Селсаяк чалдай ботала,
Эски-уску, жыртык кийимчен
Күтөт Күз Кышты кечиккен…
Күткөндөн башка жок айла.
Күзгө окшоп мен да күтөмүн…
Бирок да такыр башканы –
Үзүлбөс Жашоо жышааны –
Келерки Жаздын көктөмүн.
06.11.2026
Журналист, акын, котормочу. 2021-жылы "Сүртүмдөр" ыр жыйнагы жарык көргөн.