Николай Гоголь: “Шинель”
(повесть)
…департаментинде… бирок кайсы департаментте экенин айтпай эле коюу керек. Ар кандай департаменттерден, полктордон, кеңселерден жана, кыскасы, түркүн кызматтык катмардан өтөр кыжырды келтирген нерсе жок. Ошентип ар кандай жагымсыз жагдайлардан алыс болуш үчүн кеп болуп жаткан департаментти биз жакшысы бир департамент дебеле коёлу. Ошентип бир департаментте бир чиновник кызмат кылчу; эми ал чиновникти абыдан эле мыкты деп айтканга деле болбойт, орто бой, сепкил баскан бети да бир аз чаарыраактай, өңү бир аз саргыл, сыртынан сокурураактай дагыбы кандай, маңдайында анчалык чоң эмес тазы бар, эки жаагын тең бырыш баскан, боз-саргыл тарткан өңү да кубарып кунарсыз… Эмне кылсын анан! Буга Петербургдун абасы күнөөлүү. Анын чинине келсек (бизде демейде биринчи кезекте чинин айтыш керек да), ал катылгандарга азуу көрсөтө албаган мококторду баса калып шакаба чеккен, каалаганча келекелеп, мазактаганга маш, ар кайсы жазуучулар түбөлүктүү деп аташкан титулярдык кеңешчи болчу. Чиновниктин аты-жөнү Башмачкин эле. Аты айтып тургандай эле ал кепич дегенден келип чыкканы көрүнүп турат, бирок теги кайсы заманда, кантип кепичтен келип чыкканы түк белгисиз. Атасы да, чоң атасы да, жадагалса, кайнагасы болуп Башмачкиндердин баарысы тең таманын үч жылда бир алмаштырып коюп өтүк кийип өтүшкөн. Ысмы Акакий Акакиевич эле. Бул окурманга балким бир аз башкачараактай, атайын издеп тапкандай көрүнүшү ыктымал, бирок ишендирип коюш керек, мындай ысымды ага эч ким издеген эмес, жагдай өзүнөн өзү эле ушундай болуп калды, ага башкача ысым бергенге такыр болбойт эле. Акакий Акакиевич, эгерде эстен чыгып кетпесе, 23-мартка оогон түнү жарыкка келсе керек эле. Ыраматылык апасы, чиновник айым абдан жакшы аял болчу, наристеге ысым ыйгаруу расмисин жакшылап өткөрүүнү табыштаган эле. Апасы дагы эле эшикке тушташ керебетте жаткан, оң жагында баланы чокундуруп ысым ыйгара турган куттук атасы, абдан сонун киши, сенатта үстөл башчылык кызмат аткарган Иван Иванович Ерошкин менен куттук энеси – кварталдык офицердин жубайы, ак көңүлдүгү ченде жок аял Арина Семеновна Белобрюшкова турушту. Алар төрөттөн бошонгон аялга Моккия, Сессия же болбосо баланын атын азап чеккен Хоздазатанын урматына коелу деп үч ысымды сунушташты. “Жок, – деп ойлоду ошондо ыраматылык апасы, – ушулар да ысымбы”. Ага жагыш үчүн беркилер календардын башка жерин ачышты эле, ал жактан Трифилий, Дула, анан Варахасий деген дагы үч ысым чыкты. “Бир азап болду го, – күңкүлдөп жиберди апасы, – укмуш ысымдар экен го, мен чыны мындайды өмүрү уккан да эмесмин. Варадат же Варух десеңер го бир жөн, Трифилий, Варахасий деген кантип болсун”. Дагы бир бетин ачышты эле, Павсикахий жана Вахтисий деген ысымдар чыга келди. “Көрүп турам, – деди байбиче, – анын тагдыры ушундай окшойт. Мындай болчу болсо, анда бул да атасындай атала берсинчи. Атасы Акакий эле, уулу да Акакий болсун”. Акакий Акакиевичтин келип чыгыш таржымалы ушундай.
Баланы чокундуруп, ысым ыйгарышты, ал ыйлап жиберип, титулярдык кеңешчи болоорун кудум алдын ала билгендей, өңү-башын бир шумдуктай бырыштырып да алды. Биз эми мунун аки-чүкүсүнөн бери айтып жатканыбыз, бул зарылчылыктан улам болгонун, ага башка ысым бергенге эч бир мүмкүн болбогонун окурман өзү көрсүн дедик. Ал деги качан, кайсы маалда департаментке орношконун, аны бул жерге ким киргизгенин да эч ким эстей албайт.
Канчалаган деректирлер менен ар кандай начальниктер алмашпасын, аны дайыма баягы эле ордунда, баягы эле калыбында, кат үчүн жаралган чиновниктей баягы эле кызматында отурганын көрүшчү, бул жарыкка ал вицмундирчен, башындагы кичинекей тазы менен дапдаяр бойдон төрөлүп келгенби деп да калышчу. Департаментте аны киши ордуна деле көрүшчү эмес. Ал өтүп баратканда эшик кароолчулар ордуларынан тура калыш дегенди бери кой, кабылдамадан бир чымын учуп өткөндөй, карап да коюшчу эмес. Начальниктер болсо ага кекирейе карап, суз, салкын мамиле кылышчу. Үстөл башчынын катардагы жардамчысы деле кагаздарды апкелип тим эле анын мурдуна такап туруп таштап кетчү, алардын оозунан “көчүрүп жазып бериңизчи” же болбосо “мына, мобу абдан кызыктуу, жакшы иш”, же тарбия көргөн кызмат адамдарына мүнөздүү кандайдыр бир жылуу-жумшак, кулакка жагымдуу сөз эзели чыкчу эмес. Ал келген кагазды карап гана коюп, аны ким апкелип таштап кеткенин, ага укугу бар беле же жокпу, анысына түк карабай ала берчү. Алчу да ошол замат жазганга киришчү. Жаш чиновниктер аны шылдыңдап, кеңселик тапандыктын жеткен жерине чейин шакаба чегип күлө беришчү, так маңдайына келип туруп алышып ал туурасында ар кандай ойдон чыгарылган бирдемелерди айта беришчү; жетимиш жаштагы кожейкең бар экен го, ал сени кадимкидей төпөштөп турат турбайбы, үйлөнүү тоюңар качан дешип калжаңдашканын айт, кар жаап атат дешип, байкуштун төбөсүнөн майдаланган кагаз чачышчу, иши кылса, аны моокумдары канганча эрмектей беришер эле. Акакий Акакиевич мунун бирине да каш кагып жооп кайтарчу эмес, тимеле маңдайында эч ким турбагандай, беркилер жетер жерине жеткире мазактап атышса да жазып жаткан катынан ныпым ката кетирчү эмес. Азил тамаша абдан чегинен чыгып, ишине жолтоо кыла колун тарткылап же түрткүлөп киришкенде гана ал: “Мени тынч койгулачы, силер эмнеге мени капа кылып атасыңар?” – дечү. Анын зээн кейиткен муңайым үнүнөн боор ооруткан жалооругандык сезилип турчу; бир жолу жаңы эле жумушка орношкон бир жаш жигит башкаларга кошулуп аны шылдыңдап кордомокчу болуп баратып, бирок тула боюн бирдеме көзөп өткөнсүп, тык токтоду. Кандайдыр бир сырдуу күч аны ак сөөк, адептүү адамдар деп жаңы эле таанышкан жолдошторунан оолактата түртүп салды. Анан көпкө чейин, көңүлү куунак болуп турган учурларда да баягы жапалдаш бойлуу, маңдайы таз чиновник көз алдына тартылып, анын: “Мени тынч койгулачы, силер эмне үчүн мени капа кылып жатасыңар?” деп жалооруган сөздөрү эсине түшө берчү болду; адамдын дил түпкүрүнө чейин жетчү бул сөздөр “мен деле сенин боорлошуңмун го” дегендей угулчу. Андай учурда жаш жигит алаканы менен бетин баса, өзүлөрүн ак сөөк, кылдат, билимдүү деген адам пенделеринде, о Кудай! жадагалса, ак сөөк коом, асыл, калыс, чынчыл деп эсептеген адамдардагы катылып жаткан пастыкты, жаалы ашкан оройлукту көрүп, далай жолу селт этип жүрдү…
Өзүнүн кызматы менен гана жашаган мындай адамды башка жерден таап болбос. Тырышып кызмат кылчу деп айтуу аздык кылаар – Акакий Акакиевич ишин баш оту менен сүйүп кызмат кылчу. Кайра көчүрүп жазма ишинде ал өзүнүн кандайдыр бир өзгөчө жана жагымдуу ааламын көрөр эле. Ырахаттанганы жүзүнөн эле көрүнүп турчу; өзүнүн сүйгөн тамгалары да болор эле, ошолорго жеткенде өзүн унуткара тимеле кудуңдап кетчү; күлмүңдөп, көзүн кысып, эриндери менен шыбырай кайталап да жиберчү, айтор, калеми жазып жаткан ар кандай тамганы анын жүзүнөн эле окуп койсо болот эле. Эгерде ага тырышчактыгына жараша сыйлык берип турушканда, ал балким статтык кеңешчиликке да жетмек, ага өзү да таң калмак; бирок анын тапан жолдоштору айткандай, ашып кетсе, жакасына бир белги тагып, көчүгүн жооруткандан башка ырыстуу кызматка жетмек эмес экен.
Бирок ага эч ким көңүл бурган жок деп айтууга болбойт. Анын көп жылдык кызматын сыйлагысы келген кайрымдуу бир деректир ага жөн эле көчүрүп жазчу иштен көрө маанилүүрөөк бирдеме бергиле деп буйрук берди; бул түкүрүккө турбаган жеңил иш эле, болгону даяр иштин бетиндеги аталышын гана өзгөртүп, кай бир жерлериндеги биринчи жактагы этиш сөздөрдү үчүнчү жакка алмаштырып коюш керек эле. Бул иш ага оңбогондой оор болду, чыпылдап тердеп да чыкты, анан бир кезде маңдайын сүрттү да: “Жо, бул колуман келбейт экен, мага баягы эле көчүрүп жазганга бирдеме бергилечи”, – деди. Ошондон кийин аны көчүрүп жазуу ишине биротоло калтырып коюшту. Ал үчүн көчүрүп жазуудан тышкары башка эч нерсе жоктой эле. Өзүнүн кийими туурасында түк ойлончу эмес, үстүндө жашыл эмес, саргарып кеткен унга түспөлдөш вицмундир түшчү эмес. Жакасы кууш, жапыз болгондуктан, чыгып турган кыска мойну куркуюп өтө эле узун көрүнчү. Анан качан караба, вицмундирине ыпыр-сыпыр жабышып жүргөнү жүргөн, анүстүнө көчөдө баратып бирөөлөр терезесинен ар кандай таштандыларды ыргытып жаткан кезде так түбүнөн өтө калмай адаты бар эле, ошондон улам качан караба, шляпасынын төбөсүндө коондун, дарбыздын кабыктарын жана башка акыр-чикирди алып кете берчү.
Акакий Акакиевич сыртта, көчөдө күн сайын эмнелер болуп атканына өмүрү көңүл бурчу эмес, басып баратып кай жакты карабасын, көзүнө өзүнүн шурудай тизип жазчу тамгаларын гана көрөр эле, анан эле бир оокумда кай жактан чыга калганы белгисиз, аттын тумшугу желкесине такала түшүп, таноосунан чыккан демин анын жүзүнө шамалдай бүркүп жибергенде гана ал өзүн саптардын арасында эмес, көчөнүн так ортосунан өтүп баратканын түшүнө койчу. Үйгө келери менен үстөлгө отура калып шаша-буша сорпосун ууртап, даамын деле сезбей, Кудайдын жиберген ырыскысы – бетине чымын-чиркей үймөлөктөшкөн уйдун бир тилим этин пияз менен жеп алчу. Курсагы томпоюп чыкканын сезгенде ордунан туруп сыя челегин алып чыкчу да үйгө ала келген кагаздарын жазып кирчү. Жазганга эч нерсе болбосо деле ырахат алыш үчүн кайсы бир жаңы келген, мартабалуу адамга жолдонгон катты атайын көчүрмөлөтүп ала келчү.
Иш күнү аяктап, Петербургдун бозомук тарткан асманы иңирден карара баштап, департаменттеги ары-бери чуркамай, түйшүгү бүтпөгөн иш аяктап, калем учтардын тытыраганы токтогондо, бошошо түшкөн чиновник атмайдын бир даары алган маянасына жана каалоо ышкысына жараша курсагын кампайтмакка кам урат, арасынан ордунда тура албай элиргендери театрга чуркаса, дагы бирөөлөрү жакшыраак шляпа тандаганы дүкөн кыдырып кетет, кимдир бирөөсү ушул жерде иштеген өң-келбети чырайлуу кызга көшөкөрлөнө жагыныш үчүн аны кечеге чакырганга ашыгат, оюн-зоокко, шапар тепкенге ышкысы жоктор болсо үчүнчү же төртүнчү кабатта отурган кесиптешине барып карта чабышмайга кирип кетишет же арзан сухарды кытырата чайнап, чайдан ууртап коюп, шуңшуйган канжадан түтүн буркурата мартабалуу чөйрөдөн кулагы чалып калган ар кайсы ушак имиштерди айтышып отура беришет, орус адамы мындайды эзели жаздым кетирбейт эмеспи; же таптакыр эле сүйлөшөөргө сөз табылбай калганда айтыла берип ашмалтайы чыккан, бир комендант жөнүндөгү эски анекдотту кайрадан айтып киришет, анда Фальконенин монументиндеги (Петр Биринчиге коюлган эстелик) аттын куйругун бирөөлөр кесип кеткен имиш. Кыскасы, элдин баары көңүл ачууга умтулуп жатса, Акакий Акакиевичтин мындайга түк кушу жок эле. Аны кайсы бир үлпөт кечеден көрдүк деген бир да жан болгон эмес. Моокуму канганча кагаз жазган соң ал эртеңки күндү ойлоп, Кудайым эртең жазганга эмне насип кылаар экен деп жылмайган бойдон уктап кетер эле. Болгону төрт жүз рубль маяна алган бул адамдын ар кандай ызы-чуудан тыш, тынч жашоосу ушинтип агылып өтүп жатканы, ал тагдыры буйруганга топук кылып, баарына ыраазы эле; эгерде жашоо-турмуштун жолунда титулярдык гана эмес, алтугай жашыруун, анык жана башка ар кыл кеңешчилерге, алтургай эч кимге кеңеш айтпай, эч кимден өзүлөрү да эч качан кеңеш укпагандарды тооруп турчу ар кандай кырсыктар болбогондо, карыганча ушинтип жашай да бермек.
Петербургда жылына төрт жүз рубль же ушунун тегерегинде жалыйна алгандардын үшүн алган бир душман бар. Ал өзүбүздүн эле кычыраган түндүк аязы, баса, көптөр аны укмуш деп да жүрүшпөйбү. Эртең менен саат тогузга жакын бүт көчөлөрдү департаментке ашыккандар каптаган учурда, аяз ылгап отурбай, мурундарды тегиз тызылдата чымчып, чертип кирет дейсиң, байкуш чиновниктер аларды кайда катаарын билбей шаштысы кетет. Мындайда жогорку мансапты ээлегендердин маңдайлары да чыкыроон аяздан тырышып, көздөрүнөн жаш чыгып кетет, ал эми бечара титулярдык кеңешчилер болсо таптакыр эле сенейип калышат. Жанга арача түшөөр бир эле амал – жука шинелчен байкуштар беш-алты көчөдөн тезирээк чуркап өтүп, анан кире бериште жолдо келатып тоңуп калган иш жөндөмдөрү менен кызматтык шыктары эригенче ары-бери адымдап басып турууга тийиш. Акакий Акакиевич акыркы кездерде жолундагы мыйзамдуу мейкиндиктен жан талаша батыраак чуркап өтүүгө абдан аракет кылганына карабай, аяз ийни менен желкесин өзгөчө тызылдата баштаганын сезди. Ойлонуп атып акыры күнөөнүн баары шинелимде окшойт деген бүтүмгө келди. Үйгө келгенде жакшылап караса чын эле шинелинин желкеси менен ийин жагы жер-жеринен оюлуп, жукарып кетиптир, кездемеси таптакыр эле жешилип, астары да ар кайсы жакка жылышып кетиптир. Баса, чиновниктерге Акакий Акакиевичтин шинели да эрмек менен күлкү эле; алар аны шинель деген асыл атынан атабай, чапан деп коюшчу. Чынында эле анын шинели таң каларлыктай, кийим аты бар эле бирдеме болчу, улам кесип башка жактарына жамаачы ала бергендиктен, жакасы жылдан жылга кичирейгенден кичирейип баратты. Салган жамаачылары деле чебер колдуу тикмечиникине окшобойт, эптеп эле ар кайсы жерине адырайта чампалап баса койгон үзүндүлөр эле.
Иштин чоо-жайын көргөн соң Акакий Акакиевич шинелин төртүнчү кабатта жашаган тикмечи Петровичке алып бармай болду; ал бир көзү кыйшык, бети чаар болсо да башка нерсени ойлобой соо турган кезде чиновниктердин, ар кимдердин дамбалдарын, фрактарын дурус эле оңдоп берип турчу. Бул тикмечи туурасында көп айтып отуруунун деле кажети жок болчу, бирок эреже катары повесттеги ар бир адамдын мүнөзү сөзсүз айтылышы керек эмеспи, эмне кылабыз, ошондуктан келе деп Петровичти кыпчып атабыз да. Аны мурда жөн эле Григорий деп коюшчу, кайсы бир бариндин малайы болчу экен; башы азат болгон соң ар кандай майрамдар сайын, адегенде чоң майрамдарда, анан ылгап отурбай, жадагалса, чиркөө майрамдарын да жаздым кетирбей, айтор, календардын кайсы жеринде белги турса эле иче баштагандан тартып Петрович деген атка конуптур. Бул жагынан алганда ал ата-бабасынын үрп-адаттарын бекем сактачу, аялы менен чатакташа кеткенде аны чиркөө аялысың, немиссиң деп коёт имиш. Эми анын аялын кеп кылып калдык, ал туурасында да эки ооз айта кетели; бирок, тилекке каршы, анын Петровичтин аялы экенинен башка эч нерсеси белгисиз эле, башына жоолук салынбай, алдынан байланма жука топу кийип жүрчү; өң-башы ажарлуу деп деле айтканга болбостур; айтымдарына караганда, аны менен кездеше калган гвардиялык жоокерлер гана муруттарын шыйпаңдата, же кандайдыр бир доош чыгарып, топусуна үңүлө калышат имиш.
Калыстык үчүн айта кетиш керек, Петровичтикине алып барчу петербургдук бардык үйлөрдөгү ууру тепкичтерге мүнөздүү, бети нымдалышкан, жугунду, көздү ачыштырган саңырсыган спирт жыттанган тепкич менен өйдө чыгып баратып Акакий Акакиевич Петрович акысына канча сурайт болду экен деп ойлонуп баратты, оюнда ашып кетсе эки рублдан ашык бербейм деп турду. Эшик ачык экен, анткени балык бышырып жаткан кожейке ашкананы быкшыган түтүнгө ушунчалык ыштаган экен, жадагалса, ары-бери уруп жүрчү шуулдаган таракандар да көрүнбөй калыптыр. Акакий Акакиевич алтургай кожейкеге да байкалбай ашкана аркылуу төркү бөлмөгө өтүп барып, сырдалбаган кенен жыгач үстөлдө түрк пашасындай мандаш токунуп отурган Петровичти көрдү. Тикмечилердин адаты боюнча иш үстүндө отургандыктан буттары жылаңач эле. Андыктан адегенде эле анын Акакий Акакиевичке жакшы тааныш, тырмагы сынган, ташбаканын калканындай бекем, колтойгон баш бармагы көзгө урунду. Мойнуна жибек менен жиптин түрмөгүн илип алыптыр, тизесинде болсо эски-куску бирдемелер жатат. Ал үч мүнөттөн бери жипти ийненинен көзүнөн өткөрө албай, караңгылык менен жипке жини келип: “Өтөйүн деген түрү жок мунун, эсимди оодардың го, бетпак!” деп акырын күңкүлдөп жатыптыр.
Петровичтин так жини келип турганда кирип келгенине Акакий Акакиевич өзү оңтойсуздана түштү, ал Петровичке аялы айткандай “бул жалгыз көз шайтан беркиден жутуп алып” көөнү кушубак тартып турганда келип бирдемеге буйрутма бергенди жакшы көрчү. Андай кезде Петрович канча берем десе да макул болот, алтургай, кайра-кайра таазим эте ийилип, ыраазычылык да айтып жиберет. Анан чыны, кийин ыйлактап аялы келчү, күйөөсү мастыктан улам акыны арзан алып койгонун айтып кирчү, бирок үстүнө болгону бир рубль кошуп берип койсоң ошону менен иш ойдогудай бүтөр эле. Бул жолкусунда Петрович соо эле, ошончүн катаал, кемсөз болчу, баланча бересиң деп жибериши турган кеп эле. Акакий Акакиевич муну түшүнө коюп акырын артына кайтайын деди эле, бирок мынчалык келген соң башталып калган иштин жайын айтмакчы болду.
Петрович аны жалгыз көзүн жүлжүйтө кунт коё карап калды эле, Акакий Акакиевич эрксизден үн чыгарды:
– Саламатсыңбы, Петрович!
– Сизге да саламатчылык каалайм, таксыр, – деди Петрович, эмне олжо апкелди экен дегенсип Акакий Акакиевичтин колуна тигиле карап.
– Мен эми сага келип калдым, Петрович, тиги…
Сүйлөп атканда Акакий Акакиевич көп учурда аффикстер, тактоочтор, анан эч бир мааниси жок жардамчы сөздөр менен сүйлөгөнүн билип коюу керек. Иш абдан эле кыйчалыш болуп калса ал сөзүнүн акырына да жеткирбей койчу адаты бар эле, андыктан “бул, чынында, таптакыр, тиги” деп баштап алып, баарын айттым го деген ойдо калганын унутуп да калчу.
– Эмне болду? – деген Петрович жалгыз көзү менен анын вицмундирин жакасынан тартып жеңдерин, желкесин, этегин, топчулуктарын сыдыра карап чыкты, анын баары өзүнүн колу тийген тааныш иш эле. Бирдемени оңдоткону апкелгенде аны бир сыйра карап чыкмай тикмечилердин адаты эмеспи.
– Мен, тиги, Петрович… шинелдин ноотучу… карачы, башка жактарынын баары бышык эле, кичине чаң басып калгандыктан эскидей көрүнөт да, бул жаңы эле, бирок бир-эки жеринен гана тиги… желке жагында ийни бир аз жышылып калыптыр, бул ийни да бир аз – көрдүңбү, ушул эле. Көп деле иш эмес…
Петрович чапанды адегенде столго жайып таштап көпкө чейин карап чыкты да башын чайкап, терезеде турган канжа салгычына кол сунду, анын бетине кайсы бир генералдын потрети чапталыптыр, так бети турган жерин манжасы менен оё тешип, анан аны кагаздын төрт бурчтук кесиндиси менен чаптап коюптур. Тамекиден жыттап алган соң Петрович шинелди колуна жая кармап аны жарыкка сала дагы бир сыйра көздөн өткөрдү да кайрадан башын чайкады. Анан аны аңтарып карап, тамеки салгычтын капкагын дагы ачты, мурдуна тамекиден чымчый жыттап, минтти:
– Жок, оңдоого мүмкүн эмес: гардероб такыр эле болбой калыптыр!
Муну укканда Акакий Акакиевичтин жүрөгү зырп этип алды.
– Эмнеге мүмкүн эмес, Петрович? – деди ал баланыкындай жалооруган үнү менен. – Желке жагы эле бир аз жышылып турат ко, сенде кесиндилер толуп атпайбы…
– Кесинди дегенди тапса болот, кесинди го табылат дечи, – деди Петрович, – бирок аны тиккенге болбой калыптыр: иш чатак, ийне тийгизсең эле ыдырап кетип атпайбы.
– Мейли ыдырай берсин, сен жамачыдан чаптай сал да.
– Ошол жамаачыны чаптай турган жер жок болуп атпайбы, аны бирдемеге карматыш керек да. Кездемеси бышык дейсиңер, мунуң шамал болсо эле туш-тушка чачылып кеткени турат.
– Эмне экен, эптеп кармат да сен. Анан кантип, чынында, тиги!..
– Жок, – деди Петрович чечкиндүү, – эч нерсе кылып болбойт. Иш чатак. Сиз андан көрө кыш суугу келгенде муну чулгоо кылып алыңыз, жүн байпак деле бутту жылытпайт. Акчаны көбүрөөк табалы деп муну немистер ойлоп тапкан (Петрович ыгы келе калганда немистерди чымчып кеткенди жакшы көрчү); ал эми шинелди болсо жаңысын тиктиришке туура келет.
“Жаңысын” деген сөздү укканда Акакий Акакиевичтин көздөрү тунарып, караңгылай түштү, бөлмөдө турган нерселердин баары айланкөчөк болуп кетти. Бир гана Петровичтин тамеки салган кутусунун капкагындагы бети оюлуп, кагаз менен чаптап койгон генералды гана даана көрүп турду.
– Кандайча жаңысын? – деди ал түш көрүп аткансып. – Менде ага акчам да жок.
– Ооба, жаңысын, – деди түк кебелбеген Петрович.
– Жаңысын тиктирсе, ал, тиги, жанагы…
– Канча болот дейсизби?
– Ооба.
– Жүз элүүдөн ашыгыраак рубль чыгарышка туура келет, – деди Петрович эриндерин каадалана кымтып. Ал ушинтип адегенде башкалардын эсин оодарып, анан алардын кебетеси кандай өзгөрө түшөр экен дегенсип кылтыя карап калганды жакшы көрчү.
– Бир шинелге эле жүз элүү рублбу! – кыйкырып жиберди бечара Акакий Акакиевич, үнүн эч качан катуу чыгарбагандыктан, бул анын төрөлгөндөн берки биринчи жолу кыйкырышы эле.
– Ооба-с, – деди Петрович, – анан шинель кандай болушу керек. Жакасына суусардан коюп, жамынмасын жибек астардан жасап койсо эки жүз рублга чыгып кетет.
– Петрович, келчи эми, суранам, – деп жалооруду Акакий Акакиевич, Петровичтин айтып жаткандарын уккусу да келбей, анын каадаланганын укканга аракет да кылбай, – эптеп бирдеме кыла койчу, жок дегенде дагы биртике кийип турганга жараса болду.
– Ой, жок эй, болбойт: иш да, акча да текке кетет, – деди Петрович, муну уккан соң Акакий Акакиевичтин таптакыр эле ындыны өчүп, шылкыя баса чыгып кетти.
Ал кеткен соң Петрович эриндерин кымтып алып ишке киришпей, өзүнүн мартабасын да, тикмечилик өнөрүн да паска урбаганына маашырлана дагы көпкө турду.
Көчөгө чыккан Акакий Акакиевич уйкуда жаткандай дендароо абалда баратты. “Ушул да ишпи эле, – деди өзүнө өзү кобурап, – мен, чыны, бул жагы мындай болуп кетет деген оюма да келбептир да, тиги… – Анан унчукпай калып кошуп койду: – Мына ушундай болду дечи! Акыры ушундай болмок, мен болсо чыны, ушундай болуп чыгарын такыр ойлобоптурмун”. Анан дагы бир аз унчукпай калды да: “Ушундай дечи!0 Мына ушундай, тиги, эч бир ойдо жок жерден, муну эч бир… жагдай ушундай болуп калды!”. Айтты да үйүн көздөй эмес, таптакыр тетири жакка кетип баратканын билген жок. Жолдо баратканда куур тазалагыч аны кир капталы менен жөөлөп өтүп, бир жак ныптасын кара көө кыла шыбап кетти; төбөсүнө жаңы курулуп аткан үйдүн чатырынан бир челек акиташ да төгүп ийишти. Ал мунун бирин да байкаган жок, качан учу шиш куралын жанына жөлөп коюп, чакчасынан чор баскан алаканына тамекисин кагып жаткан будкачыга (полицейге) урунуп алганда гана тигинин “Тимеле тумшукка жөөлөйсүң да, сага эмне, трухтуар (тротуар) жокпу?” – деп барк эткенинен эсине келе түштү. Алды артын каранып, үйгө кайтканга аргасыз болду. Эми оюн топтой баштады, өзүнүн азыркы абалын даана көрдү, тимеле абдан ынак, сырдаш досу менен сүйлөшүп аткансып, өзү менен өзү үзүл-кесил эмес, акыл калчап ачык сүйлөшө баштады. “Болду эми, – деди Акакий Акакиевич, – мындан ары Петрович менен түзүк деле сүйлөшө албайсың: ал эми, тиги… аялы аны жакшылап төпөштөп койгон окшойт. Мен эми ага жекшемби күнү эртең менен кирейин, анткени ишембиден кийин уйкусу канган соң көзүн ымдап, баш жазгысы келип турат, катыны болсо акча бербейт, мен болсо так ошол учурда кирип барам да колуна бир сом кармата коём, ошондо ал тил алчагыраак болуп чыга келет, шинелди да, тиги, ошондо…”. Өзү менен өзү кобурашып келаткан Акакий Акакиевич ушинтип өзүн шыктантты да жекшембини күтүп калды, ошол күнү Петровичтин аялы үйүнөн бир жакка чыгып кеткенин алыстан көрдү да түз эле кирип барды. Айткандай эле Петровичтин ишембиден кийинки абалы кыйла чүрүк болуп турган экен, колу менен башын мыкчып, жалгыз көзүн акшыңдатып полдо томолонуп жаткан экен; бирок ага карабай, анын эмне иш менен келгенин угар замат шайтан сайгандай тура калса болобу. “Болбойт, – деди, – жаңысына буйрутма бериңиз”. Акакий Акакиевич ага шак эле рублду кармата койду. “Ырраазымын, таксыр, сиздин ден соолугуңуз үчүн аз-маз сеп этип алайын, – деп жиберди Петрович, – шинель туурасында камтама болбой эле коюңуз: ал эч нерсеге жарабай калган. Мен сизге сонун жаңы шинель тигип берем, ушуга келиштик”.
Акакий Акакиевич оңдосо болмок деп баратты эле, бирок Петрович аны уккан да жок: “Сизге жаңысын сөзсүз тигип берем, мага ишене бериңиз, бул жагынан чеберчиликти көрсөткөнгө аракет кылабыз. Азыр мода болуп баратпайбы, жанагы жакасычы, күмүш таманчаларга топчулана тургандай кылса да болот”.
Иштин жаңы шинелсиз бүтпөй турганына көзү анык жеткен Акакий Акакиевичтин таптакыр шаабайы сууп калды. Эми жаңысын кайсы акчасына тиктирет? Арийне, алдыда майрамдарга карата күтүлгөн сыйлыкка үмүт этсе болот дечи, бирок ал акчанын баары эчак алдын ала эсептелип, бөлүштүрүлүп коюлган эле. Жаңы дамбал сатып алышы керек, эски кончко жаңы өтүк бет тигип берген өтүкчүнүн эски карызын төлөөгө тийиш, тикмечи аялга үч көйнөк, анан дагы, басма сөздө айтууга адепсиздик болгон эки даана ич кийимге буйрутма бериши керек эле; кыскасы, акчанын баары туш-тушка чачырап кетет; непадам деректирдин ак көңүлү кармап кетип кырк сомдук сыйлыктын ордуна кырк беш же элүү сом берген күндө деле карыздарынан арткан жарыбаган тыйын шинелдин наркын алганда деңиздин бир тамчысындай эле болуп калат. Ал албетте Петрович кээде бааны тимеле асмандатып жиберерин билчү, андай учурда жадагалса, аялы да кармана албай: “Сен эмне акылыңдан тайдыңбы, келесоо! Карасаң муну, бир туруп ит бекер ишти алат, эми болсо өз баасына да ченебей сугалактанып атканын көр!” – деп кыйкырып кирер эле. Ал Петрович ишти сексен эле рублга бүтүрүп берерин да билчү, бирок ошол сексен рублду табыш да кыйын болуп атпайбы? Мейли, теңин эптеп тапса болот дечи, калганын кайдан тапмак? Ушул жерден эми окурман акчанын колдогу жарымын ал кантип тапканын билүүгө тийиш. Акакий Акакиевичтин кетирген ар бир рублдан тыйын арттырып калып, аны сыртына кулпу салып, капкагын тыйын сала тургандай кылып тешип койгон кичинекей жашикчеге чогулта берчү адаты бар эле. Ар бир жарым жыл өткөн сайын ал чогулуп калган жез тыйындарды санап, аларды майда күмүш тыйындарга алмаштырып алчу. Анан эле ачып караса бир нече жылдан бери чогултуп келаткан тыйындары кырк рублга жетип калыптыр. Ошентип кырк рубль колунда турат, эми калганын табыш керек, бирок кайдан, кантип табат? Ойлонуп отуруп Акакий Акакиевич жок дегенде бир жылча анча-мынча чыгымдардан баш тарта турууну чечти. Кечинде чай ичкенди токтотуп, шам жаккандан да баш тартмай болду, анчалык эле кычап турган иши болсо кожейкенин бөлмөсүнө барып ошол жактагы шамдын жарыгында иштейин деп чечти; көчөдөн баратканда да таманын бат эле жешилтип албас үчүн акырын басышым керек деди; ич кийимин да жууганга азыраак берип, келери менен кийимин чечип коюп, бөлмөдө тамтыгы чыккан болсо да жалгыз эски халатчан жүрмөй болду.
Чынын айтыш керек, ага адегенде мындай чектөөлөр кыйла ыңгайсыздык жаратып, көнө албай жүрдү, анан бара-бара баары ордуна келгенсиди, жадагалса, кечкисин оозуна наар албай, ачка калганды үйрөндү; ошенткени менен басса-турса оюнан жаңы шинель туурасындагы түбөлүктүү идея кетпей, көөнү рухий жактан ток эле. Ошол учурдан тартып анын жашоосу кудум эле үйлөнгөндөй, кыйла толо да түшкөнсүдү, жалгызсырабай, жанында дайыма кимдир бирөө жүргөндөй, жашоодогу жолун кандайдыр бир жагымдуу турмуш шериги биргелешип басып өтүүгө макул болгонсуп туюла баштады, – ал шериги баягы эле оюнан кетпеген, калың пахта менен кабылып, жешилбей турган астар тигилген жаңы шинель болчу. Өзү да кыйла жанданып, мүнөзү да алдына максат койгон адамдай бекем боло түшкөнсүдү. Жүзүндөгү баягы күдүктөнүү, олку-солку кылган чечкинсиздик жоголду. Бир туруп көздөрүнөн жылт эткен от да көрүнө калат, башында шинелдин жакасына чын эле суусардан койдурсамбы деген эң эле тайманбас, эр жүрөк ойлор удургуп калчу болду. Басса-турса ушуну ойлой бергендиктен, аз жерден элегей да болуп кала жаздады. Бир жолу кагаз жазып атканда ката кетирип алганын көрүп “ох!” деп чочуп кетип, чокунуп да жиберди. Ай сайын Петровичтикине барып, кайсы жерден кездеме алыш керек, өңү кандай болушу зарыл, баасы канча деп шинель туурасында сүйлөшүп отуруп, кыжаалат болсо да мунун баарын бир кезде сатып аларын, шинели да акыры бир күнү тигилерин ойлоп, үйүнө көңүлү кушубак кайтып жүрдү.
Иш ал күткөндөн кыйла эртерээк да башталып кетти. Ким билет, өзүнөн өзү ушундай болуп калдыбы же кудум эле Акакий Акакиевичтин абдан шинелге муктаж болуп атканын билгендей, деректир ага кырк, же кырк беш рубль эмес, олчойгон алтымыш рубль сыйлык ыйгарса болобу; канткен менен ашыкча жыйырма рубль ошонун аркасы менен келди да. Ишти тездеткен ушул жагдай болду. Эми эптеп эки-үч ай аз-маз ачкачылыкка чыдап койсо эле көксөгөн сексен рублга жакын акча Акакий Акакиевичтин колуна чогулуп калганы турат. Муну ойлогондо анын демейде тынч жатчу жүрөгү катуураак сого баштады, ойлогон акча чогулган күнү ал Петровичке жетип, экөө дүкөн кыдырып кетишти. Абдан жакшы кездемеден алышты – муну жарым жыл мурда келип эле келип тандап, баасын да карап кеткени жакшы болгон экен; мындан артык кездеме болбойт деп Петрович өзү да айтпадыбы. Астарына бышык, тыкыс, Петровичтин айтканына караганда, жибектен да мыкты, өңү да жылтырагыраак кездеме – коленкордон алышты. Суусарды жөн коюшту, анткени абдан эле кымбат болуп чыкты, дүкөндөгү эң кооз, алыстан суусардай эле көрүнгөн мышыктын терисин алышты. Петрович шинель менен эки аптадай алпурушту, кабып тигүү иштери колду кармабаганда, бат эле даяр болмок экен.
Иш акысына Петрович он эки рубль алды – андан кемитүүгө түк болбоду: анткени баары жибектен кош кабатталган майда тигиш менен тигилди, Петрович ар бир тигишин тиштери менен тиштегилеп, ар кандай фигура салып да чыкты. Петрович жаңы шинелди көтөрүп келген күн, эми кандай десек, Акакий Акакиевичтин өмүрүндөгү эзели унутулгус, көөнүн айтып бүткүс шаң менен кубанычка дилдиреткен салтанатуу күн болду дейсиң, аны сөз менен айтып жеткирип болбос. Ал шинелди так департаментке ишке жөнөр алдынан эртең менен алып келди. Анүстүнө шинель кычыраган аяз башталып, ого бетер күчөп кетер маалда бүтүп калганы абдан жакшы болбодубу. Петрович шинелди чебер колдуу тикмечинин шаанисине сала каадалана көтөрүп келди, анын мындай шаң ойногон сөөлөттүү жүзүн Акакий Акакиевич эзели көргөн эмес. Шинелди таңып келген жаңы жуулган бет аарчысынан алып чыкты да, анан аны кайра бүктөп туруп чөнтөгүнө салып койду. Шинелди сыймыктана карады да, Акакий Акакиевичтин ийнине кош колдоп жаба салды; колу менен алды-артынан ылдый тарткылап коюп, өңүрүн мастады, топчуларын бүчүлөп, анан кайра ачып көрдү. Жаш курагы өйдөлөп калган адам катары Акакий Акакиевич жеңин да чактап көрүп, жактырды. Бир сөз менен айтканда, шинель ойдогудай, өз маалында да тигилиптир. Петрович да учурду жаздым калтырбай, Акакий Акакиевичти көптөн бери билгени жана жазуусу жок чакан көчөдө чогуу турганы үчүн ушинтип арзан алганын, эгерде ушундай эле шинелди Невск проспектисинде тиктирчү болсо, андан иш үчүн эле жетимиш беш рублду кагып алышмак экенин айтып отурду. Акакий Акакиевич бул туурасында Петрович менен сүйлөшкөнгө куштар эмес эле, анын көз жазгырып айтып жиберчү олчойгон суммаларды уккандан коркуп турчу. Ал акысын төлөдү да ыракмат айтып, жаңы шинелин кийген бойдон департаментке жөнөдү. Артынан кошо чыккан Петрович көпкө чейин артынан узата карап турду, карааны көзгө көрүнбөй бурулуп кеткенде көчөнүн тиги башынан айлана чуркап барып, шинелди дагы бир жолу башка жагынан, мындайча айтканда, бет маңдайынан карады. Акакий Акакиевич көңүлү көкөлөгөн майрамдык маанайда баратты. Үстүндө жапжаңы шинель менен бараткан минутанын ар бир ирмемин сезип жатты, алтургай, ички канаатануудан улам бир нече жолу жайдары жылмайып да алды. Эки пайда болуп атпайбы: жылуу, анан көөнү да жай эле. Басып өткөн жолун байкаган да жок, караса эле департаментте туруптур, кире бериштеги кийим илчү жерден шинелин чечип аны дагы бир жолу айланта карады да, жакшылап кара деп швейцардын колуна тапшырды.
Акакий Акакиевичтин баягы жүлдүрөк чапаны жок, жаңы шинель кийип келгенин департаменттегилер кайдан биле калышканы белгисиз. Баары ошол замат жапырт чуркап чыгышып, Акакий Акакиевичтин жаңы шинелин көрмөккө ашыгышты. Аны куттукташып, колун кысып киришти, ал болсо адегенде оңтойсуздана жылмайып тура берди, анан уялып да кетти. Качан ага баары ага жабалактап, жаңы шинелди кечинде майлап коюшу керек дешкенде, эмне жооп айтып, кантип кутулуунун аргасын таппай, өзүн жогото түштү. Бир аздан кийин кызарып-татарып, бул жаңы деле эмес, баягы эле эски шинели экенин айтып, ишендире баштады. Ошол учурда чиновниктердин ичинен бирөө, кайсы бир үстөл башчынын жардамчысы өзүнүн текебер эмес экенин, алтургай, өзүнөн төмөн тургандар менен да ымала кыла алаарын көрсөтүш үчүн минтип калды: “Болуптур, Акакий Акакиевичтин ордуна кечени мен өткөрүп берейин, баарыңарды бүгүн чайга чакырам: атайын уюштургансып так бүгүн менин туулган күнүм да экен”, – деди. Чиновниктер ошол замат аны куттукташып, сунушун жан дили менен кабыл алышты. Акакий Акакиевич бирдемелерди айтып актанайын деди эле, мындай кылганың болбойт, уят, шермендечилик дешкенинен, ал таптакыр баш тарта албай калды. Баса бир чети, учурдан пайдаланып, отурушка жаңы шинелчен барарын эстегенде көңүлү да көтөрүлө түштү. Айтор, бүгүнкү күн Акакий Акакиевич үчүн эң салтанаттуу майрамдай күн болду. Жумуштан кийин үйүнө көңүлү гүлдөй жайнап, бактылуу кайтты, шинелин чечип, аспеттеп илип, кездемеси менен астарын дагы бир жолу суктана карады; анан салыштырып көрмөккө таптакыр эле жер-жеринен жешилип, томолоктошуп калган эски чапанын алып чыкты. Карап туруп өзү да күлүп ийди, айырма асман менен жердей эле! Тамак ичип отуруп, эски чапанын кейпин эстеп көпкө мылжыйып отурду. Куунак бойдон тамагын ичип бүткөн соң эч нерсе жазган жок, караңгы киргенче төшөгүнө жалкоолоно кыйшайып жата кетти. Анан турду да шинелин шак кийип көчөгө чыкты. Тилекке каршы, кечеге чакырган чиновниктин кай жерде жашаганын айта албайбыз: Петербургдагы бытылдаган көчөлөрдөн, үйлөрдөн баш адашат, алардын арасынан анык бир даректи табуу да кыйла мүшкүл жаратат. Бирок кандай болгон күндө да чиновник шаардын жакшы бөлүгүндө жашаганы анык, демек, Акакий Акакиевичтен бир топ алыс турат. Аякка жетиш үчүн жарыгы үлдүрөгөн бир нече майда, ээн көчөлөр аркылуу өтүш керек, анан чиновниктин батири турган жерге жакындаган сайын жарыгы да мол, эл да көбүрөөк жүргөн жандуу көчөлөр башталат.
Жөө жүргүнчүлөр көбүрөөк көрүнө баштады, жарашыктуу кийинген айымдар да учурап жатты, кемчет жакачан эркектер жүрүшөт; алтын жалаткан мыктар кадалган жыгач торлуу чаналар азайып баратты, – тескерисинче, аюу көрпөлөргө оронуп алышып, жылтырата лакталган чаналарын, дөңгөлөктөрүн көчөлөрдүн карын кычырата, учуртуп айдаган кызгылт баркыт калпакчандар, чүмбөттөлгөн кареталар гана учурап жатты.
Акакий Акакиевич мунун баарына таң кала карап баратканы. Ал бир канча жылдан бери көчөгө чыга элек болчу. Терезеси жарык бир дүкөндүн жанынан өтүп баратып, келишимдүү буттарынан чокоюн чечип жаткан сулуу аялдын чоң сүрөтүнүн маңдайына токтоп, кызыга карап туруп калды; анын артынан бакенбард койгон, ээгинде кичинекей шуштугуй сакалчасы бар бир эркек башын созуп турат. Акакий Акакиевич башын чайкап, жылмайды да өз жолуна түшүп кете берди.
Жүрүп отуруп акыры ал үстөл башчысынын жардамчысы турган үйдөгү батирге жетти. Жардамчынын жашоосу кыйла бай окшойт: тепкичте жаркырап чырак күйүп турат, батир экинчи кабатта экен. Далиске кирип келген Акакий Акакиевич полдо шыкалып турган көлөчтөрдү көрдү. Анын жанындагы бөлмөнүн ортосунда чоң самоор шуулдап кайнап, буу бүркүп турат. Дубалда болсо жайнаган шинелдер, плащтар илинүү экен, арасында кундуз же кайырма баркыт жакалуулары да бар. Дубалдын артынан сүйлөшкөндөрдүн үнү, күлкүлөрү угулуп жатты, аякка малай шагыраган ыстыкандар толтура тизилген батнос менен кургатылган токоч толо себетти көтөрүп киргенде баары шаңдуу дуулдап жиберишти. Чиновниктер эчак келип, бир чыныдан чай ичкени көрүнүп турду.
Акакий Акакиевич шинелин өзү илип, бөлмөгө кирип туруп калды эле, аны көрө койгон чиновниктер уу-дуу түшө кыйкырып ийишти, анан баары топурап далиске чыгышты да анын шинелин даги бир жолу көрүштү. Акакий Акакиевич оңтойсуздана түштү, бирок табиятынан ак жүрөк адам болгондуктан, шинелин мактап жаткандарды көрүп туруп кубанбай коё алган жок. Анан аны, шинелин да таштап салып, вист ойной турган үстөлгө кетишти. Топураган адамдардын уу-дуусу, күлкүсү Акакий Акакиевичке укмуш бир кереметтей сезилип турду. Өзүн коёрго жер таппай, акыры ойноп жаткандарга жакын келип отурду, улам бирөөсүнүн жүзүнө тигиле карап коюп отура берди, анан бир оокумда эстей баштады, анткени анын уктай турган маалы келип калган эле. Кожоюн менен коштошуп кетейин деди эле кетирбей коюшту, жаңы кийимдин урматына бир бокал шампан ичпесең болбойт дешти. Бир сааттан кийин винегреттен, музоонун муздатылган этинен, кондитердик токочтордон жана шампандан турган кечки тамак берилди. Акакий Акакиевичти эки бокал шампан ичиришти, аны ичкен соң бөлмөдөгүнүн баары анын көзүнө куунак көрүнө баштады, бирок саат он экиге жакындап, үйгө кайтар маал келгенин түк унуткан жок. Кожоюн дагы кармап калбасын деп ал акырын эч кимге билгизбей бөлмөдөн чыкты да далистеги илинүү турган шинелин бир сыйра силкип туруп кийди да тепкич менен ылдый басып көчөгө чыкты. Көчөдө дагы эле жарык экен. Акакий Акакиевич маанайы көтөрүңкү кетип баратты, алтургай чагылгандай жанынан өтө чыккан, дене мүчөсү бир башкача сүлкүлдөгөн кандайдыр бир айымдын артынан эмнеге экенин өзү да билбей, кичине чуркап кеткендей да болду. Бирок ошол замат токтой калды, жоргологон кадамы менен тынч гана тыпылдай басып кете берди.
Көп өтпөй баягы ээн, күндүзү да кунарсыз, түнкүсүн ого бетер караңгы көчөлөр башталды. Май аз куюлган үлдүрөгөн чырактар да азайып калды; жыгач үйлөр, кашаалар көрүндү; көчөдө чурк эткен тирүү жан жок; болгону ар кайсы жерден кар гана агарат, муң баскан жепирейген алачыктардын үңүрөйгөн терезелери гана көзгө чалдыгат. Ал тиги тарабынан үйлөр көзгө араң чалдыккан ээн, ченемсиз узун, жүрөктүн үшүн алган чөлдөй аянт башталган көчөгө жетти. Акакий Акакиевичтин баштагы куунак маанайы кыйла басаңдай түштү. Ал жүрөгү опкоолжуп, бир жамандыкты сезгендей аянтка кадам таштады. Алды артын караса, айланасында тимеле деңиз тургандай эле. “Жок, эки жакты карабай эле коюш керек”, – деп ойлоду ал, анан көзүн чылк жуумп алып баскысы келди, качан ачканда аянт бүтүп калаар деди. Бир оокумда алдынан чыга калган эки караанды көрдү. Мурутчан немелердей көрүнөбү кандай, ал жагын ажырата карай албады. Көздөрү тунарыктап, жүрөгү түрсүл сого баштады.
“Бу шинель меники го!” – деди колдураган жоон үндүү бирөөсү, шак эле жакасынан аткый кармап. Акакий Акакиевич “жардамга” деп кыйкырайын деди эле, тиги неме көлөмү чиновниктин башындай болгон муштумун анын мурдуна такап, киркиреген үнү менен бурк этти: “Бакырып эле көрчү!”. Акакий Акакиевич алар үстүнөн шинелин сыйрып алып, тизеси менен көчүккө бир тепкенин гана сезди, карга эт-бети менен кулап түшүп, башка эч нерсени сезбей калды. Бир нече мүнөттөн соң эсине келип, ордунан турду, бирок эч ким жок эле. Ээн талаадагы суукту сезди, шинели жок эле, жардам сурап кыйкыра баштады, бирок үнү талаанын аркы жагына жетмек кайда. Кыйкыра берип чарчаганда жанталаша аянт аркылуу аркы бетте турган будканы көздөй чуркап жөнөдү. Ал жактагы тартип сакчысы болсо куралына жөлөнүп алып, келесоодой алыстан бакыра чуркап келаткан немени кызыга карап турса керек. Ага жүгүрүп жеткен Акакий Акакиевич демиккен үнү менен адамды тоноп жатышса да эч жакты карабай, бейкапар уктап жатасың деп кыйкырып кирди. Тиги болсо аянттын ортосунан аны эки адам токтотконун, бирок алар анын досторуго деп ойлогонун, башка эч нерсе көрбөгөнүн айтты; жөн эле сөгүнө бербей, эртең сакчыга барбайсыңбы, шинелиңди ошол таап берет деди. Акакий Акакиевич үйүнө кейпи кеткен бойдон тамтаңдап чуркап келди, чыкыйы менен желкесинде гана калган азганакай чачы уйпаланып, капталы менен көкүрөгү, дамбалы бүт кар эле. Жин ургандай эшикти каккылаганын уккан батир кожейкеси төшөгүнөн атып турду да бир бутуна тапичкесин иле коюп, колу менен көйнөгүнүн жакасын ыйбаа кыла кармаган бойдон эшик ачканы чуркады; ачты да Акакий Акакиевичтин кейпин көрүп, артка кетенчиктеди. Окуянын чоо жайын уккан соң кемпир эки колун шак жайып, “квартальныйга барба, алдап коюп, созуп жүрө берет, ошондуктан түз эле жергиликтүү полициянын начальнигине бар, аны менен тааныштыгым да бар, анткени мурда менде ашмачы болуп иштеп кеткен Анна деген эстон келин азыр так ошонун баласын бакканга орношкон, үйдүн жанынан өткөн сайын начальникти өзүм да көрүп турам, жекшемби сайын ал сыйынганы чиркөөгө да барып турат, кабак-кашына караганда, жакшы эле кишидей”, – деди.
Бул кеңешти уккан Акакий Акакиевич шаабайы сууган бойдон бөлмөсүнө илкиди, түнү менен кандай ахывалда болгонун мындайды башынан өткөргөн адам гана түшүнөрүн эскерте кетели. Эртеси ал таң заардан туруп башчыга барса, уктап атат дешти; саат ондо барды эле – дагы эле уктап атат дешти, он бирде барса – үйдө жок дешти, түштө барды эле – оозгу бөлмөдөгү жазмакерлер ага киргизе койбой, кандай иш менен келгенин, кандай муктаждык айдап келгенин, эмне болуп кеткенин такып сурап туруп алышты. Ошондуктан аргасы куруган Акакий Акакиевич өмүрүндө биринчи жолу кыялын көрсөткүсү келип, башчыга жеке жолугушу керек экенин, тигилер аны киргизбей койгонго акылары жок экенин, департаменттен казыналык иш боюнча келгенин, эгер киргизбешсе, анда алардын үстүнөн даттанаарын айтып көшөрдү эле, жазмакерлер буга каршы эч нерсе дей албай, арасынан бирөө башчыны чакырганы кетти.
Башчы шинелдин тонолгону туурасындагы окуяны кандайдыр бир таң калуу менен кабыл алды. Иштин негизги жагына көңүл буруунун ордуна ал Акакий Акакиевичтен эмнеге мынчалык кеч кайтканын, кайсы бир мандемдүү бузуку үйлөргө кирбедиң беле деп сурамжылап кирди; Акакий Акакиевичтин таптакыр айласы куруп, шинель боюнча иштин жылаар жылбасын өзү да билбей, башчыдан чыгып кетти. Күнү бою (өмүрүндө биринчи жолу) маанайы суз жүрдү.
Кийинки күнү ал жумушка өңү купкуу болуп, мурдагыдан да тамтыгы чыгып кеткен эски чапанын кийип келди. Шинелдин тонолгону туурасындагы окуя көптөрдү кейитти, бирок ушундан да пайдаланып, бечара Акакий Акакиевичтин үстүнөн шылдыңдап күлгөн чиновниктер да болду. Ага ошол замат акча чогултуп бермей болушту, бирок жарыбаган эле акча чогулду, анткени чиновниктер деректирдин потретине, анан бөлүм башчынын жазуучу досунун бир китебине деп ансыз деле чыгым тартышкан эле, андыктан чогулган сумма эч канча деле болбоду. Арасынан Акакий Акакиевичке жардам берсем деген кайрымдуу бирөө чыгып, квартальныйга кайрылбай эле койгонуң оң, анткени ал чоңдордун көөнүн алайын деп шинелди таап бериши да ыктымал, бирок эгер сен меники деген далил көрсөтө албасаң, шинель баары бир полицияда кала берерин айтып, жакшысы бир барктуу адамга кайрылгын, ошондо барктуу адам керектүү адамдар менен сүйлөшүп, ишти батыраак жылдырууга мажбур кылат деп кеңеш берди. Айласы канча, Акакий Акакиевич барктуу адамга барууну чечти.
Барктуу адамдын деги кызматы кандай, эмне жумуш кылат, ал азырга чейин бир жанга белгисиз. Барктуу адам жакында барктуу болгонун, ага чейин барктуу адам болбогонун билип коюшубуз керек. Баса, анын орду башка өтө чоң мансаптууларга салыштырмалуу азыр деле анчалык бааланчу эмес. Бирок ал барктуу экенин башка көптөгөн каражаттар менен бекемдегенге аракет кылды, так айтканда: ал кызматка келгенде ылдый турган чиновниктер аны тепкичтен тосуп алышы керек дегенди киргизди; үстүнө ар ким ага түз эле кирип келе бербей, мындан ары катуу тартип боюнча кирсин деди: коллеждик регистратор адегенде губерния катчысына, губерния катчысы – титулярдык кеңешчиге же башка бирөөгө айтып туруп, ошондон кийин гана ага жетиши керек деген тартипти орнотту. Эми биздин касиеттүү Руста элдин баарына туурамай деген жуккан эмеспи, ар ким эле өзүнүн начальнигин туурап, анын жолун жолдогусу келет да. Айткандарына караганда, кайсы бир титулярдык кеңешчи аны чакан, өз алдынча канцелярияга башкаруучу кылып дайындашканда, ал ошол замат дубалды тосуп, өзгөчө бөлмө жасап алыптыр, аны “келгиндердин бөлмөсү” деп атап, эшигинин алдына кызыл жакалуу, жеңине лента байланган кайтаруучуларды коюп, алар, ашып кетсе бир стол баткан, көчүк айланбаган “келгиндердин бөлмөсүнө” келгендерге улам эшик ачып турчу экен.
Барктуу адамдын келгендерди кабыл алуудагы расмиси салабаттуу жана сүрдүү болгону менен бирок татаал деле эмес эле. Анын системасынын негизи талапчандык болчу. “Талапчандык жана талапчандык”, – көп айтаар эле, адатынча акыркы сөздү айтып жатып, кимге айтып атса ошонун жүзүнө сурдана карап калаар эле. Бирок буга эч бир деле себеп жок болчу, анткени канцеляриянын өкмөттүк механизмин түзгөн ондогон чиновниктер ансыз деле коркуп турушчу: аны алыстан көрөр замат эле иштерин таштай салып, ордуларынан тура калышчу, начальник бөлмө аркылуу өтүп кеткенге чейин какайган бойдон турушчу. Анын кызматы төмөндөр менен болгон кадыресе эле сүйлөшүүсү: “Сиз эмне деп атасыз? Ким менен сүйлөшүп жатканыңызды билесизби деги? Маңдайыңызда ким турганын деги түшүнүп турасызбы?” деген үч эле сүйлөмдөн турар эле. Ошенткен менен ал ак көңүл, жолдошторуна да жакын, элпек адам эле, бирок аны жолдон урган генералдык чин болду. Генералдык чин алганда калдастап калды, башы адашып, өзүн кандай кармаганды билбей жүрдү. Өзүнө тең адамдар менен болгондо ал адамдай эле адам болчу, алтургай, жүрүм-туруму түз, көп жагынан алганда акылдуу да эле; бирок арасынан бирөө болсо да өзүнөн чини төмөн адамдардын чөйрөсүнө туш келип калганда таптакыр эле айласы куруй түшчү: үңкүйүп унчукпай отурчу, абалы тимеле боор ооругудай эле. Убакытты жакшы өткөрсө болорун өзү да сезип турчу. Көздөрүндө бир туруп, бир кызыктуу аңгемеге же топко кошула калсам деген каалоо байкалып турчу, бирок ар ким менен ашыналашып аша чаап кетпейминби, ошентип атып кадырымды түшүрүп албаймынбы деген күдүк ой аны токтотуп тураар эле. Ошентип ойлонуп жүрүп ал доошун анда-санда чыгарган, дайыма унчукпаган калыбынан жазбай кала берди да, аңгемелешкенге кызыгы жок адам деген атка конду.
Биздин Акакий Акакиевич мына ушундай барктуу адамга келди, келгенде да өзү үчүн абдан жагымсыз, барктуу адам үчүн оңтойлуу учурда келди. Барктуу адам ошол маалда көптөн бери көрүшпөгөн бала кездеги эски досу менен кабинетинде отурган. Так ошол учурда ага Башмачкин деген бирөө келгенин айтышты. “Ким экен ал?” – деп корс этти эле: “Кайсы бир чиновник”, – дешти. “А! күтүп турсун, убактым жок азыр”, – деди барктуу адам. Бул жерде биле кете турган жагдай, барктуу адам досу экөөнүн сөзү бүтүп, көпкө чейин унчукпай отурушкан, андан-санда гана бирин бири санга чапкылап: “Ушундай, Иван Абрамович!” – “Ошондой дечи, Степан Варламович!” – дешип отурган маал эле. Бирок ага карабай, эчактан бери кызматы жок калган, айылдан келген досуна чиновниктер ага кириш үчүн кабылдамасында канча убакыт күтүп отурарын көрсөтүп коюш үчүн тигини күттүрүп койгон. Моокумдары канганча сүйлөшүп, жумшак креслодо чалкалай отуруп тамеки тартып отурушкан соң ал бир оокумда эстей калымыш болуп, доклад алып кирген катчысы кайрылып, эшикке жеткенде: “Тиякта бир чиновник турат окшойт, ага айтып коюңузчу, кире берсин”, – деп калды. Акакий Акакиевичтин болбураган момун кебетесин, эски мундирин көрүп ага бурулду да: “Сизге эмне керек?” – деп зекигендей корс сурады, мындай чечкиндүү зарп менен сүйлөгөндү ал азыркы кызматына келгенге чейин, генералдык чинди ала электе эле ээн бөлмөсүндөгү күзгүнүн маңдайына туруп алып атайын үйрөнгөн болчу.
Акакий Акакиевич ошол замат эле апкаарый мукактана түштү, анан тилинин жетишинче такай колдонуп жүргөн “тиги” бөлүкчөсүн демейдегиден көбүрөөк айтып, шинели жапжаңы болгонун, аны адамкерчиликке жатпаган жүзү каралык менен тоноп кетишкенин, ошондуктан ага кайрылып жатканын, мырза тиги, эптеп обер-полицейский мырза же башка бирөө менен жазышып, шинелин таап берер деген үмүттө келгенин айтты. Генералга бул сөз эмнегедир ыгы жок теңтушсунгандай сезилди.
– Сиз эмне, урматтуу мырза, – деди ал зиркилдеп, – тартипти билбейсизби? Кайда келип отурасыз? Иштин кандай жүргүзүлөрүн билбейсизби? Адегенде бул туурасында сиз канцелярияга өтүнүч менен кайрылышыңыз керек болчу, ал стол башчыга, андан ары бөлүм башчыга жөнөтүлүшү керек эле, ошондон кийин ал катчыга берилип, катчы мага алып кириши керек болчу…
– Бирок улуу урматтуу төрө, – деди Акакий Акакиевич болгон кайратын боюна жыйнап, алка-шалка тердеп кеткенин да сезди, – мен улуу урматтуу төрө, катчылар тиги… ишенимдүү эл эмес…
– Эмне, эмне? – деди барктуу киши. – Сиз деги кайдан чыккан баатырсыз? Мындай ойду кайдан таптыңыз? Жаштарда начальниктер менен жогору тургандарга карата мындай ээнбаштык кайдан тараган!
Барктуу киши, кыязы, Акакий Акакиевичтин жаш курагы элүүдөн өтүп калганын байкабаса керек. Аны жетимишке келген адамдын алдында жаш жигит деп атоого болмок.
– Сиз муну кимге айтып жатканыңызды билип турасызбы? Маңдайыңызда деги ким турганын түшүнөсүзбү? Түшүнөсүзбү? Мен сизден сурап жатам!
Ал тимеле кыйкыра жаздап барып жер тепкилеп жиберди эле, Акакий Акакиевич эмес, кимдин болбосун жүрөгү түшмөк. Акакий Акакиевич нес болуп катып калды, бүткөн бою калчылдап ордунан тура да албай калды: эгерде кароолчулар чуркап келип жөлөй койбогондо полго кулап түшмөк, аны ошол бойдон көтөрүп алып чыгышмак. Барктуу киши болсо күткөнү оюндагысынан ашып түшкөнүнө маашырлана, айткан сөзү керек болсо кимди болбосун, ушинтип эсинен тандырып коёруна жетине албай турду, мунун баарын карап турган досуна көрдүңбү дегенсип көз кыйыгын салып карап койду; тиги болсо өзү да коркуп кеткенин көрүп, ырахаттана түшкөнсүдү.
Кантип тепкичтен түшүп көчөгө чыкканын Акакий Акакиевич сезген жок. Сенек боло түшкөн колу-бутунун кыймылын да туйбады. Ал өмүрү генералдан, болгондо да чоочун генералдан мындай катуу кагуу жеп көргөн эмес. Оозун ачкан бойдон көчөдөгү ышкырган бороондо тротуарлардан адашып келатты; Петербургдун бейжай шамалы демейдегидей эле туш тараптан арылдап согуп турду. Тамагы заматта колдоюп шишип чыкты, эптеп үйүнө жетти да сөз айтканга алы келбей, күпчөктөй шишиген денеси менен төшөккө кулады. Катуу кагуу жегендин кесепети да ушундай күчтүү болот тура!
Эртеси эти от менен жалын болуп чыкты. Петербургдун климатынын кеңпейил жардамы менен оорусу күткөндөн бат күчөп баратты, келген доктор болсо анын тамырын кармаламыш болуп, бирдемени ысытып басып тур дегенден башкага жарытылуу эч нерсе кыла албады, анысы бейтап медицинанын жардамсыз калбасын деген гана ишарат эле; бирок ошол эле замат бир жарым суткадан кийин жаны сөпөт болоорун айтты. Анан үй ээсине кайрылып: “Сиз, энеке, убакытты текке кетирбей, табыттын камын көрө бериңиз, аны карагайдан эле жасаганга буйрутма бериңиз, себеби эмен жыгач ага кымбат болуп калат”, – деди.
Акакий Акакиевич эти күйүп, жөөлүп жаткандыктан, бул суук кепти уктубу, жокпу, укса, ал ага кандай таасир этти, өзүнүн шордон арылбаган жашоосуна кейидиби, жокпу — ал белгисиз. Көзүнө улам бир таң калаарлыктай нерселер көрүнүп жатты: бир туруп Петрович көрүнөт, ага каракчыларды кармап алгыдай тузагы бар шинель тигип берүүгө буйрутма берип жатканы, ал каракчылар ага керебетинин астында жаткандай сезилет, бир каракчы төшөгүмө кирип алыптыр, сууруп чыкчы деп мүнөт сайын кожейкени чакырат; бир туруп мына бул эски чапан маңдайында эмне үчүн илинип турганын, анын жаңы шинели бар экенин айтат; бир караса “айып менде, улуу урматтуу” деп генералдын маңдайында турат, анан акыры оозуна ак ит кирип, кара ит чыга сөгүнүп баштады, анын оозунан мындай адепсиз сөздөрдү эзели укпаган кемпир чочуганынан чокунуп да алды. Андай адепсиз сөздөр “улуу урматтуу” дегендин артынан улай чыгып атканы. Андан кийин таптакыр эле түшүнүп болбогон чалды-куйду бирдемелерди жөөлүп кирди; бирок баш аягы жок бул жөөлүмөйлөрдүн баары шинелдин гана айланасында экени түшүнүктүү эле. Ошентип атып акыры шордуу Акакий Акакиевичтин жаны чыгып кетти. Анын бөлмөсүн да, буюмдарын да тизмектеп жазып, эшигине мөөр басышкан жок, анткени биринчиден, анын эч кандай мураскери жок эле, экинчиден, оокат дегенден болгону бир тутам каздын канатынан, жыйырма төрт даана ак барактан, үч жуп байпагынан, дамбалынан үзүлүп калган эки-үч топчусунан, анан окурманга тааныш баягы эски чапанынан башка эч нерсеси жок эле. Мунун баары кимге тийди, бир Кудай билет, ага, чынында, ушул повестти айтып берип жаткан мен да кызыккан жокмун. Акакий Акакиевичти алып барып көөмп коюшту. Ушинтип анда эч качан жашабагандай Петербург Акакий Акакиевичи жок калды. Эч ким таламын талашпаган, эч кимге кызыгы да, баркы да жок, ар кимдин шылдыңы менен кордогонун дым чыгарбай көтөргөн, өмүрүнүн соңунда шинель түрүндө келе калып кунарсыз жашоосун кыска убакытка болсо да жарк эткен нуру менен жарытып келип кеткен меймандай болгон окуя, анын артынан ааламды титиреткен падышалар менен өкүмдарлардын да башына келчү ченемсиз кайгы баскан макулуктай шордуу бир жан жок болду. Ал каза тапкандан бир нече күндөн кийин эмне үчүн жумушка келбей атканын билип келиш үчүн департаменттен кароолчуну жөнөтүштү эле, ал бат эле барып келди да “Акакий Акакиевич эми ишке келе албайт”, – деген жоопту айтты, “эмнеге?” деген суроого: “Жөн эле, себеби өлүп калыптыр, көмүлгөнүнө төртүнчү күн болуптур”, – деп койду. Айтор, департаменттегилер Акакий Акакиевичтин кайтыш болгонун ушундайча билишти, анын ордуна эртеси эле бою узун, тамгаларды да тикесинен эмес, жантайта, кыйшыгыраак да жазган башка жаңы чиновник отурду.
Акакий Акаевич туурасындагы аңгеме ушуну менен аяктар беле, бирок ал өлгөндөн кийин да жарыбаган өмүрүнүн эсесине дагы бир нече күн ызы-чуу сала жашары кимдин оюна келиптир дейсиз. Бирок ушундай болуп калды, биздин муңдуу окуябыз күтүлбөгөн жерден фантастикалуу аяктады. Петербургдагы Калинкин көпүрөсүндө, андан арыраак жерде түнкүсүн өлгөн бир чиновниктин арбагы чыга калып уурдалган шинелин издеп жүрөт имиш деген каңшаар кеп тарады, ал шинелин шылтоолоп, ошол жерден өткөндөрдүн эч кимисинин кызматына, мартабасына карабай шинелин сыйрып алып жаткан имиш, мышык жакалуубу, кундузбу, суусарбы, аюнукубу, иши кылып, адамдар денесин жабуу үчүн колдонгон тери атмайды тегиз четинен шыпырып атыптыр. Департаментте иштеген чиновниктердин бири арбакты өз көзү менен көрүп, анын Акакий Акакиевич экенин ошол замат тааныптыр; бирок жүрөгү ушунчалык түшкөндүктөн, буту бутуна тийбей тызылдаган бойдон качкан экен, тиги артынан кубалап жетпей, сөөмөйүн кезеп гана кала берген имиш. Ошондон кийин түнкүсүн келатып шинелинен айрылган титулярдык, алтургай жашыруун кеңешчилерге чейинкилерден туш-туштан арыз түшө баштады. Полиция арбакты тирүүбү, өлүкпү, кандай болбосун кармап, башкаларга сабак болгудай катуу жазалоо туурасында буйрук чыгарды. Алтургай, айрым жетишкендиктер да болду, так айтканда, ошол Кирюшкин чолок көчөсүндө кайсы бир кварталдын тартип сакчысы арбакты түз эле кылмыш кылып жаткан жеринен, кезинде флейта ойноп жүргөн кайсы бир картаң музыканттын жүн шинелин сыйрып аткан жеринен кармап да алыптыр. Алка-жакадан алып жардамга эки жолдошун чакырып арбакты карматып коюптур, өзү болсо аяздан тоңгон мурдун беш-алты жолу искеп ачып, жибитип алыш үчүн өтүгүнүн кончунан тамеки алып чыгайын деп эңкейе калыптыр; бирок тамекисинин жытына арбак да чыдап туралбаптыр. Сакчы бармагы менен оң таноосун басып, сол таноосу менен бир чымчым тамеки жыттаган чакта арбак үчөөнүн тең көзүнө жаба катуу чүчкүрүп жиберген имиш. Алар муштумдары менен көздөрүн аарчыгыча болбой арбак көздөн кайым болуп кетиптир. Ал чын эле болдубу, аны чын эле кармап турушту беле, өзүлөрү да билбей калышыптыр. Ошондон кийин арбактардан өлөрчө коркуп калышкан сакчылар эми тирүүлөрдү кармаганга да даай албай калышыптыр, болгону: “Эй, өз жолуңа түш!” деп алыстан гана кыйкырып коюшат экен.
Баса, бул жерде биз баягы барктуу адамды таптакыр унутуп калган турбайбызбы, бул анык, бирок фантастикалык нукта өнүккөн окуянын себепкери да ошол болгон эмес беле. Эң алды менен чындык алдындагы парз ушуну айтып коюуну талап кылат, барктуу адам баягыда иттей кагуу жеген байкуш Акакий Акакиевич чыгып кеткен соң, жүрөгүндө ага карата кандайдыр бир аёо сезими пайда болду. Ал негизи боорукер эле, ээлеген мансабы көп учурда тоскоолдук кылганына карабай, жүрөгүндө жакшы иштерди кылсам деген каалоосу күч эле. Ошондо ага келген досу кабинеттен чыгып кетери менен ал жадагалса, бечара Акакий Акакиевич туурасында ойлонуп калды. Ошол учурдан тарта анын көз алдына заар тилине чыдабай купкуу болуп кеткен Акакий Акакиевич кайра-кайра тартыла берчү болду. Ал туурасында улам кабатырлана бергендиктен бир аптадан кийин ага абалын сурап, кандайдыр бир жардам керек бекен деген ой менен бир чиновникти жөнөттү; ага Акакий Акакиевичтин мезгилсиз каза болуп калганын айтып келишкенде селейе түштү, абийири тынчытпай, күн бою маанай пас жүрдү. Анча–мынча көңүл ачып, оор ойлордон арылуу үчүн кечинде досторунун бириникине жөнөдү, барса ал жакта дурус кишилер чогулган экен, баарынын да кудай жалгап алардын чини да бирдей болуп чыкты, ошондуктан эч бир жагынан алар менен байланыша алмак эмес. Бул жагдай анын көңүлүн көтөрүп койду. Баары менен бажакташа ачылып, чечиле сүйлөшүп отурду, айтор, кечти ойдогудай өткөрдү. Кечки тамак учурунда эки ыстыкан шампан да ичип алды – бул көңүлдү куунак кыла турган сонун каражат да. Шампан аны ар кандай жээликтирген ойлорго түрттү; тактап айтканда, досунукунан чыгып, үйүнө эмес, Каролина Ивановна аттуу тааныш, эчактан бери достук мамиле күткөн немис айымдыкына бармай болду. Барктуу адам жашы улгайып калган, жакшы күйөө, бир бүлөнүн ардактуу атасы экенин айта кетишибиз керек. Эки уулу, анын бири канцелярияда кызмат кылат жана он алтыдагы татынакай кайкы мурун кызы да бар эле. Ал кыз күн сайын атасынын колун өпкөнү кирип келип: “bonjour, papa” (кутмандуу күн, атаке (франц.) деп калаар эле. Дагы эже ажары кете элек, алтургай, келбети да келишимдүү жубайы адегенде ага колун өптүрүп, анан аласалдыра кармап анын колунан өбөр эле. Бирок үй-бүлөлүк татуу мамилесине ыраазы болгону менен барктуу адам каада күтүп, шаардын башка жагынан ынак мамиле күтүү үчүн аял табууну туура көргөн эле. Бул аял анын өзүнүн аялынан эч жери артык да, жаш да эмес эле, бул жашоодо ушундай жагдайлар боло берет, ошондуктан аларды кеп кылуу биздин ишибиз эмес.
Ошентип барктуу адам тепкичтен түшүп келери менен чанасына отурду да арабакечине: “Каролина Ивановнаныкына”, – деди, өзү болсо абдан асем, жылуу шинелине оронуп алып телегейи тегиз маанайга батып отурду, орус адамы үчүн мындан өткөн жыргал барбы, башкача айтканда, өзүң эч нерсени ойлобосоң да биринен бири жагымдуу ар кандай ойлор өзүнөн өзү башыңа чубуруп келе берет, алардын артынан кубалаштын да кереги жок. Терең ыракатка баткан бойдон өткөн үлпөт отуруштун көңүлдүү учурларын, чакан топту кыраан-каткы түшүргөн сөздөрдү, өзү да чын дилинен күлүп отурганын эстеп келатты. Ойлоруна кез-кезде гана кайдан, кай себептен көтөрүлө калганын бир Кудай билет, зырылдап соккон заар шамал тоскоол боло калып жатты, кардын кыпындарын жабыштыра тимеле бетке согот, шинелинин жакасын кайыктын канатындай дилдиретип, ага башын чүмкөтө мазесин алып атканы.
Барктуу адам бир оокумда аны бирөө күтүлбөгөн жерден жакасынан бекем мыкчый кармаганын сезди. Кайрылып карай салса жапалдаш бойлуу, тамтыгы кеткен эски вицмундирчен бир адам туруптур. Ал анын Акакий Акакиевич экенин ошол замат тааныды да жүрөгү түшүп калды. Чиновниктин жүзү кардай купкуу, өлгөн кишиникиндей эле. Майит оозун кыйшайта, көр жыттанган демин анын бетине жаба бүркүп: “А! Бул сен турбайсыңбы! акыры мен сени… тиги, жакаңдан гана алдымбы! мага так сенин шинелиң керек! меникин тапканга аракет кылбадың, ал аз келгенсип мага опурулдуң, – эми өзүңкүн бергиниң!” – дегенде барктуу адамдын чындап үрөйү учту. Аз жерден жаны чыгып кете жаздады. Кеңседе, дегеле кол алдындагыларга канчалык мүнөзүн көрсөткөнү менен, анын айбаттуу турпатын көргөн ким болбосун: “Ух, мүнөзү укмуш ко!” деп калса да, тышынан баатырдай көрүнгөндөргө окшоп таптакыр эле жүрөгү оозуна тыгылды, корккону ушунчалык, эч бир жөнү жок эле кандайдыр бир талма кармап каламбы деп чочулай да баштады. Ал шинелин замата өзү чечип ыргытты да арабакечке: “Жаныңдын барынча үйдү көздөй чап!” – деп кардыккан үнү менен бакырды. Арабакеч демейде чечкиндүү мүнөттөрдө чыкчу, алтургай, чаап жибергенден кайра тартпаган заар үндү угаары менен не бар, не жок деген тейде башын ийнине катты да камчысын шилтеп, жебедей учту. Барктуу адам алты мүнөттөн ашыгыраак убакытта үйүнүн эшигине жетти. Өң-алеттен кеткен, купкуу, шинели жок неме ошентип Каролина Ивановнанын ордуна өз үйүнө келди, тамтаңдай басып бөлмөсүнө жетти да түнү бою чабалактап чыкты. Эртең мененки чай үстүндө кызы ага түз эле: “Бүгүн сенин өңүң тимеле бир алет ко, ата” – деди. Бирок атасы эмне болгонун, каякта жүргөнүн, кимдикине бармак болгону туурасында лам деп ооз ачпады.
Түндөгү окуя ага абдан катуу таасир этти. Ал эми кол алдындагыларга баягыдай: “Эмне деп жатасыз, маңдайыңызда ким турганын деги түшүнөсүзбү?” – дегенин сейрек айта баштады; айтса да адегенде иштин чоо жайын угуп алып туруп, анан айтчу болду. Кудай жалгап ошол учурдан тарта өлгөн чиновниктин арбагы да сереңдеп көрүнгөнүн токтотту: кыязы, ага генералдын шинели чак келди окшойт; канткенде да кимдир бирөөнүн шинелин сыйрып кетиптир деген учурлар угулбай калды. Бирок ишмер, камкор адамдар дагы эле жандары жай албай, шаардын тээ бир чет жактарынан дагы эле чиновниктин арбагы көрүнө калып жатканын айтып жүрүштү. Чын эле коломналык бир сакчы үйдүн артынан чыга калган арбакты өз көзү менен көргөн имиш; бирок жеткен суу жүрөк болгондуктан, аны токтото албай, караңгыда артынан ээрчип кете бериптир. Бир оокумда арбак токтоп, бурула калыптыр да тирүү жандарда жок колтойгон муштумун көргөзүп: “Сага эмне керек?” – деп сураптыр. Сакчы болсо: “Эч нерсенин кереги жок”, – деп жооп бериптир да ошол замат артына кайтыптыр. Арбак узун бойлуу, былчыйган мурутчан неме экен, Обухов көпүрөсү жакты көздөй басып, көөдөй караңгы түнгө житип кетиптир.
Которгон Бахтиер Шаматов
