| |

Төкен Алжантеги: “Ажалдын оюну”

3.8/5 - (6 добуш)

(аңгеме) 

Райондун борборундагы чоң дүкөндүн алдына коюлган узун жыгач отургучта өзүнө теңтуш үч-төрт жигит менен кобурашып отурган Жанжуман каршысындагы аянтчага токтогон капкара машинаны көргөндө, капыстан селт этип, бирөөнү күтүп жаткандай ошол тарапты тигиле карап калды. Үмүтү алдаган жок өңдүү. “Джиптен” шаша-буша түшкөн, узун этектүү, кең көйнөк кийип, бети-башын чоң жоолук менен оронуп-чүмкөнгөн, толмоч, семиз аял менен бою узун, арык чырай эркек көрүндү. Эркектин кыймылы элпек. Кол-аякка жукпай аялдын айланасында ары-бери чуркап, камкордук көрүп жүрөт.

– Ап, баракелде! – деди муну көргөн Жанжуман өзүнөн-өзү алаканын ушалай кудуңдап, – Колуңа карга чычат деген ушул да!

Бул көрүнүштү түшүнө албай, сонуркай тиктеп турган шериктери да аң-таң. Алда-неден көңүлдөрү үмүт кылып турганына карабай, дал ошол учурда ал-жай сурашууга да батына алышкан жок. Бирдеме деп ооз ачса эле колуна конуп турган бакыт кушун үркүтүп алчудай болгон тартынчаактыгы аларды чыдатпай тургандыктан, айла жок, абайлап күтүүгө мажбур болушту.

Аялзатын көргөндө эркектин көзү алгач кайсы жерге түшөрү айтпаса да түшүнүктүү го, толук бийкеч жамбаштуу да экен. Кадам шилтеген сайын кең көйнөктүн өзү да анын өзгөчө мүчөсүн жашыра албагандай бүлкүлдөп, сырттагылардын кумарын козгоп турду. Ошону билип туруп да билмексен болгонубу, аял өзүн өтө эркин кармады. Жалтыраган булгаары сумкасын көкүрөгүнө кыскан калыбында термеле басып дүкөндүн эшигине карай бет алды.

– Желпигичиңди алайынбы?..

Чиркей чаккандай да көргөн жок. Укса да укпагандай, кекирейген калыбында унчукпады.

– А-а, макул анда…

Аялдын мүнөзүн жакшы билген тариздүү, эркек андан ары үн катпай анын соңунан ээрчиди.

Маң-маң… 

Бах-бах!

Мына бул басыгынын ыргалышы кайыкты эле эмес, керек болсо деңиздеги чоң кемени да чайпап-чайкап жиберчү толкунду элестетет. Жел жүрбөсүн, жүрүп берчү болсо дүйнөнү астын-үстүн кылып жибериши да мүмкүн. Жараткан ушундайынан сактасын.

Ушул оюнун кадиксиз экенин далилдегендей жайчылыкта оозу тыйылбаган, өзү ушул күнгө чейин катынсыз жүргөн чийкил сары жигиттин шилекейи чубуруп, ал эми арыдагы аны-муну менен анчейин иши жок кара жигит да эриндерин жалай, шилекейин жутуп алганын байкабай калды. Ал эми муруну коңкойгон, бадырак көздүн таноосу дердейип, көзү жымыңдап кеткенине төбөдөгү кашкайган күн күбө.

Аял болсо мунун бирин сезер эмес.

Же сезген деле чыгар, анткени менен сыр бербестен, жай басып, миң сан көздү артынан ээликтирип-ээрчите өтүп кетти. Ушул калыбында кара жерди ныгыра баскан жалгыз пенде баласынан ушул аял гана барбы деп ойлоп кетесин.

Артынан салпаңдаган узун бойлуу эркек буларга катарлаша бергенде Жанжуманга тил бүттү:

– Эй, кудайдын сүйгөн пендеси! Кудай сага берерин берип койгон өндүү, бирок сенин бизге берериң барбы же жокпу? – деди башын бир аз кыйшайтып, жылмайып.

Эркек токтой калды. Анан “ошолбу же эмесби?” дегендей тигиле карап туруп, шыбырады:

– Жаншыгар?..

– Ооба, жаны чыга элек байкушпуз.

– Сен али тирүү белең?..

Жанжуман бырс этти.

– Өлүп калбаганымды көрүп турасың го. Өлбөгөн үчүн сага үн катып турганым да.

“Кудайдын сүйгөн пендеси” күлгөнүбү же үшкүргөнүбү белгисиз, шыпшына кетти:

– Ы-ых… Сен өлсөң кимдин жери кеңип кетмек эле, жүрө бер. Мен эмес, жер көтөрөт да.

– Албетте. Сени да, мени да жер көтөрөт.

– Убал дагы…

– Убал-соопту сен сүйлөбөй эле кой.

– Сүйлөсөмчү?

– Оозуң кыйшайып калбасын деп корком.

– Анда, ооз кыйшыйып калбас үчүн эмне кылышыбызды кааламакчысың?

– Мынабу кеңгиреп турган башты жазып жибер, ошол сооп.

– Анысы оңой экен.

Ал чөнтөгүнөн беш миң теңге чыгарып, Жанжумандын колуна кармата салды.

– Жетеби?

– Азырынча жетет. Кийин дагы жолугарбыз…

– Жолукпасак да көңүлүм баягыдай.

– Жолугушабыз, жолугушабыз. Албетте, сенде бир нерсе болсо бизде да болот деген үмүтүмдү үзбөйм.

– “Үмүтсүз – шайтан” дегенди улуулар бекер айткан эмес.

– Мына ушунуң туура сөз. Бул дүйнөдө жер баскандын баары шайтан экенин унутпагайсың.

Ушул маалда дүкөндүн эшигин ачкандан эринген аялдын үнү угулду:

– Өй, дагы баягыларыңбы… Эй, кезинде бул алкаштар менен ичип, тойгонсуп бүттүң эле го, эми кайда барасың? Айыл бул жакта, артка кайт, каралдым, кайт артка!

Өзгөлөргө бейтааныш, Жанчыгарга тааныш бул үн чыкканда эркек артына кылчайбай жөңөп берди. Жанжуман ээгин шилтей:

– Аял алганым – башыма нокто катканым дегени ушул го… – деди. Колдоруна “карга чычкандар” бул тушта аялдабастан, дүкөндөн алчусун алып, эл азыраак жүргөн кара бактын ичин көздөй кетишти.

*   *   *

…Эсине келгенде өзүнүн ай-талаада жатканын түшүндү. Бирок алгач кайда экенин ажырата алган жок. Сыягы, сейил бактын эле айланасы окшойт, айтор, темир тосмо менен курчалган аймак. Ооба-ооба, тирөөчтөрү бекем болсун дешкендей, темир тосмолордун түбүн бири-бирине улаштыра цементтеп куюп салышкан жер экен. Ошол тосмонун бир капталында жантайып жатыптыр.

“Эй, иттер-ай! Ит болбосоңор ушинтмек белеңер! Үйгө жеткирип койсоңор эмнеңер кетмек эле? Хандык тактыңардан ажырамак эмессиңер го…” – деп, аң-сезими тумандаган абалда бөтөлкөлөштөрүн ичинен катуу жемелеп алды. Андан соң башын көтөрмөк болду эле, башы коргошундай салмактанып, ыңгайына көнбөдү. Мынабу темир тосмону кургандар мунун башын тосмонун цементи менен кошо куюп салышкансып башы зилдей оорлошот…

“Өңчөй тилемчилер! – деп дагы күбүрөндү. – Колунда барга көз артып, азга канаат кылууну билбеген, кайрымдуулукту үйрөнбөгөн силерге не даба!..”

Күтүүсүздөн келген ачуу илеп кекиртегин үзө жаздап, өйдө сүрүлдү да, кудай жалгап, жанын кыйнабай кайра тез эле басылды. “Бул адаттагы эле өзүнөн-өзү келип, өзүнөн-өзү иттей болуп жоголчу кусунду да, сабыр, Жанжуман, сабыр”, – деди алде-неден уяла жымыңдашкан жылдыздарга көз жиберген калыбында көктү тиктеп жатып. Андан соң узундуу күнү не иштеп, не койгонун эстеп көрүүгө тырышты. Эртең менен өз үйүндө аман-эсен ойгонгону анык беле? Анык…

Дасторкондо катый түшкөн нандын күкүмүн оозуна салып орозосун ачканы да чын болчу. Ошондой эмеспи? Дал ошондой.

Ачууланып, буркулдап жүргөн аялынын бир сөзүн кулагына илсе, экинчисин кулагынын сыртынан кетирип койгону да анык.

Андан ары бирдемеден куру калчудай болуп күн сайын чогулчу “куттуу” жайына карай алып-учуп жөнөгөнү да белгилүү. Дал ошол жакка бара жатып, жолду айлампага айландырып койгон чоң көрүстөндүн тосмосунун ичине ашып түшүп, бир “кое берип” алганын да танбайт. Аркы дүйнөдөгүлөрдүн алдында ушундай күнөө кылганын мойнуна алат. Бирок суусаганда суу издеп, салкынды самап, үшүсө аптапты издей берчү көңүл жарыктыкка кайсы ылаажы, мындайда убал-соопту да кийинге калтырганы чын болчу.

Ушундай башаламандыкка өзү эле күнөөлүү эместигин айтып, ичинен өзүн-өзү актоого да аракет кылганы эсинде. Казакстанда жер жетишпей жаткансып көрүстөндү калк отурукташкан жердин так ортосуна жайгаштырып салгандар – муну эмне ой менен кылганын түшүнө албаганы ошого түрткү болгон. Тирүүлөр менен өлүүлөр аралаш жашасын деген пейилби, же болбосо тирүү кезде өлүм дайыма жанында катар жүрөрүн унутпасын деген эскертүүбү – айтор, көп айыл-кыштактарда ак сарайдай үйлөрдүн түбү барып көрүстөндөргө такалып турганын билчү. Жанжуман тиричилигин өткөргөн “район борбору” деген аты бар бул шаарча да дал ошондойлордун бири. Бир жакшы жери – көрүстөн тосмо менен тосулган. Болбосо “айылы аралаш, кою короолош” болуп, тирүү менен өлүк чогуу “баш жазып кетпесине” ким кепилдик берет эле…

“Астапыралла!” деди, ою чектен ашып баратканын сезип, учкул кыял-оюн ооздуктоого тырышып. Бирок мунусу узакка созулган жок, саамдан соң баягы эле ой нугу уланды.

Бул көрүстөн да заман агымына жараша өсүп-өнүккөнү көрүнүп турат. Илгери калктуу конуштардын четин гана ээлеп турса, бара-бара ортодо калып калган экен. Мунун да жөнү бар. Айланасындагы майда айылдар тарып, эл көчө баштаганда кайда барышмак эле, албетте, калкы көп, мүмкүнчүлүгү мол чоң борборлорго агылышты да. Жөн гана келип тим болбостон, үй салып, тиричилигин оңдоого аракет кылышкан. Ал үчүн эң биринчи эмне керек эле? Жер керек болчу. Кадимки эле, жайчылыкта адам баласы баасын толук аңдай элек кара жер!

Ал эми жер дегениң көз көрүстөндүн ары-бери жагында толтура эмес беле көз жоосун алып? Бар да ал, анан каалаганыңды кур. Аның үчүн өлгөндөр сага каршы чыкпайт, орундуу-орунсуз кыйкырып, тынчтыкты бузбайт. Болду.

Ошентип, арадан далай жылдар өтүп, көрүстөн дегениң чоң калктуу конуштун так ортосунда калды да, айланасы тирүүлүктүн күлкүсү менен курчалды. Азыр кайда караба, узуну-туурасы ат чабым болгон ак үйлөрдөн баш айланат. Эми аларды асмандан чагылган түшсө да буза албас. Анткени азыр колундагы токочунан жөн эле ажырап калчу акмак жок. Адамдар колунда барынан ажырамак түгүл бири-бириникин үзүп-жулуп тартып алууну үйрөнүштү. Муну айрымдар “замандын өзгөрүшү” деп коюшат, өз кылыгын актамакка шылтоо кылып. Жок, заман баягы эле заман, убакыт баягы эле убакыт. Тек гана, адамдардын пейили өзгөргөнүн айтууга эч кимдин шаасы жетпейт. Ошол пейил тирүүлөрдү байкатпай колунан кармап, көргө карай сүйрөп бара жатканын аңдоого эч кимдин баш катыргысы келбегени да өкүнүчтүү. Көрүстөндү айланып өткөндөн кийин өз оюна өзү ынангансып, Жанжуман эми эч нерсеге алаксыбай, бара турган жерине жетип алууга тырышып, кадамын ылдамдаткан. Анын караанын алыстан эле байкап калган чийкил сары Коңкош да, капкара болгон Айтказы да, коңкойгон коңко мурун Сергазы да кубанычтарын жашыра алышкан жок.

– Аман-эсен жеттиңби, шайыр жигит! – деп Сергазы азил аралаштыра ыржайды.

Анын сөзүн Коңкош улап кетти:

– Башың ордунда, бакайың бүтүн эле сыяктуу, эмнеге мынча кечиктиң деги? Сабырыбызды түгөттүң го тим эле…

Айтказы да тим калбай сөзгө аралашты:

– Ооз бошото турганы барда оонагандан алыс калбаганын бизге далилдегиси келди да бул кайраның, – деди эч ким сурабаса да арага кийлигишип.

Жанжуман унчукпай туруп анан кергиштей сүйлөдү:

– Ашыга күткөнүңөргө караганда, тим эле кең-кесири дүнүйөнүн капкасын ачып койгондойсуңар го. Мына, келдик, кана эми жоомарттыгыңарды көргөзгөзө бергиле, – деди отургучтун бир четине олтура берип. – Балким, чекени тердетер, какшыган өзөктү жибитер бирдеме тапкандырсыңар, бар үмүтүм силерде?

Муну укканда Коңкоштун өзөгү тарта түштү.

– Ой, сен да бир… – деди да сол жагына карай чырт түкүрүнүп, – Эгер бирдеме табылса ушинтип кол куушуруп отурат белек күбүр-шыбыр болуп? Кетер элек го ар кимибиз ар кай жакка, кетмен-күрөгүбүздү көтөрүп алып…

Үнү кыжырдана чыкты.

Чынында ошондой болчу. “Эки колго бир күрөк” деп жүргөндөр кимдир бирөө жумуш сунуштаса эле жапырт жүгүрүп кетүүгө даяр турушчу. Чоң шаарларда “жетим бурч” деп аталган жерлер бу шаарчада так ушул жерде орун алган эле.

“Жетим бурчтагылардын” эл оозуна алынган дагы бир аты – “аракечтердин уюгу” дешип, буларды жактырбагандар күбүрөп-шыбырап калышчу. Бирок так ушинтип айткандар бул жердегилердин абалы менен бир ирет болсун таанышып көрүштү беле? Ушу жерге топтолгон ар бир адамдын тагдырынан кабардарбы? Жок. Анда “өз оозум өзүмдүкү” деп эле, оңду-солду оозуна келгенди оттой бербегени дурус да. Ооба, ошондой, “тоюп секиргендер тоңуп секиргендерди” орундуу-орунсуз каралай бербесин!

…Анан эмне болду эле? Жанжуман оюн жыйып үлгүрө электе эле дүкөндүн алдына сүлүк кара машина келип токтогон да, андан жамбаштуу аял менен узун бойлуу эркек түшө калышкан. Андан кийинкиси болсо айтпаса да белгилүү, сейил бактын ичиндеги ичмей түн ортосунда жылдыз саноого чейин уланып кеткенине караңгылык өзү күбө.

Ошондо дегени неси… Дал ушул учурда азыр өзү кайда жатат? “Оо-уп!”

Тура албады. Муун-жүүнү калтырап, өзүн кармай алар эмес.

Эй, токто! Балким өлүп калган чыгар? Балким тиги дүйнөнүн эшигинен бери шыкаалап жаткан жокпу?!

Айланасына кулак салды.

Ара-чолодо унаа жарыгы караңгылыкты тилип өткөндөй болот. Гүр-гүр эткен үн түн тынчтыгын солкулдатат. Демек, аркы дүйнөгө өтпөгөнү анык, башкача айтканда, өлбөгөнү, берки эле дүйнөдө тырайып жатканы шексиз. Балким, алгач ойлогондой эле сейил бакта же болбосо үйүнө бара жаткан жолдогу бир короонун чарбагынын түбүндөдүр. Айтор, көчө кезген иттердин муну көрбөгөнү, оозу-башын жалап кетпегени гана чоң сооронуч.

И-ие, жалган дүйнө-ай!..

Жалган эмей эмине, ыңаалап кечээ эле төрөлгөн, бүгүн болсо бирөөнүн чарбагынын түбүндө иттей болуп ичи кабырылып жатат.Туураланып оонаганга да алы жетер эмес. Ушунун баарын карап туруп өмүр дегениң өкүнүчтүн очогунда буркан-шаркан кайнап жаткан казан сыяктуу нерсеби, кандай бу деп ойлоп кетесиң? Ушул кейпинен жазбай кете берсе, баары түгөнүп, бир күнү өмүрдүн деле аягына чыккан кезин көрүүгө да мүмкүнчүлүк келет го. Тек, ошол күнгө абийир менен жетсе жакшы…

Негизи, мына бул абийирсиздиктин башаты кайдан башталды эле?

Баары баягы чоң жамбаштуу аялдын жанында жүргөн “Кудайдын өзгөчө сүйгөн пендеси” аталган Кудайбергенге жолугушуудан башталган сыяктуу. Жыпылдаган Кудайберген оболу мечиттерди айланчыктап, анан “жетим бурчту” жана ага окшогон “жетим” жайларды аңдып жүрүп, акыры бир нече жигитти айтканына көндүрдү да, аларды алыс жакка жөнөтүүгө даярдай баштаган.

Албетте, “тетиги жакта алтын бар дегенге ишенип барып, жез да таппай калдым” дешпесин деп өзүнө ишенгендердин алакандарына аз-аздан тыйын таштаганы үчүн мындагылардын баары ага бекем ишенип калганы кечээки күндөй эле эсинде.

Булар адегенде мечитке барып, эл менен катар тизилип намаз окууга көнүштү. Албетте, баары эле намазкөй болуп кетишкен жок. Маселен, Жанжуман бала чагынан кулагына сиңген Ыкылас менен Фатиха сүрөлөрүнүн үч кайрымынан ашыра алган эмес. Ошентсе да, көзөмөлчүлөр үчүн бул анчейин маанилүү болбогон сыяктуу, айтор, аны эч ким тизмеден чыгарып салган жок.

Көзөмөлчүлөр дегенибиз… андайлардын бар болгондугуна эч ким шек келтирчү эмес. Аларды кадимки адамдардан айырмалоо мүмкүн эмес эле. Эч ким менен иши жоктой өзүнчө жүргөндөр тигил бурчтан, бул бурчтан чыга калышчу.

Капилеттен эле кадимки айтыла жүрчү “баяндардын” “обону” өзгөрүп, тизмедегилер шашылыш жолго чыгууга кам көрө баштаганда, дүйнө астын-үстүн түшкөндөй болду. Ар кайсы жерлерде текшерүүлөр жүрүп, бир топ адам камакка алынды. Алардын арасында Жанжуман да бар эле.

Ал күндөрдү адам башына салбасын – чыныгы тозок отуна түшкөндөй эле го! Түнү бою уйку жок. Көзү илине баштаганда эле кайра суракка алышат. Сурагын берип гана отурушса да бир жөн. Жок, башыңа целлофан баштык кийгизип муунтушат, кээде союлдай муштумдары менен алсыраганча сабашат. Кызыгы, сабаганда денеңде так калтырбайт. Бирок жаныңды көзүңө көрсөтүшкөрү чын.

Сурагандары да бир эле: “Сирияга эмне үчүн бармак болдуң? “Аль-Каида” менен байланышың барбы? Азгыргандар кимдер? Тобуңарда дагы кимдерди тааныйсың? Жихадды кайда, эмне үчүн уюштурмак болдуңар?” жана башка ушул сыяктуулар.

Эгер алардын уккусу келбеген жоопторун быдылдачу болсоң кайра эле таяк жейсиң. Камеранын бир бурчунда кан-жошо болуп жатып, эптеп эсиңди жыясың.

Ошентип күн артынан күн өттү, айлар жылды. Акыры сот болуп, айрымдарына жылдап, кээ бирөөлөрүнө айлап жаза беришти. Жанжумандын камакта өткөргөн убактысы эсепке алынып, ошол өлчөмдө мөөнөтү кыскарып, сот залынан бошотулуп чыкты.

Чынын айтканда, Жанжуман Сирия, жихад дегендер менен иши жок, андайдан алыс жүргөн адам эле. Ал жакта таш доорун элестеткен жагдай-шартта адамдар жашаганын тарых китептеринен окуп билчү, бирок куму да, куну да бейтааныш, бөтөн жерге барып, кайдагы бир бейтааныш адамдардын талашына аралашуу деги эле оюна келбеген иш эле. Болгону акча таап келүүнү гана самаган. Шытыраган “көк кагаздарды” санап, аялдын алдына таштай салса “куда да, кудагый да тынч” дегенди санаасына түйүп алган экен. Дал ошондой күнгө жетип, кулак-мээсин жеген катынынын ызылдагынан кутуларына абдан ишенген. Бар болгону ушул эле.

Соттон Жанжуман бошоп чыкканы менен “Кудайдын берген баласы” Кудайберген беш жылга кесилип кетти. Жазасын өтөп келген соң экөөнүн бир жолукканы бар. Ошондо Кудайберген: “Мени сатып кетпегениң үчүн рахмат, Жаншыгар! – деди, адатынча “жуманды” “чыгарга” алмаштыра сүйлөп. – Сен мени күнөөлөп чыксаң, мен элдин бетин карай албай калмакмын”.

Чынын айтканда, Жанжуман аны каралагысы келбегендиктен каралаган эмес, айтканынын баары кайра айланып өз башына тийип калбасын деп гана тилин тыя билген. Андан жамандык көрбөгөнү белгилүү.

Ошондон бери экөө жолуккан эмес эле. Бүгүн жүз көрүштү. Дени соо экен. Ага да шүгүр. Ал эми катынычы?.. Аял дегениң кергиштебесе, бир кулач тилин агытпаса аял болобу. Аларды бир түзөй алса кабыргаңдан алып жасаган Жараткан гана түзөй алар.

Жанжуман асманды карады. Жылдыздар эсепсиз жыбырап, Жети Каракчы өз сабын ылдый карай түшүрүптүр. Бул дегениң түн ортосу ооду дегенди түшүндүрөт. Андай болсо, ордунан турууга убакыт келген окшойт. Колу-бутун кыймылдатып көрдү. Жазылып калыптыр. Башычы? Ал да зыркырагын азайткандай. Болгону тили салактап, оозуна батпай баратканы гана жанды кыйнайт. Эч нерсе эмес, мунун баары көнүмүш абал. Калт-култ этип таманы жерге тийген күндөн баштап адам баласы кээде ооруйт, кээде жазылат, кээде суусайт, кээде чаңкоосун кандырат. Бу да тирүү жүргөнүңдүн белгиси. Көөдөндө жан барда мындай каккы-соккунун дагы далайын көрөрсүң. Андай болсо эмнеге жатасың? Оо-уп!

Көкүрөгүн жерден көтөрө берип эле селт этти. Колу-буту муздап кетти. Ой, тобо! Бул көрүстөндү курчаган коргон турбайбы! Ооба-ооба, дал өзү! Жетип жыгылган жерин карачы! Баса, бая өлүү да эмес, тирүү да эмес абалда жатканы өлүм менен өмүрдүн ортосундагы алпурушканы экен го…

Кулагы чың-чың этти.

Илгери улуулар: “Адам төрөлгөндө жердин бир жери бүлк этет, – өлгөндө дене ошол бүлк эткен жерге жашырылат”, – деп айтышчу. Ошондо буга тиешелүү эки кулач жер ушул жерден буюрганбы? Кыймылсыз жатып калганым ошону ишарат кылганбы?

“Ла илаха иллалла, ла илаха иллалла…”

Ичинен бир нече ирет кайталады. Катуу коркконунан го, соттон кийин биринчи жолу келме келтиргени ушул эле.

Бир аз жаткан соң башын көтөрүп, айланасын кайра карап чыгууга аракет кылды. Жылдыздардын үлбүр жарыгында мүрзөлөрдүн карааны калдайып, үрөй учурат. Ошол соройгон бейиттердин арасында ар кайсы тушта көлөкөлөр жылып жүргөндөй сезилип, санаа-сезимиңди сестендирет. Балким, алар элес эмес эле өлгөндөрдүн нак өздөрү болбосун, тирүүлөр менен байланыша албаган соң, бири-бири менен аралашып жүрүшкөнүбү? Же тынч жаткан жайынан тынчын бузган мобу тирүүгө нааразы болуп, дүрбөп кетишкениби? Баары мүмкүн, тирүүсүндө тынчын алган адамдар, аркы дүйнөнүн тынчтыгына жеткенде да тынч койбогонуна нааразы болгондор чыгар…

“Ла илаха иллалла, ла илаха иллалла…”

Күбүрүн улантты.

Ошентип жатып, “адам үч күндөн кийин көргө да көнөт” деген сөздү эстеп, айланасын кайрадан карап чыгууга кайрат тапты. Мынабу кереметти караңыз, сүрөөнүн күчүнөнбү же башкаданбы, элестер кайып болуп кеткенсиди. Тигиндейде кара жол менен өтүп бара жаткан машинанын жарыгы айланасын жарк эттиргенде, көрүстөн баягы эле көрүстөн бойдон калып, өзү болсо кыймыл-аракети сакталган тирүү адам калыбында эле экенин аңдады. Демек, тирүү экени талашсыз. Тирүү болгондон кийин азыр ордунан турат дагы үйүн көздөй жортуп жөнөйт. Жанагылар көрүп алсын, Жанжуман али да жер баса ала турганын, басып да жүргөнүн!

О-оуп!

Жер таяна талпынганы менен оюна алда бир нерсе келип, тып токтоп калды. 

А эгер өлдү дейлик… Анда эл-журт, тууган-туушкан муну ким деп жерге бермек? Аракеч деппи? Же болбосо бул дүйнөдөн эч нерсе таппай кеткен байкуш деппи? Кой, андай дебес. Узун аркан, кең тушоолуу казакчылык жамандыкка кыя койбос, жаназага чогулгандар беттери бир былк этпей туруп “улуу-кичүүгө боорукер, кой оозунан чөп албаган момун, тууган-урукка ачык-айрым, ак жаркын жан эле” деп жаманын жашыра, жакшысын ашыра айтышары бышык. Бирок ошол сөздөрдү жансыз дене боюна сиңире алмак беле? Каргасаң да, мактасаң да ага баары бир эмеспи? Анда, ошондой жалган мактоолорду желбиреткенинен казак не утат өзү? Деги эле ута турганы жок. Эгер кебинен кемчилиги ашкере билинип калса бар тапканы – “окубагандыгынан, билбестигинен” дей салмай. Бардык шылтоону ошого артып тынчышат.

Мисалы, Жанжуман да жогорку окуу жайда окуган эмес, эл катары жогорку билим алган эмес. Анткени менен тиги-булардан өзүн кем сездиби? Жок. Анткени айылда жүрүп эле китептен китеп калтырган эмес. Кечинде мал жайлап келген соң, шамдын күңүрт жарыгында казак жазуучулары менен катар дүйнө адабиятын да түгөлдөп, түгөтө окуп чыкканы жалганбы. Башкасын айтпаганда да, “коёнчук”, мээ ооруусуна учураган француз Ги де Мопассанды, санаасы тынчыбай, күйгүлтүккө көп түшкөн чех Франц Кафканы да, талма оорусуна чалдыккан немис Фридрих Ницшени да, көңүл азабын көп тарткан америкалык Эдгар Пону да, атасынын өчү бардай дуэлди сүйгөн, дуэлден өлгөн орустун Пушкинин да окуп чыккан. Эмне тапты? Эч нерсе тапкан жок. Болгону акчага муктаждык, дүнүйөгө ачкалык буттан чала бергенин токтотподу. Акыры санаасын да, болмушун да байлык деген бир балээ чидерлеп тушап алды. Ал тушамышты үзүп салууга чамасы жетпегени Жанжумандын алсыздыгы болду.

Дегени менен ошону биле турган бирөө табылдыбы, табылып буга дем берүүгө жарадыбы? Жок. Мына, акылдуу деген адамдарыңдын акмактыгын дал ушул жерден издесең жаңылбайсың.

Капысынан селт этип алып, ордунан атып турду да үстү-башын кагынды. Алгач буту бир аз чалыштап кеткени менен бат эле боюн жазып алды.

– Мен өлбөймүн! – деди анан көрүстөнгө тигиле карап туруп келе жатып, өзүнө өзү кыжырланып. – Ажалдын оюну бүттү, эми өмүрдүн оюну башталат! Бүттү!

Бул кезде таң шооласы агарып келе жаткан эле.

Автор

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген