“Көл шоокуму тынчтыгымды уурдаган…”
* * *
Көл шоокуму тынчтыгымды уурдаган,
Көөдөнүмдү жарып чыккан кусалык.
Кай жактарга кетсем экен дарексиз,
Келчи ак куум алыстарга учалык.
Түн уйкудан безе качтым негедир,
Тыңшап жаттым, сыртта жаштар бийлөөдө.
Тынчы кетип жүрөгүм да түпөйүл.
Түйшүк түшүп тыптынч жаткан дүйнөмө.
Төрт сап жазчы, мемиреп бир уктайын,
Түгөл өңдүү төрт тарабым келишкен.
Түрсүлүнөн кулак тунат жүрөктүн,
Тынчтык таппай турат билбейм неликтен?
А сен…
Ыр жазыпсың, окубастан уктапмын,
Ыргагында төгүлүптүр сагыныч.
Ырдап жатты бактылуудай жан дүйнөм,
Ыраак калып жүрөктөгү таарыныч.
Ажайып кооз, сулуу дагы таң атты,
Ажарыма чыга түшкөн өңдөндүм.
Ал анткени саптарынан боорукер,
Алпейим да күлүп турган көз көрдүм.
Булут сындуу таркап бүтүн таарыныч,
Бир заматта жакшы жакка өзгөрдүм.
