Тирек болдуң
Сен бар үчүн жакшы көрөм жашоону,
Көтөрөсүң таарынчымды, мактоомду.
“Ар нерсенин өз мезгили болот”, – деп,
Сен үйрөттүң сабыр кылып, шашпоону.
Толтура тоскоолдуктар курчаганда,
Чындыгымды эч бирөө укпаганда.
Сен мага бекем туруп тирек болдуң,
Дайыма алга сүрөп жүрөк болдуң
Купулга толсо сендей толуш керек,
Эзилбей орду ордуна коюш керек.
Эт менен челдин жүрбөй ортосунда,
Чыныгы эркек сендей болуш керек!
