Мезгилге
Мерездиги жаным сыздатып,
Мезгил суудай колдон агылган.
Кечээги күн бүгүн чаң басып,
Эсебимден эбак жаңылгам.
Тагдыр жолум болуп белгисиз,
Түйшүктөрүм бүтпөйт узарып.
Ал чыйырда бакыт көрүнбөй,
Ал жолдордо жалаң кусалык.
Максаттардын чети көрүнбөй,
Кыялдарым киет кырмызы.
Качан жанат – деги билбедим,
Бакытымдын лаал жылдызы.
Мерездиги жаным сыздатып,
Мезгил кумдай колдон агылдың.
Желе басып күндү кечээги,
Эсебимден мен да жаңылдым…
