“Мен жашоону билбейм кантип сүйчүмүн…”

5/5 - (4 добуш)

* * *

Мен жашоону билбейм кантип сүйчүмүн,
Бүгүн укмуш бир сөз угуп үркүдүм.
Ооба, бирок мага ушундай бир күнү
Алдымдан бир тоо чыгаарын билчүмүн.

Зар болгонду адат кылган жүрөгүм,
Бар болгонго алдастады гүл өңүм.
Деңиз толкуп келип урду боюма
Балким эми мен адамча сүйөмүн.

Маңдайымдан сылагандай жараткан,
Мээрим мени курчады туш-тараптан.
Жаным бир аз тынчып турат мемиреп,
Өзүн тапкан өңдүү жолдон адашкан.

Мына, эми мен өзүмө теңештим,
Эми чындап мен өзүмө керекмин.
Тереңимди таппай кетсем дүйнөдөн
Мен өзүмдү кечире алмак эмесмин.

27.10.2026

  • Нарын облусунун Жумгал районунун Кызарт айылында туулган. КУУнун Кыргыз филология факультетин бүтүргөн. "Нурборбор" чыгармачыл бирикмесинин мүчөсү болгон.

    "Сырдуу дарак", "Үн", "Кыял", "Сезимбий" аттуу ыр жыйнактарынын автору. КР Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген