Лев Толстой: “Каракчыларды жолго салган кыз”
(аңгеме)
Жалгыз кыз талаада уйларын оттотуп, кайтарып жүргөн. Кайдан-жайдан пайда болгон каракчылар аны кармап алып, жетелеп кетишти. Алар кызды токойдогу үйүнө алып барышты. Ага үйдү жыйыштырып, кийим-кечелерин жууп-тазалоону, жамап-жаскоону буйрушту. Ошентип, кыз каракчылардыкында күн өткөрүп жүрдү. Алардын табыштаган ишин аткарганы менен ал жерден кантип жылас болуунун аргасын таба алган жок. Каракчылар кайдадыр бир жакка жөнөөрүндө аны үйгө камап коюшчу.
Күндөрдүн биринде алар кызды адаттагыдай жалгыз калтырышып, өздөрү ар кайда кетишти. Кыз саман алып келип, андан куурчак жасады да, ага өзүнүн көйнөк-көнчөгүн кийгизди. Куурчакты көчөнү каратып, терезеге олтургузуп койду. Өзүнүн өнө боюна бал шыбап, куштун жүн-канаттарына оронуп-чулганганда, кебете-кешпири коркунучтуу кушка айлана түштү. Ал үйдөн терезе аркылуу ашып түшүп, качканга шашты. Жолго жаңы гана чыккан кезинде ага карама-каршы, бет маңдай жактан келе жаткан каракчыларга кезикти.
Каракчылар кызды тааныбай, андан минтип сурашты:
– Эй адам сымал сөлөкөт… Биздин кыз эмне кылып жатат?
Кыз:
– Ал кир жууп, кийим тигип, тамак жасап, каракчыларды айнек алдында күтүп олтурат, – деди да, жанагыдан бетер катуу жүгүрдү.
Каракчылар үйгө жетип келишсе, ырас эле терезенин жанында кимдир-бирөө жолду тиктеп олтурат. Алар ага баш ийкеп, таазим этишти да:
– Саламатпы, биздин кыз, эшикти ачып койчу, – деп үн катышты.
Анткени менен “кыз” аларга дегеле жүгүнбөй, жылбай, үн чыгарбай ордунда тим олтурат. Каракчылар куурчакты жемелеген болушту. Куурчак “кыз” кыймылдабайт, үндөбөйт. Каракчылар эми каалганы талкалашты да, кызды өлтүрмөк болуп, абайлап карашса, тиги сөлөкөт, тирүү кыз эмей эле, саман куурчак болуп чыкты. Каракчылар аны ары ыргытып ийип:
– Кыз бизди алдаган тура! – дешип, ындыны өчтү.
Кыз болсо, бул кезде дарыяга жетти. Жуунуп-чайынган соң, үйүнө кетти.
