Сүйүү-мүрөк

5/5 - (1 добуш)

Көрүүгө карааныңды издеймин махабаттан,
Камыгып санааларга карегиң мага жаккан.
Шаңданган обон менен толкундун түрмөктөлгөн,
Шарына чөгүп кетип, элесиң кошо аккан.

Тартылып карегиме, келбетин көз алдымда,
Таң шоокум нуру сымал, арзууга сен малдың да.
Катарлаш ыр дүйнөдө калемдин сыйкырынан,
Кызыл, көк, сыя менен баракка сен тамдың да.

Сезгендей жан туюмуң, карайсың күлүмсүрөп,
Сунасың ак дилиңден таптаза сүйүү-мүрөк.
От чачып жүрөгүңдөн жылуулук бергениңди,
Ойлобой коё албайм, асылым бир да мүнөт.

Эч жерден табылбаган, саптарды издеп жүрөм,
Эч кимде жок жытыңды кыялда искеп жүрөм.
Ыр жазсам сен жөнүндө чочутуп алуучудай,
Ыйыгым батынбастан, ичимден “биз” деп жүрөм.

  • 1971-жылы Ат-Башы районунда туулган. Ыр жазууга кызыгат.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген