Куса
Токуган тоодой максат жолдо калып,
Томсоргон жат калааны тосуп анан,
Кочуштап бара жаткан ыза муңга,
Кошумча кылып аны кошуп алам.
Жат жерде жаз мезгили жакпай жүдөп,
Жадымда калган тоонун жытын эңсейм,
Үлпүлдөк үмүт тоңуп туурулса да,
Үшүткөн мекенимдин кышын эңсейм.
Күн тийген жерде жүрөм күкүк болуп,
Ыр токуп ый аралаш ызам менен,
Кубулган мүнөзүмдү жолго таштап,
Кут кармап тоомо кайтам кусам менен.
