Түшүнүп барам дүйнөңдү

Биринчилерден баа бериңиз!

Багыштап күндө,
бактылуу көз ирмемди,
Байырлап күндүн,
бакчама нуру тийгенби.
Бааланбас жандын,
кез келсе баркын көтөрүп,
Бактылуу күнүм,
келишин жүрөк билгенби.

Удургуп санаам,
унутуп жаркып күлгөндү.
Укмаксан болдум,
артымдан каңшып үргөндү.
Урматты көрдүм,
өзүм да кээде күтпөгөн,
Үйрөнсүн дедим,
башкалар сиздей сүйгөндү.

Убайым чегип,
көйгөйдү башка үйгөндү,
Унутуп дүйнөм,
бей капар болуп үйрөндү.
Улгайган кезде,
кадырлап улуу сезимиң,
Унчукпай гана,
түшүнүп барам дүйнөңдү.

Дыбырап жамгыр,
куюлуп турду ушул кеч,
Үстүмө кийдим,
сен сунган ошол күрмөңдү…

Автор

  • 1974-жылы Алай районуна караштуу Сопу-Коргон айылында жарык дүйнөгө келген. Учурда Бишкекте жашайт. Жеке ишкер. 

    2024-жылы "Көөдөндөгү бурганак" деген аталыштагы ыр китеби жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген