МАИ
(аңгеме)
Нурбек Шалта айылына жээн да. “Шиньон” машинасын калдыратып айдап алып эле Шалтага бара берет. Же алардын малын базарга жеткирип берет, же өзү койлорун аларга апарып кошуп келет.
Бир күнү кошунабыз менен анын темирин жүктөп келгени тайларынын айылына кетишкен. Өзү деле өтө катуу айдабайт машинаны, ошентсе да капилет бурулуштан өтсө МАИлер бекинип турушуптур. Ышкырып токтотушат. Аларды көргөндө Нурбектин колдору калтырап кетмейи бар.
– Машинанын ичинде эмне бар? – деп эле опулдап кирет милиция.
– Темир, – дейт эрим.
– Эмне темир? – дегенде жооп бер дегенсип Нурбек кошунаны карайт.
– Мен жүктөтүп келатам?
– Сиз каякта турасыз?
– Менби, мен Ак-Өргөдө турам, эмне болду? – дейт коңшубуз.
– Түндө Шалтадан мал уурдалды, машинанын артын ачкыла, документиңерди көргөзгүлө, – деп корулдайт МАИ. Машинанын ичиндеги темирди көрүп:
– Муну эмне кыласыңар? – дегенде кошуна эмне кыларын айтат.
– А сенчи? – дейт тигиге, – түндө ичтиң беле?
– Жок, мен такыр ичпейм.
– Чектиң беле?
– Чекпейм дагы.
– Тамекичи?
– Ошо тамекини айтып атам.
– А мен нашааны сурап атам.
– Аа… жок.
– Кана үйлөчү?
– Фү-ү…
– Анан эмине колдоруң калчылдап атат?
– Силерди көргөндө эле ошенте берет.
– Соттолдуң беле мурда?
– Жок.
– Акчаң барбы?
– Жок.
– Жоктон башканы билесиңби?
– Жок болсо жок дейт да, кызык экенсиңер, – деп кошуна ортого кийлигишет.
– А сиз байке, документиңизди көрсөтүңүз, паспорт дайыма жаныңызда жүрүшү керек. Мал уурдаган машинаны издеп жүрөбүз. Биз аны каяктан тапмак элек. Силерди алпарып тапшырабыз, таптык деп, себеби документиңиз жок.
– Байке, кечирип койгула, экинчи келбейбиз, коё берип коюңузчу, – дейт эрим башын шылкыйтып күнөө кылгансып.
– Сенин колуң эмнеге калтырап атканын билмейинче коё бербейбиз, – дейт МАИ документтерин улам бир алаканына чапкылап.
– Байке, айттым го, силерди көрсөм эле ушинте берем.
МАИ Нурбектин батинкесин карап унчукпай туруп калат. Эски батинкеси темир жүктөп атканда илинип кетип тумшугу ажырап кетсе, аны зым менен ороп, байлап алыптыр. Андан мурун үйдө көмүр ташып аткан. Кебетеси укмуш эми, үстү башын, бутун карап туруп боору ачып кеткен МАИ:
– Сен жүрчү, биздин үйгө. Менин эски кийимдеримен берейин. Эптеп оокатыңы кыла бер, – дейт.
– Жок, байке, ракмат. Батиңкем азыр эле ажырап кетти. Үйдө көмүр ташып аткан жеримен келгем…
– Үйүң каякта?
– Ак-Өргөдө.
– Мен да Ак-Өргөдө турам, – деп экинчи МАИ сөзгө аралашат.
– Сизди билем, көрүп жүрөм, – дейт тигиним.
– Сенин үйүң каерде?
– Банянын жанында.
– Аа, кичикий времянкада турасыңбы?
– Жок, маңдайындагы үйдө…
– Калп айтпачы, маңдайында 2 кабат үй, эшик алдында “Джип” машина токтоп турат.
– Ошол үй меники, машина болсо кызыбыздыкы.
– Ыя де? – дейт берки МАИ, – анан эмне шөмтүрөп баятан бери байкуш болуп калтырап атасың, жыртык батиңкең менен. Келе чыгар бекиткениңден. Кызыңы нармалный машина апер дебейсиңби, эски Шиньонуңду тарактатпай.
Нурбек эмне дээрин билбей туруп калат. Каяктагы балээге кабылдым эле деп зээни кейийт.
– Кой эй, болду, бас кеттик. Булар менин коңшуларым экен, таарынып калышпасын, – деп экинчиси биринчисин колдон тартат.
Алар ушуларга кеткен кайран убакыт, же акча чыкпаса булардан дешкенсип кайра бурчка барып жашырынып туруп алышып өз милдеттерин өтөп калышат.
Кийинки “Жигулини” токтотуп атканда булар зымырап үйдү көздөй жөнөшөт.

БуКара эже сонун жазат, күлүп алдым. “Турсасын” окугандан бери кара сөзүн эч калтырбай окуйм.