Ошол жазым

5/5 - (3 добуш)

Жашыл кийген апрелде айлана,
Жан жыргатат салкын жели жана да.
Көчөт эгип, эмгек кылам шашылып,
Арасында эргүү келет жай гана.

Тээ мурунку сүйүү жазым элестеп,
Койгон өңдүү мандалагын бапестеп.
Булак сууга бара жатсам артыман,
Сен барчуусун “ат сугарыш керек” – деп.

Суу толгуча күтүп бир аз турчуубуз,
Салам берип араң колду сунчуубуз.
Сүрдөгөндөн жер карашып экөөбүз,
Жүрөктөрдүн дүкүлдөшүн укчуубуз.

“Кандай”, – десең “Жакшы”, – деген боломун.
Ички сырым айта албайм оболун.
Мындай күндөр канча жолу өтсө да,
Көп кезигип, кайра жолум тородуң. 

Сыр катсаң да “сүйөм” деген сөзүңдү,
Көрүп жаттым арман толо көзүңдү.
Балким мен да жазылгансып сүйлөсөм,
Жашоо болмок жаз айындай көңүлдүү.

Аттиң дедим, азыр эстеп жатамын,
Жазылбаган мүнөзүмө капамын.
Кат жазса да жооп бербей анчалык,
Дагы деле жан сырымды катамын.

  • 1973-жылы Базар-Коргон районуна караштуу Каба айылында туулган. Базар-Коргон РИИБдин кеңсе башчысы болуп иштейт. Кыргызстан Жазуучулар Союзунун мучөсү. “Дүйнөдө апам сулуу” жана “Жакшы сөздөр жаркыратсын ааламды” китептери жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген