Сулуулугуң

2.5/5 - (2 добуш)

Не мынчалык суктандырган сулуусуз,
Мээрим төккөн карагат көз, улуусуз.
Асман бүркөк, мөндүр төгүп жатса да,
Ак жүзүңүз ачып коёт булутсуз.

Сиз аялсыз, аялдардан башкача,
Токтоо мүнөз, өтө сыпаа адамга.
Зор эмгекчил, оор көрбөгөн жумушту,
Тунук акыл, ичи толук асылга.

Мейли болсун, бүт жакшылар өзүңдө,
Мен бир пенде, мындайлар аз өзүмдө.
Бекер бербе, сатчы бир аз алайын,
Жакшы жактан окшошоюн өзүңө.

Макул дээрсиз, кызганыч жок билемин,
Баардык элди сиз өзүңдөй көрөсүз.
Канча жолу ыдык көрүп калсаң да,
Таза ишенич, кечиримдүү немесиз.

Таазим кылам, кылымда бир жаралган,
Аруу дүйнө, Алла сүйүп жараткан.
Өзгөрүлбөс мээрим нурдуу аялсыз,
Сулуулугуң сактап турган бул аалам.

Автор

  • 1969-жылы Талас облусунун “Манас” айылында туулган. ТМУнун филология факультетин бүтүргөн. Медиа тармагында иштеген. 2001-жылдан бери Кесиптик билим берүү тармагында иштеп келет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген