“Жаркылдап жашай турган кезимде мен…”
* * *
Жаркылдап жашай турган кезимде мен,
Досума, касыма да кайдыгермин.
Бир кызык түшүнүксүз сезим менен,
Жамгырлуу түндөрүмө кайдан келдиң?
Кыска ой, жеңил сезим эске келет,
Мен азыр көптү күтпөйм, күтсөм, түтпөйм.
Кайрадан көңүл көлүм кечсең, эгер
Башынан бул жашоону кантип түптөйм?
Мен азыр көп нерсеге татыбаймын,
Бул түнү оттор өчсүн, үй жылыбай.
Тушуккан туңгуюгум – сары убайым,
Тушумдан тиктеп турат үнсүз Кудай.
Апрель, 2023-ж.
