* * *
Тоолордун эң бийик чокусуна
Булуттардан ак боз тигип алып,
Бүгүн мен ыр токудум,
Чагылгандын отун жагып,
Бүгүн мен ыр окудум,
Элесиңди кирпигиме илип алып.
1957-жылы Токтогул районуна караштуу Кызыл-Уран айылында туулган. 1982-жылы Баласагын атындагы Улуттук университеттин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Токтогул райондук "Учкун" гезитинде редактор болгон. СССР жана Кыргызстан Журналисттер союзунун, Жазуучулар союзунун мүчөсү. Ырлар жана аңгемелер жыйнактары чыккан.