Толугум, кичи мекеним

1.5/5 - (2 добуш)

Толугум, кичи мекеним,
Жан дүйнөмдү ээледиң.
Керемет, ар бир мезгилдин
Кооздугун сенден сеземин. 

Аппак кар баскан Ала-Тоо,
Карагай, арча көркү укмуш.
Жапжашыл жайы, кышы да.
Табият сыйкыр кубулуш. 

Айтылуу жайлоо Тер жайлак.
Гүлдөрү түркүн, жер жайнап.
Абасы таза тоолордо.
Үн коштойт, куштар да сайрап.

Жанга кубат, демге күч
Кымызын ичсең бээ байлап.
Жайлоонун көркүн чыгарат.
Төрт түлүк малы, жер жайнап.

Аралап шибер чөптөрүн.
Балалык чагым өткөрдүм.
Көңүлдө дайым элестейт
Көркөмү сонун көктөмүң.

Толугум, кичи мекеним,
Толтура кайың, четениң.
Береке, куту төгүлгөн,
Пейили кенен эл, жерим.

Көк кашка тунук сууларың,
Шылдырап аккан булагың.
Толугум, бейиш жердесиң,
Тоолордон шаңшыйт уларың. 

Толугум, алтын бешигим.
Эркелеп сенде чоңойдум.
Киндик кан тамган, кутман жер,
Түбөлүк сендик боломун.

Автор

  • Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун, Толук айылынын тургуну. 

    Кичинесинен ыр жазууга кызыкканы менен, адабий чөйрөгө кеч келди.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген