тарткан изирик, карагаттар менен бүлдүркөндөргө көз кумарың канбайт. Бут алдыңда төгүлүп, чачылып жайнап жатканы канча дейсиң. Айтор, табият ырыскылары адамдарга дагы, паранда куштарга дагы, жапайы жаныбарларга дагы кеңкесири кенен жетет. Кудайым бул жерге ырыскысын аябай мол жана кенен чачкандай. Октябрь айынын келиши менен жаңгак терим башталып, элдин көбү өздөрүнө бөлүнгөн токой аянттарында жаңгак жыйноо менен алпурушуп жатып калышат. Алтын сымал саргыч-кызгылтым тарткан жаңгакты канчалык арбын терип, токой чарбага көп тапшырсаң, ошончолук акчага да маарыйсың.
Апаат алып келген согуш жылдарында калктын башына түшкөн оор ачарчылык менен катуу каатчылыктан ушул аймактагы эл-журтту кыргыз жаңгагы баш болгон токой ырыскылары сактап калгандыгын согуштун азап-тозогун өз баштарынан кечирген улуу муундагылар азырга чейин дастан катары даңазалап айтып келишет. Жараткан Теңирим кыргыздарга башынан ак кар, көк муз кетпеген улуу Ала-Тоону, касиеттүү Ысык-Көлдү жана жаңгактуу Арстанбап, Кызыл-Үңкүр жана Кара-Алма аймактарын тегин жеринен ыроолобосо керек.
Токойчу Бекмырза ушул ишинде дагы бир жыл чыдаса ардактуу эс алууга – пенсияга чыгат. Анан аздектеп келген ишин башка бирөөгө өткөрүп берет. Анын бир өкүнгөнү үч уулунан бирөөсү дагы ата кесибин кадырлап сыйлабады, колдон өткөрүп алайын деп токойчулукка кызыгышпады. Токойчу түш оой Жалгыз-Жаңгактагы кепесине жетип келгенде күн ансайын суук тартып, алгачкы кар учкундары теребелге учкундап, сампарлай жаай баштады.
Ушул тапта жогору карай из кууп, шимшилеп ойноп кеткен Актөштүн капысынан эле арсылдап үргөнү жаңырып калды. Артынан эле шакылыктаган сагызгандын сайраганы угулду. Ит менен сагызган коён же түлкү көрүп калган го деген ойдо Бекмырза бир аз дем алганы кепенин ичиндеги кургап калган калың жаңгак жалбырактарынын үстүнө жамбаштай жатты. Жаңгак терими башталган октябрь-ноябрь айларында Бекмырза үй-бүлөсү менен ушул жерди баш паанек кылышып, айрым күндөрү түнөп дагы калышчу. Ылай менен жасалган мештин үстүнө чоюндан эки көздүү казан аскыч коюлуп, оокат жасаганга ыңгайлаштырылып, жакшы шарт жаратылган. Андай кылбасаң кечки күздүн суугу сай-сөөгүңдү какшатып, бат эле шаштыңды кетирип коёт.
Актөш арсылдап үргөнүн баспай, сагызгандын болсо жарышкандай шакылыктап сайраган үнү – жака белдеги айлана-теребелге тынбай жаңырып жатты. Кабатырлана сыртка чыккан Бекмырза тизеден келген карды жирей, ити үрүп жаткан тарапка аргасыз кадам шилтеди. Баяраакта учкундап жаткан кар эми кадимкидей күчөп, сабалап жаап кирди. Шамал дагы улам катуулап ышкырып, арты бороонго айланчуудай түнөрүп турду. Бекмырзанын башында азыр бир гана ой – бороон-чапкын башталганга чейин тезирээк артка – айылга кайтуу керек деген гана ой-мүдөө турду. Карды улам жиреп жогору карай кадам шилтөө пайгамбар жашындагы Бекмырза үчүн кыйла эле азапка турду. Азыр анда жаш кезиндегидей чапчаң күч-кубат жок эле. Актөш болсо үргөнүн токтотпой, дале ээсине жан-алы калбай арсылдап үрүп, чакырып жатты. Күшүлдөй-бышылдай өргө карай акырындап жылып жатып, Бекмырза өзүнөн бута атымдай алдында турган итин көрдү. Ээсинин келгенине жетине албай демденген ит ансайын күчөп, ого бетер борсулдап үрүп, бирде Бекмырзаны, бирде өзүнүн бут алдындагы ойдуңду карай, арсылдап үргөнүн баспай жатты.
– Дагын эмнени көрө калдың, шайтан алгырдыкы? – деген Бекмырза жактырбаган түрдө ити үрүп жаткан тарапка кадам шилтеди. Алгач Бекмырза көргөн көзүнө ишене албай, турган ордунда таштай селейип катты да калды. Жүрөгү шуу этип, опкоолжуй түштү. Ал түгүл денесин майда калтырак басып, маңдайынан муздак тер чыгып, катуу коркуп кетти. Бекмырзанын так маңдайында, он кадамдай ылдыйда саргыч түстөгү тончон жаш бала карга буланып, өлүк же тирүү экендиги билинбей, көмкөрөсүнөн сулк түшүп, кыймылсыз жатты. Бекмырза ойлонбостон ылдыйга боюн уруп, кар менен томолонуп-жумаланып жатып, балага бачым жетип барды. Баланы жаткан жеринен оодарып, чалкасынан жаткырды. Анын бети-башы купкуу тартып, колдору аябай муздап, үшүп калыптыр. Ал баланын колдору менен буттарын ушалап, аны аз да болсо жылытууга жандалбастап, аракет кыла баштады. Баланын жүрөк тушун колу менен басып, анын мурдун бекитип, оозу аркылуу жасалма дем алдыра баштады. Ушундай бир канча аракеттерден кийин ал баланын колун кармап, тамырдын алсыз согуусун сезди. Бул Бекмырзага жаңы үмүттүн отун жандырып, ага ишеним берди, кошумча жаңы күчтү жараткандай болду. “Аракет текке кетчүүдөй эмес. Болгону, азыр убакыттан уттурбай, тез жана ыкчам кыймылдоо гана керек”, – деген ал баланын жүрөк тушун улам колу менен катуу басып, коё берип, оозу аркылуу үйлөп, жасалма дем алдырууну тынбай уланта берди. Арадан канча убакыт өткөнү белгисиз, бир маалда баладан кыңкыстагандай алсыз үн чыккансыды. Жети-сегиз жаштардагы бала акырын көзүн ачып-жумуп, ага кайрадан жан киргендигин туюндурду. Баланын кан тамыры эми бир калыпта согуп кирди. Ажал оозунда жаткан балага кайрадан жан кирип, өмүр шамы тутанганына, тирүүлүктүн шарданы кайрадан жаш денеге кайткандыгына Бекмырза жетине албай сүйүнүп, жүзү ансайын албарып, тулкусу кубанычтан улам балкып, жүрөгү сүйүнүчтөн ансайын толкуп ташып чыкты.
– Жарык дүйнөгө экинчи ирет кийимчен төрөлдүм дей бергиниң, азаматым, – деген Бекмырза балага мээримин төгө жайдары карады.
– Бул үчүн сен Актөшкө миң мертебе ыраазы болушуң керек. Ал болбосо сени түк тапмак эмеспиз, – деген Бекмырза телегейи тегиз болуп, өзүнчө эле күлмүңдөп, сүйүнүп жатты. Ал капсалаңдуу бороондун кадимкидей күчөп киргендигин, айланага караңгы иңир түшө баштагандыгын эми гана байкады. Ал эми буга чейин шакылыктап сайрап жаткан сагызгандан болсо дайын дагы жок, үн дагы жок, кышкы токойго биротоло сиңип кеткен болчу.
Токой ичиндеги кар күрткүсүнөн табылган баланы Бекмырза кепесине алып киргенде сырттагы брооон-чапкын кадимкидей күч алып, борошолоп көз ачырбай сабалап жааган карды катуу шамал улуп-уңшуп коштоп, бороон тынбай “боздоп” жатты. Кудай жалгап, асма чыракта керосин майы менен билиги бар болуп чыкты. Баланы жаткырып, үстүнө өзүнүн тонун жапкан Бекмырза мешке от жагуунун камылгасын көрө баштады. Бороондон далдоо жерге кирген Актөш дагы башын жерге жөлөй, Бекмырзанын кыймыл-аракетине жана токойдон табылган бала тарапка көз салып, үргүлөп мелтирейт. Ал бүгүн улуу эрдик иш жасагандыгын али жакшы аңдай да, туя да элек болчу. Маал-маал гана эстегендей оозун ачып, ээсинен насибесин күтүп жатты.
Күн мурунтан кургак отун даярдалгандыктан, мештеги от тез эле күйүп, кепенин ичи дароо ысып чыкты. Мешке коюлган суу дагы бат эле кайнап чыкты. Чай демдеп, кемпири карматкан торбо баштыкчаны ачты эле андан тандырга жабылган бир нан, жарым банка каймак менен эки даана сары нават чыкты. Бекмырза камкор кемпирине ичинен чындап ыраазы болду. Анын баарын дасторконго коюп жаткан Бекмырзага баланын бул жерге, алыскы ээн токой ичине кандайча адашып келип калгандыгына такыр акылы жетпей турду. Рождествого карата чет элдик туристтер Арстанбапка кышында келип, эс алып кетишерин жакшы билчү. Бирок, деңиз деңгээлинен 2400 метр бийиктикте жайгашкан Шамалдуу-Кырга саякатчылар менен туристтердин мурда-кийин келгендигин негедир такыр эстей албай койду. Жообунан дагы суроолору көп, мазени алган ар кандай кыжаалат ойлор ага тынчтык бербей, башын оорутуп чыкты. Күтпөгөн жерден чоочун түшүнүксүз, тили буруу, болгондо да кыз баланын таттуу назик үнү ага атайылап кайрылгандай туюлду. Окуянын мындай күтүүсүз уланышын ныпым күтпөгөн Бекмырза заматта далдайып, ордунда селейип туруп калды. Артына бурулган токойчу тондун үстүндө аны таңыркоо менен тиктеп турган жылдыздуу кичинекей кызды көрдү. Ал өзүнүн наристе ширин тилинде – баланын балдай таттуу тилинде бир нерселерди Бекмырзага чулдурап, божурап безелене төгүп, колу менен жаңсай, бир нерселерди түшүндүрүп кирди.
– Сөзүңдү түшүнсөм кудай урсун, садагасы, айткандарыңдан эч нерсени түшүнгөнүм жок. Эми мага ушул эле жетишпей турду эле, – деген Бекмырза ийнин куушурду. Мен деле эч нерсе түшүнгөнүм жок дегенсип, Актөш дагы “аф”, – деп жеңил үн кайрып, жаткан жеринен чочугансып башын көтөрүп, экөөнү алмак-салмак тиктей туруп калды.
– Мен, Бекмырзамын, – деген ал сөөмөйү менен өзүн көрсөттү.
– А бул болсо Актөш, – деген ал колу менен итти көрсөттү. Анан ал сөөмөйүн менен кызга туштай ага кайрылды:
– Сен кимсиң, атың ким болот?
– Мишель, – кыз өзүнүн ысмын так жана ишенимдүү айтты. Мунусуна өзү дагы корстон боло аябай сүйүнүп кетти. Бирок, даана калети жана кызык иш эми башталмай болду. Бекмырза болсо өзүнүн ата-бабасынын тилинде – кыргыз тилинде, кичинекей Мишель болсо өз эне тили – француз тилинде, ал эми Актөш болсо жаныбарлардын үйүтүндө – итчесинен үрүп коюп, бирде ээси Бекмырзаны, бирде кар күрткүсүнөн табылган кичинекей чоочун кызды тиктей, чочугансып анда-санда борсулдап үрүп коюп, бейкапар жатты. Үчөө арбашып, бирин-бири жаңсаша, жылуу маанай менен күтүнүп жатышты. Мишелдин ата-энеси азыр кандай абалда сыздап-зарлап жатышканын Бекмырза ата катары жан-дүйнөсү менен туюп, сезип жатты. Ырас, жоголгон кыз аман-соо табылганын уюлдук телефону аркылуу тез кабарлоосу керек. Бирок кантип кабарлайт. Кепеден уюлдук телефондун антеннасы такыр кармабайт. Бурганактай күчөп, көз ачырбай сабалап жаап жаткан кар, катуу шамалдан улам улуп-уңшуп жаткан бороон-чапкында Бекмырза кепеден бир кадам дагы сыртка жыла албасы анык. “Бороон бир аз басаңдасын, анан уюлдук телефондун антенасы кармай турган жерди сөзсүз табамын, азыр тобокелдикке барууга такыр болбойт”, – деди ал өз ичинде. Кантсе да ал бороондун басаңдашын күтүүнү туура тапты. Анын башка айласы дагы жок эле.
* * *
Рождество майрамын француздар – Помпендердин үй-бүлөсү Арстанбапта экинчи ирет өткөрүп жатышат. Аялы Роузи менен жети жашар Мишель экөөлөп Помпенди быйыл дагы Кыргызстанга келүүгө зорго үндөп, суранып жатып араң көндүрүшкөн.
– Бүгүн пансионаттын өзүндө эле бололу. Интернетте кар жаап, арты катуу бороонго айланат, – деп жазыптыр деди Роузи күйөсүнө.
– Мейли, жаным, сен бул жерде эле болгунуң. А биз болсо Мишель экөөбүз кышкы тоонун кереметтүү жана айбаттуу көрүнүшүнөн фотоаппарат менен эки-үч сүрөт тартып келе коёлу. Менин сунушума кандай дейсиң менин принцессам? – деген Помпен кызына кайрылды.
– Жаным менен атаке, сиз кайда болсоңуз, мен дагы ошол жактамын менин бийик жана улуу даражалуу королум! – деген Мишель атасынын мойнуна кучактай эркелеп асылды.
– Түшкү тамакка кечикпей келип калгыдай болгула? – деген Роузи француз тилинде чыгуучу түстүү “Burda” мода журналын барактап окуп кирди. Моторлуу лыжа чанасын от алдырган атасы менен кызы пансионаттын батыш тарабындагы Бел-Теректин жолу менен тоону көздөй – Бабаш-Ата тоосуна карай, бийик адырларга карай өрдөй жол тартышты.
Көзү уйкуга илинип кеткен Роузи катуу шамал терезенин форточкасын тарсылдатып, катуу ачып жибергенден улам чочуп ойгонуп кетти. Сааттын жебеси он эки жарымды көрсөтүп туруптур. Ашканага жол тарткан ал сырттан бурганактап жаап жаткан карга кабылды. Ал күйөөсүнүн уюлдук телефонуна чалды эле “Абонент убактылуу байланышта эмес” деген жооп угулду. Роузи алдына келтирилген тамактан ооз да тийбестен, кышкы лагердин директору Закир Нурматовдун иш бөлмөсүнө учуп жетип барды.
– Закир Сагынбаевич, күйөөм менен кызым түшкү тамакка келип калабыз дешкен болчу. Ашканага барсам алар дале келишпептир, телефон чалсам байланыш болбой жатат. Жүрөгүм негедир түпөйүл тартып, кандайдыр бир жамандыкты сезип жаткандай, дегин алар бөөдө кырсыкка чалдыгышпады болду бекен,- деген Роузи шолоктоп ыйлап кирди.
– Шашылбай жай түшүндүрүңүзчү, бай болгур, – деди француз тилинде эркин сүйлөгөн Закир Сагынбаевич. – Алар кайсыл маршрут менен саат канчада лагерден чыгып кетишти эле?
– Саат тогуздан өтүп калган болчу. Помпен фотоаппарат менен тоонун кышкы көрүнүшүн тартамын деген болчу. Бирок, кайсыл маршрут менен барарын айткан эмес, – деди көз жашын бет аарчысы менен арчыган Роузи. Чет элдик туристтердин дайынсыз жоголгондугу туурасындагы шашылыш кабар түштөн кийин, кышкы бороон-чапкын күч алгандан кийин гана бардык аймактарга ыкчам таратыла баштады. Куткаруучулардын иш аракетине капсалаңдуу бороон бир топ эле тоскоолдугун жана кедергисин тийгизип, кошумча кыйынчылыктарды туудуруп жатты. Ушул тапта өмүр менен өлүм маселеси канжыгада байланып турду…
Помпен моторлуу лыжа чанасын Шамалдуу-Кырдын үстүнө айдап барганда Бабаш-Ата менен Арстанбап-Атанын туман каптаган тоо кыркалары такыр көзгө көрүнбөй, бозоруп турду. Канчалаган мээнети менен аракети куру текке кеткендигине Помпендин жаны кашайып, зээни кейип турду.
– Мишель, сен чананын жанынан жарым карыш дагы жылбай туруп тургунуң. Мен болсо тээтигил кардан уркуюп чыгып турган чоң таштардын сүрөтүн тартып келе калайын, – деген ал капталдай басып, ылдыйлап түшүп кетти. Арадан анча деле көп убакыт өткөн жок. Көз ачып-жумгуча Мишелди аябай таң калтырган, бир чети кызыктуу дагы, бир жагы өтө коркунучтуу дагы күтүүсүз окуя болуп кетти. Бир учу уюлгуп асман тиреген, бурганактап куюндаган аппак кардын коркунучтуу калдайган куюну күтүүсүздөн теребелди алай-дүлөй түшүрө, заматта Мишель менен моторлуу лыжа чананы ордунан камгактай гана жеңил көтөрүп, чимирилте айлантып, көз ачып жумгуча ичине оп тартып, өз ичине соруп алып кирип кетти. Алаамат уюлгулаган куюндун ичинде айлан-көчөк болгону, белгисиз туңгуюкка сорулуп кирип баратканы гана кыздын эсинде калды. Мишель өзүнө келип, көзүн ачканда, от жагылган жылуу кепеде тон жамынып жаткан эле…
* * *
Бекмырза тандырга жабылган бир сындырым нанга каймак сүйкөп, Мишелге сунду. Кыз чындап эле ачыгып калган экен, нанды бурдай сугуна жей баштады. Бир пиалага чайдан куюп, ичине набат салып, кыздын алдына жылдырып койду. Бир маалда кичинекей Мишель өз тилинде бир нерселерди чулдурап, башын Актөш жакка жаңсап, ийкеп койду. Бекмырза анын көз карашынан: “Итке эмнеге нан берген жоксуң?”, – деген суроону таасын туйду.
– Бул бороонуң түшкүр канчага созулат, аны бир кудай билбесе, башка эч ким билбейт. Нанды бир аз үнөмдөйлү деп жатпаймынбы, – деген Бекмырза өзүнчө күңкүлдөгөнү менен Актөшкө дагы нандан сындырып, алдына таштап койду. “Абдан туура кылдың!”, – дегендей токойчунун “таап алган чоочун кызы” ага ыраазы болгондой жылмая карады. Бекмырза жаңгактан чагып, анын даамдуу маңыздарын Мишелге сунду. Актөштү да капа кылбай, анда-санда таштап, өзү дагы маңыздан татый олтурду. Сыртта болсо дүйнөнү алай-дүлөй түшүргөн бороон дале басылбай, катуу шамал улуп-уңшуп, боздоп-сыздап “ырдап жана бийлеп” жатты.
Эртеси Бекмырза Мишель менен Актөшкө чайын берип, өзү дагы бир азырак өзөк жалгады. Андан соң кийинип сыртка чыкты дагы узундугу төрт кулачтай келген, жоондугу адамдын билегиндей болгон акчечекти кесип келди. Анын бутактарын шашпай бутап, түп жагындагы жоонурак келген бутагынан илмекей ача жерин кеспей калтырып койду. Кайра кепеге кирип, мешке жаңылап отун салып, анан Мишель менен Актөшкө кайрылды:
– Мен “чоң жер” менен байланышка чыгууга аракет жасайын. Кол куушуруп олтургандан эч кандай пайда жок. Ата-энең дагы сен жөнүндө ойлой беришип, аябай түпөйүл тартышып, учу-кыйры жок сарсанаага батып жатышкандыр. Күткөндөн жаман нерсе жок. Нан менен жаңгак бул жерде, – деген токойчу Мишелге кол баштыкты көрсөттү. Алма менен алчалар болсо тигинде деген Бекмырза боз сатинден тигилген жана асылып турган торбону көрсөттү.
– Эшикти болсо сыртынан бекитип кетемин, – деген Бекмырза уюлдук телефонун чөнтөгүнөн сууруп чыгып, кыз менен итке карап, аны кулагына такады да анан калпка эле:
– Алло, алло, бул мен, Бекмырзамын, – дегенде кичинекей Мишель балалык аруу таза дилинен курсант боло кыткылыктап күлүп жиберди. “Аф-аф”, – деген Актөш дагы Мишелди коштогонсуп, көңүлкош үн кайрыды.
Бороон кечегидей күчүндө болбосо дагы бирде жайлап басаңдай, бирде кайра бурганактап күчөп, дале тынбай ызылдап, улуп-уңшуп жатты. Карылыкка акырындап моюн суна баштаган токойчу Бекмырза Шамалдуу-Кырды карай калың карда ташбакадай болгон жай жылыш менен акырын кыбырап жүрүп олтурду. Жалгыз-Жаңгакты туштаган жерден уюлдук телефондун байланышы кармашы керек. Бороондон улам пайда болгон ар жердеги дөмпөйгөн кар күрткүлөрү Бекмырзанын өргө карай жүрүүсүнө кыйла кедергисин тийгизип, тоскоолдук жаратып, кошумча азап-түйшүккө салып кыйнап жатты. Илмеги бар акчечектин пайдасы ушул жерден аябагандай пайдасы тийди. Турган жеринен 3-4 кадам алдындагы алма же долоно дарактарына илмекти иле коюп, өзү ага тартылып алга жыла баштайт. Арадан бир топ убакыт өтсө дагы болгону араң гана бир чакырымга жетпеген жол жүрүптүр. Токойчу чалкасынан жатып, бетин майдалап жаап жаткан карга тосуп, бир аз демин алды. Бирок, жакшы жери улам адырга карай өрлөгөн сайын кар күрткүлөрү улам жукарып, басыш дагы кыйла жеңил тарта баштады. Адырлардын боорундагы карларды бороон-чапкын шамал кокту-колотторго учуруп, туш келди сапырып салаарын карт токойчу Бекмырза жакшы билчү.
Акыры өжөрлүккө салган Бекмырза Жалгыз-Жаңгактын тушуна дагы жетип келди. Топтошуп чогуу өскөн төрт түп жапайы алманын жанына токтоп, дагын кичине демин басып, бир аз эс алды. Анан койнуна колун салып, төш чөнтөгүнөн уюлдук эски телефонун аярлай кармап, этияттай аздектеп сууруп чыкты. Кеп төркүнү эми анын иштешинде, байланышты ишенимдүү камсыз кылып берүүсүндө калды.
“Каба айылындагы касиеттүү Дөөтпирим, өзүң колдой көргүнүң. Каралдым балам деп ботодой боздоп жаткан эненин сай-сөөгүн бөөдө сыздатпайлы, энеси менен кызын тезирээк табыштырып, сар-санаасын басалы, өзүң колдой көргүнүң, оомийин!”, – деген Бекмырза темирдин пири болгон Дөөтү пайгамбардан жардам сурап, бата кылды.
Бекмырза уюлдук телефонун жандырды эле кудай жалгап, байланышты камсыз кылуучу бардык белгилер жымырап тегиз талааланып жана түштү. Ал ойлонбостон 112 номерин шашыла терип кирди. Телефондон аял кишинин: “Куткаруу кызматы Сизди угуп жатат, сүйлөңүз, эмне болду? – деген жагымдуу жумшак үнү Бекмырзанын кулагына жаңырды.
– Бул менмин, кызым, токойчу Бекмырза Жаныбековмун. Жоголгон кичинекей Мишель мени менен. Ата-энесине кабарлап койгула, андан эч камтама болушпасын, аман-соо экен дегиле, – деген токойчу дагы эмне дээрин билбей токтоп туруп калды.
– Абаке, оозуңузга май! Сиздин бул жакшы кабарыңыз азыр эле дүйнөнүн төрт бурчуна бачым тарайт. Эки күндөн бери ондогон куткаруучулар менен милиция кызматкерлери жана ыктыярдуу жардамчылар түп көтөрүлө Жай-Теректин токоюн тинтип, кызды издеп таппай жүрүшпөйбү? Абаке, Сиз мага кайсыл жерде турганыңызды дагы бир ирет тактап, кайталап коюнузчу? – деди байланыштагы кыз.
– Жакшылап уккунуң, кызым, Жедигер айылынан Бел-Коргонго чыккандагы Ой-Караган колотунун баш жагындагы Жалгыз-Жаңгак деген жери. Жай-Терекке аша бергендеги Шамалдуу-Кырдын алдында. Токойчу Бекмырзанын жаман кепеси кайсыл жерде деп сурасаңар, айылдагылар деле тегиз айтып беришет, – деди дасыккан иш билги токойчу.
– Абаке, абдан жакшы болбодубу. Мен айткандарыңыздын баарын жазып алдым. Азыр Сиз телефонду өчүрүп, үч-төрт мүнөт күтө туруңуз. Мен өзүм кайра Сизге байланышка чыгамын. Куткаруучуларга изделип жаткан кыз сак-саламат табылгандыгын кабарлап, сүйүнчүлөп коёюн! – деди байланыштагы кыз жакшы маанайын билгизип.
Уюлдук телефонун өчүргөн Бекмырза кимдир бирөө анын желкесинен оор жүктү ыргытып алып салгандай кыйла жеңилдей түшкөндүгүн сезди. Жаны жай алып, жан дүйнөсү кадимкидей сергий да түштү. Анан кайрадан уюлдук телефондун үнү шыңгырады.
– Угуп жатамын, – деди Бекмырза.
– Урматтуу абаке, Сиз менен Жалал-Абад областтык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы, майор Канжарбек Кудайбердиев сүйлөшүп жатат. Табигый кырсыктан – кышкы катуу бороондон баланын өмүрүн сактап калгандыгыңыз үчүн Сизди мамлекеттик сыйлыкка сунуштаймын. Азыр Сиз турган жерге эки куткаруучулар командасы менен медициналык кызматкерлер жөнөп кетишти. Алар бир саатка жетпей барып калышат.
– Оо, рахмат, уулум. Адамдын амандыгы, пенденин жакшылыгы Алланын сүйүнүчү, сыйлык пендесинин берген энчиси. Ал буйруганга тийер. Бул жазыксыз бейтааныш адашкан кыздын ата-энесине кабарландыбы? – деди токойчу Бекмырза.
– Ооба, кабарланды, абаке. Алардын дагы санаалары тынып, өз адетинде ариет салтына ылайык бир кудайга сыйынып, жаратканга миң мертебе тооба келтирип, сүйүнгөндөрүнөн улам көз жаштарын тыя албай, сизди алкап олтурушат. Булар деле биздей пенде эмеспи, жаратканга табынган. Жан-дүйнөнү жарган толкун, көз жаш менен коштолуп, акжолтой кучак жайып амандашар кездешүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Сизди кудайындай акжолтой санашып, өзүңүз менен кызын жолуктурчу көз ирмемди эки көздөрү төрт болуп, зарлап чыдамсыздана күтүшүүдө. Канаттары болсо азыр эле сиздин жаныңызга учуп баруучудай, абаке. Өзүмдүн атымдан дагы бир жолу Сизге терең ыраазычылыгымды билдиремин, жолугушканча саламатта болуңуз , аксакал, – деди майор.
…Көңүлү көлдөй толкуп, маанайы кыйла көтөрүлгөн Бекмырза эми кепедеги “таап алган” кичинекей кызы Мишелди, акжолтой ити Актөштү чындап көргүсү келип, аларды аябай сагынгандыгын ачык туйду. Ал кепе тарапка ишенимдүү кадам шилтеди. Бороондун күчү кайтканы менен кар болсо дале басылбай бир калыпта сампарлап, жакшылыктын жышаанын ыроолоп жаткансыды…
