Карачы эми…
Сени ойлоп уктап, сени ойлоп кайра ойгонгом,
Ойлобой сени өткөргөн күнүм болбогон.
Ээликкен сезим ээ бербей акыл эсиме,
Ар-намысымды аёосуз кыйнап кордогом.
Сагынган жүрөк сабалап сага жөнөсө,
Барк албай анча тоңдоосун болуп койчу элең.
Илеби кайтпай антсең да ысык сезимдин,
Кайгырып көпкө аябай ыза болчу элем.
Арбалып жүрөк “алтыным” деген сөзүңө,
Угууну эңсеп, зарыгып, солуп күткөмүн.
Уга албай көпкө, күтүүдөн жаным алсырап,
Какшыган чөлгө окшошуп такыр бүткөмүн.
“Алтының” болгон окшоймун балким колдогу,
Сен үчүн анда анчалык баркым болбоду.
Бөксөрө берип сагыныч менен күтүүдөн,
Мендеги сүйүү чөйчөгү кайра толбоду.
Карачы эми, көңүлүм жибип турганын,
Жалооруп мага ийилип турган адамга.
Ак ниет багбан сугарган жерге окшоштум,
Таптакыр кургап гүлдөрү соолуп каларда.
Жок дегим келбей жолугушууга сөз бергем,
Сезгендей сен да телефон чалып калыпсың.
Үзүлүп түшпөй үнүм да супсак чыкты окшойт
Ан сайын такып жайымды сурап алыпсың…
Карачы эми!..

