Мен сени дүйнөдө жок жандай сүйдүм
Мен сени кандай сүйдүм? Кандай сүйдүм!
Мээримге муктаж болуп канбай сүйдүм.
Мезгилдер мерезденип жолдорумдун,
Каалгасын кулпулады, танбай сүйдүм.
Мен сени билесиңби кандай сүйдүм?
Сүйүүдө сенсиздикти чанбай сүйдүм.
Сезимди көрмөксөнгө салып алсыз,
Сагынып, көңүл муздап калбай сүйдүм.
Билерсиң бир кез, сени кандай сүйдүм,
Жаңы күн, агарган ак таңдай сүйдүм.
Шамалдай удургутуп көөдөнүмдү,
Төгүлүп токтобогон жаандай сүйдүм.
Жүрөгүм жалгыз сен деп кандай сүйдүм!
Жарыгын түнгө чачкан шамдай сүйдүм.
Бир убак келип кетип кармалбаган,
Бей капар, белгисиз беймаалдай сүйдүм.
