Ой толгоо
Кээде, эмнегедир, илхам кетип кайдадыр,
Сөздөр качып, ой бир жерге чогулбайт.
Жан дүйнөңдө болуп турса бурганак
Саптык ырлар бир бирине кошулбайт.
Кээде кармап жалкоолуктун белгиси
Көр турмуштун чеңгелинде кыбырап…
Жан дүйнөңдөн жаралган бир сезимдер
Жаратсаң, – дейт, – жакшы ырларды, – шыбырап.
Кээде өзүңдү алаксытып башкага,
Кээде чарчап, кээде изденип жатсаң да
Кайрыктарын адаштырып таба албай,
Кайра өчүрүп, кайра баштан жазганда…
Себеленип ойлор келип заматта,
Секунд сымал убакытты тапканда,
Сергип көңүл, куунак тартып маанайым,
Жакшы ырларды жаза калам баракка.
