Тун кызым
Жаным кызым, акылдуум чүрөгүм,
Кичинеңден түйшүктөлдүң жүдөдүң.
Улуусуң деп турмуш жүгүн артыпмын,
Аны эстеп эзилет эт жүрөгүм.
Тирилик деп, баарын сага таштадым,
Сени жакшы эркелетип бакпадым.
Бөбөктөрүң өзүң карап чоңойттуң,
Бат түшүнүп, бат чоңоё баштадың.
Балким кенен мээрим бере албадым,
Эркеленип, канат кере албадың.
Эрке болуп жүргүң келген сенин да,
Тирилик деп, аны сезе албадым.
Жакшы көңүл бөлө албадым жетишип,
Балалыгың өттү, калдым кечигип.
Кичинеңден сенден жүрдүм алыста,
Эркелешип, олтурбадык эзилип.
Эх, жан кызым, ойлоп жүрөк эзилип,
Ушул жааттан калдымбы дейм жеңилип.
Эгер жакшы мээрим бере албасам,
Жаным кызым, койгун мени кечирип.
