“Күтүп-күтпөй тосуп алып мен күздү…”

4.2/5 - (5 добуш)

* * *

Күтүп-күтпөй тосуп алып мен күздү,
Муң-арманды катып коюп жылмаюга.
Жашаймын деп басып өтүп тоо-түздү,
Жашай албай жаш жаным кыйналууда.

Жакшыга да, жаманга көнүп жүрөк,
Оорутпадым көңүлүн башкалардын.
Айтылбаган көп сөздөр өкүндүрөт,
Билбейм, кантип өзүмдү башкара алдым?

Жамап улам жарамды кырк жеринен,
Жан-дүйнөмдө өз жанын кыйган жылдар.
Күндөр өтүп жатат деп, күлгөн менен,
Жылдар өтүп жатат деп, ыйлагым бар.

Кагылгандан калганын өмүрүмдүн,
Жаныма жай, жакшына жашагым бар.
Көңүлүмдү өлтүргөн көк иримди,
Жашоо дебей, башкача атагым бар.

  • 1992-жылы Токтогул районунда туулган. Үй-бүлөлүү, эки баланын энеси. Учурда Москва шаарында жашайт жана эмгектенет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген