Тоого болгон кумарым

Биринчилерден баа бериңиз!

Тоо аралап кумарланып чоңойгом,
Тоо койнуна сүңгүп, уктап ойгонгом.
Тору атты токуп берсе агатай,
Торпок айдап, белесинде ойногом.

Кожогаттан терип, нечен тойлогом,
Кочуш толо жесем дагы тойбогом.
Кылкылдата жутуп таттуу кымызын,
Булак суусун шимий ичип торолгом.

Гүл жыттанган, жашыл шибер тулаңы,
Тоо боорунда аккан тунук булагы.
Булут каптап келсе кокус буулугуп,
Күн күркүрөп, жамгыр төккөн курамы.

Карысам да тоодой менин кыялым,
Тоого беттеп дагы деле турамын.
Бүт жашоомду, жан дүйнөмдү сага арнап,
Мына минтип ыр арнаган убагым.

Автор

  • 1957-жылы Кеминдеги Кызыл-Октябрь айылында туулган. “Кемин кайрыгы” ийриминин мүчөсү.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген