Күндү тосуу

5/5 - (2 добуш)

Күндү тосуу – бакыт – күндү узатуу,
Шөкөттөлгөн кызгылт кымкап жабуусу.
Көз ирмебей тиктегенсийт, тиктешем,
Арбап күчү, термеп күйүп-жануусу.

Эбегейсиз мээрим таңдан чачырап,
Нур бейнеси алп да, айкөл, алпейим.
Миң кубулуп, сан түрлөнүп көрүнсө,
Чебеленем сөз таба албай анчейин.

Күн кечирип, түнгө жетүү – зор бакыт,
Сулуулугун сунуп турса Күн сулуу,
От илеби эртең кайра келет деп,
Жаңы күнгө, жаңы нурга умтулуу.

  • Өмүрлүк вазипам адабиятка байланыштуу. Кесибим кыргыз тил, адабият мугалими. Менчик мектепте иштейм. Андан тышкары корректура, редактура иштерин аткарам. Аспирантуранын 3-күрсунда окуп жатам.

    Колдоо көрсөткүсү келгендерге:

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген