Тагдыр таразасы

1/5 - (1 добуш)

Бай турмушум жай турмушка айланып,
Баратамын карылыка байланып.
Жашоо – чиркин чимирилген дөңгөлөк,
Мезгил өтөт, бүтпөй ага таң калып.

Жашоо менен алпурушуп жүрөбүз,
Келген келет, кеткен келбейт билебиз.
Ошентсе да “тобо” деген жан аздай,
Билинбестен көбөйгөнсүп күнөөбүз.

Тагдырдын да оор салмак ташы бар,
Ташыркатпай көтөрөрлүк шарты бар.
Сыноолору баштан өткөн чыйралтып,
Мыйзамына баш ийдирген салты бар.

Жарык маанай – ак шоолалуу таңы атса,
Жакшылыкты Кудай өзү жаратса.
Эртеңкиме үмүт байлап жетелейм,
Кандай бакыт – таттуу тилек саматса.

Автор

  • 1957-жылы Кеминдеги Кызыл-Октябрь айылында туулган. “Кемин кайрыгы” ийриминин мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген