Тыркы

2.3/5 - (13 добуш)

(аңгеме)

Алты жашар кызынын колунан бекем кармаган жаш келин, энтиге басып, апасына келди. Алардын үйүнүн аралыгы анчейин деле алыс эмес. Апасы кара торусунан келген, келбеттүү, анан жылдыздуу аял. Келин да апасындай сымбаттуу, бир караган адамды өзүнө тарткан кыз болчу. Анын “окуйм” дегенине болбой, мектепти аяктаганда эле айылдаш жигит ала качып алган. Жалгыз кыз болгондуктан эрке өсүп, үй тиричилигине анчейин жок эле. Ошондонбу кайын энесине дегеле жакпады. Кылган-эткенинен, баскан-турганынан, а түгүл сүйлөгөнүнөн кемчилик тапкан сыпаа кемпир, артынан түшүп, тилдегени тилдеген. Анан уулунун кулагын жейт. “Паланчанын эле кызын ал десе, кайдагы тентигенди алып. Энесинин абалы тиги болсо, көчөдө жүргөн неме кызына кайсы тарбияны берди дейсиң? Эмне, энесин билбейт белең?.” – деп, уулун да каарып турат. Апасынын мындай жооругуна эрегишеби, уулу да жаш келинди кемсинтип, келекелеп, айрым учурда ур токмокко алат. Ортодогу кызын гана ойлогон жаш келин, баарына чыдайын деген. Эрки жетпеди. Бара турган жери апасы. Бирок, апасы да кызы турмушка чыгып кеткенден кийин, үйүндө жалгыз калгандыктан, айылдагы эле элдин малын баккан кишиге экинчи аял болуп алды. 

– Ошончо эр керек болсо, мурда эле тийбейби? Мунусу эмнеси? – деп, жактырбагандар болду.

– Жалгыз калгандан көрө, туура эле кылды. Эми малды ушул багат да, – дешти айрымдар. Тиги кишинин биринчи аялы болсо, муну күнүлөп, босогосун аттаткан жок. Ошондон улам алар кыздын апасынын үйүндө жашап жатышкан. Кишинин биринчи аялы бирок бул үйгө бут басып келген жок. Ызы-чуу деле салбады. Буларга ошонусу керек эле. Эл айткандай эле кыздын апасынын жашоосу эми тоо-ташта өтүп жатты. Жайкысын жайлоого чыгышат. Элдин малын багуу жооптуу жана түйшүктүү да. 

Келин апасына келгенде алар жайлоого көчкөнгө камданып жатышкан эле.

– Апа, бул кызды багып туруңуз. Мен алыска кетем. Кичине ирденип алып, жайгашкан соң, алып кетем. Мындан ары ал үйдө жашоо мен үчүн тозок, –деп келин, апасын кучактап алып ыйлады. Жалгыз медери, аздектеген кызынын минтип ыйлап турушу эне үчүн оор болду. Жүрөгү тилинип кетти. 

– Мен кантип багам, балам? Кичине чыдап турсаң кантет? – деди, өксүп жаткан кызынын мандайынан сылап.

– Жок, Апа, чыдамым кетти. Болду, эми мындан ары тура албайм. Мен сизге эч нерсе айта элекмин. Мен чыдадым баарына. Эптеп карап туруңуз. Балким, эки-үч айда алып кетемин. Азыр муну жетелеп алып, кайда барам?

– Кайда барасың? Эмне алыс жерде эле баары даяр бекен? Эми кайын энеңе тил кайтарбай эле койсоң, ал деле жаман аял эмес го?

– Апа, мен ага качан тил кайтардым? Эч качан тил кайтарган эмесмин. Ал мени биринчи күндөн жактырбайт. Кемсинтет. Эмне деген гана сөздөрдү айтпайт. Сизге да асылат. Дайыма сизди кошуп сүйлөйт. Чыдап келдим го? 

– Билбейм, балам. билбей калдым. Менин жашоом деле жыргап кеткен жери жок да.

– Апа, апакебайым, сиздин тагдырыңыздын тайкылыгы аз беле? Эми меникин карасаңыз? Ушундай да болобу?

– Ээ, балам, бешене ушу экен да. Кантейин. – деген эне да кызына кошулуп, жашып турду. Алар бир топко чейин кучакташкан абалда, өпкө кагып, ыйлап да, бири-бирине акыл айткан да болуп жатышты. Кичинекей кыз болсо буларга түшүнө деле алган жок. Улам аларга карап коёт да, бир орунда тура берди.

– Мейли, балам. Караса карап берейин. Анан күйөөң келип, алып кетип калбайбы?

– Алып кетпейт. Мен аны менен макулдашып, анан чыктым. Ал эми бизге келбейт. Апасы “башка келин алам” деп эле оолугат. Ошонусун алып берсин. Балким, анысы менден мыкты чыгаар. Бизге эми тийишпейт. Кызымды эч нерседен кем кылбайм. Бир жумушка жайгашып алайын, анан алып кетем. Силер да жайлоодон түшүп калаарсыңар? – деп, келин шашылган түр менен апасынын “чай ичип кет, олтурсаң боло.” – дегенине карабай, кызынын бетинен өөп, “мен келем, кызым, сен тай энең менен туруп тур, ыйлаба. жакшы кыз бол!” – деди да артына бурулбай басып кетти. Колунда чакан гана сумка бар эле. Кыз да апасын түшүндү белем, артынан ээрчиген жок. Ал тай энесине да жакын болчу. Ошондуктан да апасын көп ээрчий бербейт. Анын үстүнө чоң энеси негедир ушул кызды да жактырбайт. Кагып-силкип, урушуп эле турат. Атасы да көп эркелете берчү эмес. Ошентсе да, атасын кучактап, эркелегиси келчү. Аны анча-мынча боорго тартып, эркелеткен тай энеси гана болчу.

Ал эми тай энесинин күйөөсүн тайата деп алган. Ал киши каардуу, кабагын ачпаган неме. Кызды жактыра бербейт. Анын булар менен бирге болорун угуп, катуу ачууланды.

– Сен эмне ашып-ташып кеттиңби? Мунун курсагын кантесиң? Кара, тим эле ачкүзөндөй болуп, “жейм-ичем” деген абалга келип калыптыр. Кызыңа акча таштап кет дебейт белең? – деп кыздын тай энесин каарыды.

– Койсоңчу, ушул тырмактай неме, эмнени жемек эле? – деп, тай энеси, тамашага чала сүйлөдү.

– Эмнеси тырмактай? Кара, тим эле тыркыйып кетиптир го? Сени да, мени да жегидей болуп турат, – деп ого бетер ачууланды ал киши.

– Ботом, наристеге мынча асылдың? Кичине чыдап коёлу. Алып кетет.

– Мен уктум баарын. Ээн-эркин басып көнгөн кызың чыдабай кетти да. Канынан бүткөн баласын таштап, “эркин жүрөйүн”, – деп, кеткенин кара. Жакшы катын эч качан эрден чыкпайт. – деп, ого бетер, ачууланат. Тай энеси анын мындай сөздөрүнө көнүп бүткөнбү, ары басып кетти. Анан жайлоого камдана баштады. Эртең көчүшөт экен. Күйөөсү элдин малын топтоп, адыр тарапка жайып салган. Кечки салкында айдап жөнөйт. Жайыттары белен. Ар жылы жайлай турган жайыттары бар. Ал жерге кара топурактан эки бөлмөлүү жай салып алышкан. Ошол жерге барышат. Болгону төшөнчү, идиш аяктарын, азыктарын алып барышат. Канча жылдан бери алардын жайкы жашоосу ошол жакта эмеспи. Кыз эми тай энесинин артынан ээрчип, ал жумшаган иштерди жасап жүрөт. Кыз кыйла тың. Быйтыйып алып, апасына жардам берчү. Бирок, негедир түнт. Көп ачыла бербейт. Өзү батылып сүйлөбөйт.

Айылда Эсен деген бала бар. Жайлоокечтерди ташыйт. Кечээ күнү ошол балага дайындап коюшкан. Ал айткан убакта келип, тай эне менен неберени салып, алардын жайытына жеткирип койду. Кышы менен бош турган кичинекей үйдү тазалап, буюмдарын жайгаштырып алды. Анан очок жасап, торпоктордун жайын кылды. Кыз болсо тай энесине жакшы эрмек болду. Бир убакта тай ата келди. Койлор болсо өөр таяп, жайыт тарапка жайылып келе жатат. Алар да бул жайытка көнүп калышкан.

– Ии, тыркыны жумшап жатасыңбы, же тыркыйтып олтургузуп койдунбу? – деди киши аттан түшпөй жатып.

– Ботом, “тыркың” ким? – деп тай эне чоочуп алды.

– Тигине, турат го, көздөрүн жалдыратып. Ии, түрү суук. – деп кыз тарапка карап, колундагы камчысын жерге бир уруп, негедир ачууланып алды.

– Койчу, эй, бай болгур. Наристе немени “тыркы” деп? Сага эмне кылды, ал? – деген тай эне күйөөсүнө ачуулана кетти.

– Түрү жаман мунун. Көздөрү жаман. Карасаң, жеп ийчүүдөй болуп, карап турганын. – деп, дагы деле ачуусун баса албай, каарданат.

– Ой, бай болгур, деги сага эмне болду? Ооруп калгандан соосуңбу? Эмне бирөө жиниңе тийдиби? Же чарчадыңбы? – деп, күйөөсүнүн бул түрүнө назар салган аялы бир карап алды да, үй тарапка басты. Кыз болсо кишинин ачууланып жатканын сезе, ал дагы ары басып баратты.

– Ой, “тыркы”, бери бас! – деди, киши кызга кол жаңсап. Чоң киши чакырып жаткан соң, аны укпаса болбойт да. Кыз анын жанына келди.

– Сен эмне келдиң? – деди, анын колун катуу кармап, силке. Кыз унчукпады. Киши дагы колунан катуу кармап, силкип жиберди. Кыздын колу ооруп кетти белем, “ии” деп, онтоп жиберди.

– Эмне болду? Колуң ооруп кеттиби? – деди ого бетер катуу кармап.

– Ооба. – деп кыз көзүн жалдырата кишиге тиктеди.

– Тигини, тигини. доолулугун кара. Эмнеге ооруйт? Мен эмне урдумбу сени? – деп, эми эки колу менен желкесинен кармап, силкип-силкип алды. Кыз чыдабай кетип, бакырып жиберди. Анын үнү тай энесине угулду белем, үйдөн жүгүрүп чыкты.

– Эмне болду? – деди экөө тарапка карап.

– Эч нерсе болгон жок. “Тыркы” немең, тыркылдап жатат да, – деген киши, кызды ары түртө, ордунан туруп, бери басты.

– Ушу сен эмне эле болуп жатасың? Деги эле ушу кызды жактыра бербейсиң да. Сага эмне кылды бул байкуш? Тим эле атаңды жыга чапкансып. Бала да бул азыр. Эмне тамагыңды кызганып жатасыңбы? – деген тай эне күйөөсүнө ызырына карады.

– Аа, ооба, наристе. ушундан көрөсүң да кызыкты? Кебетеси жаман мунун, – деп, ары барып, атынын ээрин бошотуп, анан аялына карады:

– Жыйналып бүттүңбү, же дагы адатыңча үлүлчө кыбырап жүрөсүнбү? – деп, үнүн катуу чыгарып сүйлөдү.

Бүттүм. эмне курсагың ачтыбы? – деп, ал да ачуулана кетти.

– Ооба. Алып кел бирдемең болсо. Койлор кырга чыкканча чырым этип алайын, – деп, ичкери баш бакты. Үй ичи иреттелип, бардыгы ордуна коюлуп калган эле. Анан жарым жартылай кура салган очокто кайнап жаткан чайын алып келип, күйөөсүнүн алдына койду. Чай ичип жатып:

– Тиги “тыркыны” бекер алып калдың да, – деди.

– Эмне болду сага мынчалык? Ал сага эмне кылды?

– Эч нерсе кылган жок. Түрү жаман, түрү.

– Түрү сага эмне кылды?

– Билбейм. Көрөйүн деген көзүм жок. Эми бар оокатыңды катып, ушуга бересиң да ээ?

– Аа, эртеден берки жинденип жатканыңдын төркүнү ушул экен да. Ага эмнемди катып берейин? Бар оокатыбыз тигине, ачык эле турат. Каякка катам? – деп, үй ичин бир сыйра колу менен көрсөтүп, аялы ачуулу сүйлөдү.

– Ээ, ката турган жер табасың? Жердин алдына көмүп болсо да, бекитип бересиң да..

– Ой, арам ой. ушунчалык белең аа? Ушул тырмактай неме кайсы оокатыңды жейт? Болду эми, токтот, – деп, аял ордунан силкине туруп, сыртка чыгып кетти. Кыз болсо, көздөрүн жашылдантып, баягы эле ордунда турат. Анын жанына барды да:

– Эмне болду, колуңду оорутуп койдубу? – деди.

– Ооба, – деди, кыз, эми бышактай. Ал “баа” деп, бакырып ыйлап алгысы келген. Бирок тай энеси оозун бекитип калды.

– Болду, болду, ыйлаба. Оозуңду жап. Эгер бакырып ыйласаң, тиги жинди уруп салышы мүмкүн. Бас, жүр, чай ичебиз, – деп, кыздын колунан жетеледи. Кыз ырасында да тай атасынан коркуп калган. Анын уруп коюшу деле күмөн эмес эле. Аны кичинекей жүрөгү сезип эле турду. Кызды очоктун жанына алып келди да, чоктун үстүндө турган кичинекей чайнектеги чайдан куюп:

– Ме, ушул жерден эле ичип турчу. Азыр нан алып келем, – деп ичкери кирди. Күйөөсү аны көрүп, дагы ачуулана:

– Ии, мына, азыр эле ага бекитип тамак бергениңди баштадың го? Бул жакка эле алып кирбейсиңби? – деди.

– Сенден чочулап турат. Колун оорутуп койгон окшойсуң, коркуп, титиреп калыптыр, байкуш кыз, – деп тай эне дасторкондогу нандын четинен сындырып, сыртка чыкты.

– Ой, долуу, эмне “колум ооруп кетти” – дедиби? Кара муну! Эмитен кыялын көрсөтүп. Мен тим гана колунан кармап эле койдум. 

– Ооба, кандай кармарың белгилүү да.

– Тигини, тигини, тим эле ыргыштайсың да сен дагы. Минте турган болсоң, эмитен жогот, тигиниңди! – деп үнүн катуу чыгарып, жерди муштап да алды тай ата.

– Каякка жоготом, каякка! Кичине чыдап кой. Алып кетет.

– Ооба, алып кетет? Эми ал кызыңдын караанын да көрбөйсүң. Кетти аның, кетчү жагына. 

– Келет. Жумушка кирип алсын. Келет, чыдап тур, – деген тай эне эми үнүнүн болушунча күйөөсүнө бакырып жатты. Бул аялдын ачуусу көп эле келе берчү эмес. Ошондуктан азыркы абалын көрүп, тай ата бир аз чочуй кеткенсиди. 

Ырасында да тиги тай ата бул кызды башынан эле жактырбайт эле. А түгүл апасын да жаман көрөт. Алар булардыкына барып калганда кагынып, силкинип, жок жерден уруш чыгарып, кээде кыздын тай энесин болбогон нерсени шылтоо кылып, уруп да алчу. Анан тамакка кызганчаактыгын байкаган. Кыз апасы менен жашаган учурда тамак-аш кенен, баары жетиштүү жашашкан. Алардын үйүнөн мейман кетчү эмес. Ал ушундай бактылуу чоңойду эле. Эми тагдыр деген сыноосу анын апасын да бир начар адамга туш кылып, өзү болсо тигинтип жер безип кеткенге аргасыз болуп жатат. Кызы эми кандай күнгө туш болот, ал жагы табышмак. Алыс сапарга кетип баратып ушуларды ойлогон. 

Кичинекей кыз эми бул жерге келип “тыркы” атка конду. Тай ата аны ачык эле ошентип чакырат. Адегенде кыз ага түшүнбөй, “кимди айтып жатат?”– деп, ал чакырса, укпай жүрдү. Камчысы менен эки-үч ирет кызды жон талаштыра чаап, “эмне чакырса келбейсиң, аа, тыркы?” дегенде гана аны ушинтип атап алганын билди. Тай эне болсо кан какшап “антип айтпа, бул али наристе, бул сага жамандык кылган жок, өзүнүн атынан эле ата” – деп, безилдесе да, уккан жок. Таң эрте койлорду жайытка айдайт. Ошондо:

– Тургуз алдагы “тыркыны”, койлордун бул жагын тоссун, – деп кыйкырат. Аргасыздан кызды ойготот тай энеси. Анан колуна узун чыбык алып, кыз койлордун бир жагын тосуп, айдашат. Кечинде короого келгенде да анын милдети ошол. Тамак ичип жатканда, айрыкча сөөгү менен эт жеп калышса, тай ата этин өзү жеп, сөөгүн кызга ыргытып коёт. “Ме,”тыркы”, мобуну мүлжүп кой, тишиң бар го?” – дейт. Кыз бирок, аны албайт. Ал эч качан сөөк мүлжүп көргөн эмес.

– Эмне, жиркенип жатасыңбы? Кара муну, жаман арында жиркенип алганын. Тамак тандаганды сага ким койду? Ушуга да ыраазы бол. Таптакыр ачка коём, анан көрөсүң, арсыз. Ал, жегин! Ошого да сүйүн, – дейт тайата тим эле чоң киши менен эрегишип жаткандай. Анан кызды келекелеп, ырсалаңдап күлүп да алат. Ушунда да тай эне ортого түшөт.

– Болду эми, бул эмне ит беле, сөөк кемиргендей. Обу жок болбочу?! – дейт.

– Ит эмей эмине? Ит үчүн атасы менен апасы карабай кетишти да, – деп ого бетер ырсалаңдап күлөт тай ата. Буларда ушул өңүттөгү күндөр кайталанып өтө берди. Кыз арыктап, жүдөп кетти. Тай энеси аны жуундуруп, караганга убактысы жок. Элдин койлорунан сырткары, уйларын да алышкан. Аны таң эрте саап, жайытка айдаш керек. Анан сүтүн тартып, айран уютуп, май сызгырып, деги эле бир ирмемге колу бош олтура албайт. Кыз болсо ага жардамдашат. Торпок айдайт. Отун жагып берет. Ысыган сүттөн улам ташып берип турат. Ал мындай жумуштан чарчамак деле эмес. Аны тай атанын урушу, шылдыңы, кээде жонуна чып тийген камчысынын заары кыйнады. Камчынын заары оңор эмес. Анын учу тийген жерлери көпкө чейин ооруйт. Бирок, аны айта албайт. Ичинен гана буулугуп ыйлап, чыдап жүрөт. Үйдүн артына барып, эч кимге көрүнбөй боздоп-боздоп алат. Апасын сагынат. Атасын деле жакшы көрчү. Аны сагынат. Ушундай күндөр дагы канчага созулат, аны билбейт. Кичинекей жүрөгү тозоктуу күндөргө кабылганын сезет. Ушундан өмүр бою кутула албагандай туят. 

Күндөрдүн биринде алар түшкү тамакты жеп жатышкан. Баягыдай эле кызды шылдындоо, сөөктү ыргытып, аны жедире албай, ачууланып жаткан. 

– Жаман арында семирип алды аа? – дейт тайата кызга каардуу карап.

– Койчу, кайсы арына семирет? Жүдөп кетти кызым? – дейт тай эне бети туурулуп, чачтары үксүйүп турган кызга карап.

– Карачы, тыркыйып турбайбы?

– Болду кылчы эми, олтурсаң-турсаң ушул бечараны каарыйсың. Кайсы тамагыңды жеп, семирип жатат дейсиң?

– Ушул бечарабы? Бул желмогуз, турушу менен желмогуз. Мындайларды кудай деле албайт, – деп, чайын ууртап коюп, кызга каардуу карайт.

– Тобоо, эмне мынчалык каарыңа алып жатасың? Бул байкуштун пайдасы эле тийип жатат го? Койлоруңду тосушат, мага жардам берип жатат. Кичине бооруңа тартсаң боло? – деп, тай эне күйөөсүнө жалооруй карады. 

– Ушуну боорума тартайынбы? Ушуну, ээ? – деп, кытмыр каткырып алды.

– Эмне болуптур? Кичине бооруңа тартып, анча-мынча эркелетип, башынан сылап койсоң, сообу деле тиет?

– Эх, ушундан келген соопту урдум. Мунуңчу турушу менен мастан. Көрөсүң, кичине ирденип алсын. Анан көрөсүң, – деген тай ата эки муштумун түйүп, кызды уруп жиберчүүдөй ачуулана кетти.

– Болду, болду, чайды тынч ичеличи! Бүгүн сага бирдеме болгон, – деген тай эне эми күйөөсүнө жагалдана кетти. 

– Ушуну көрсөм эле жиним кайнайт. Тамак деле көңүлгө барбайт. “Алып кетет, келет” – дедиң эле, канаке, келгени? Болду, аның келбейт эми. Келсе ушул убакка чейин келет болчу. Кызын унутту да! Сени тартып көчө катын болуп жүрөт да.

– Эми мага өттүңбү? Болду эми, оозуңа келгенди сүйлөй бербей.

– Тамакты болсо бекитип берип жатасың да?

– Ий, кудай ай, ушул сөзүңдү эч бир таштабадың да! Кайсы тамакты бекитип жатам? Деги ушул жерде кайсы ашынган тамагың бар. Эт менен нандан, каймак-сүттөн башка?

– Ошо, каймак-сүтүңдү ушул эле ичип-жеп жатат. Алдагы тултуйган бетинен эле билинип турат. Бул бечара каймак-сүт деле ичпейт. Нан, чайыңа эле зыяны болбосо, алынып-жутунгандан эмес го?

– Анан эмнеге семирип жатат, беттерин кара тултуюп. Кебетеси суук. Мыкчып эле өлтүрүп салса, – деп муштумун дагы түйүп, кызга акшырая карады. Ушул арада сыртка башка жайыттагы жайлоокечтин бири келип калган эле. Ал киши тай атага тууган болуп кетет. Анын келгенин ичкеридегилер билишкен жок. Ички тараптагы кобурларды бир аз угуп турду. Кызды катуу келекелеп жатканын укту. Анан кирип барды. Ордунан тура калган тууганы, аны каршы алды:

– Ии, кел, кел. Кайдан? – деп ага ишаарат кылгандай болду.

– Өтүп баратып эле кайрылып калдым. Ал-абалыңарды сурап коёюн деп.

– Аа, жакшы, кел. Өт жогору, – деп тай ата келген кишиге орун бошотту. Бирок, келген киши төргө өтпөдү.

– Сыртта туруп уктум. Бул эмне кылганыңыз? Бул дагы бирөөнүн баласы го? – деди ачуулана.

– Эмне болду, эмнени уктуң? – деди тай ата таң кала келген кишиге карап.

– Баарын уктум, ушул наристеде не күнөө? Карачы, бул кыздын кебетесин? Ушул чыканактай немеден май-сүтүңөрдү аяп, кызганып. Болуп бүтүпсүңөр! Мунун зыянынан пайдасы көп болуп жатса керек. Тим эле чоң немеге эрегишкендей? Сиз дагы болбогон аял экенсиз? Өз кызыңыздын баласын ушинтип кор кылып, – деп тай энеге ачуулу карады. Тай эне ушул тапта анын сөзүнө эреркей кеттиби, көзүн жашылдантып, сөзүнө муунуп, араң турду. 

– Ээ, болбогур экенсиңер? – деп ачууланып, бирок кур чыкпайын дегенсип, дасторкондогу нандын четинен чымчып, оозуна салды да, эки колун жая, жүзүнө тартып, сыртка чыгып кетти. Тай ата болсо анын жоругуна түшүнө албай, туруп эле калды.

Ошондон көп өтпөй атын катуу бастырган кыздын өз атасы келди буларга. Ал ачуулуу. Кайын энесине да салам бербей, ат үстүндө туруп, кызын чакырды. Атасынын үнүн уккан кыз анын жанына кантип жетип келгенин билбей калды. Кыздын колунан кармады да, өзүнө катуу тартып, ээрдин алдына олтургузду. Аттын башын шарт буруп, жүрүп кетти. Кыз атасын көрүп, боздоп ыйлап жиберди. Атасын бекем кучактады. “Ата, мени экинчи буларга бербеңизчи?”, – деди.

– Бербейм кызым. Эч качан бербейм, – деген ата кызынын сапсайып турган чачын бир колу менен сылап, анан катуу жыттап-жыттап алды. Ал дагы кызын сагынгандай. Аргасыз көз жашы кызынын жүзүнө тамып кеткенин билбей калды. Бир аз жылгандан кийин, кызын артына учкаштырып:

– Бекем карма, кызым, – деп, анын бир колун өзү кармап, аттын басыгын катуулатты. Кыз болсо атасын бекем кучактап, улам жыттагылап баратты. Ыйы болсо токтогон жок. Өпкө кага бышактап кете берди.

Бир адыр ашып өткөндөн кийин жигит аттын басыгын жайлатып, артында учкашып келе жаткан кыздын колун коё бербей, ичке жолдун бир ыптасында жер алдынан оргуп чыгып жаткан булактын жанына токтоду. Кызы бул кезде өпкөлөнүп ыйлай берип, соолуп калган сымал, үн катпайт.

– Уйкуң келдиби, кызым? – деди арт жагын карап.

– Ыкы, – деп койду кызы. Мунусу “жок ” дегени эле.

– Кел, кызым, мына бул жерге кичине эс алып алалы, – деп, адегенде өзү ат үстүнөн түштү да, анан кызын көтөрүп түшүрүп, жерге аярлап койду. Кызы өтө арыктап кеткен. Мындай эмес эле. Болтойгон кыз эмес беле. Жепжеңил, туурулган, анан көз жашын аарчый бергенде ботала болгон кызынын жүзүн бир карап алып, анан кыздын алдына тизелей олтура:

– Ананайын кызым, мени кечир! Мунун баарына мен күнөлүүмүн. Менин акылым жок, мен айыптуумун, – деди. Кыз буга түшүнө алган жок. Анткени, ал буга чейин “кечир” деген сөздү эч кимден уккан эмес. Анын маанисин түшүнө да, ажырата да албайт эле.

– Акмак атаңды кечир кызым. Сени ушул абалга алып келген мен акмак! – деп, кызын өзүнө тартып, бекем кучактап, кыйлага турду. Бул арада көзүнүн жашы бет ылдый агып жатканын сезген жок. Өзөгү өрттөнүп, жүрөгү тилинип эле жаткандай болду. Кызына көз жашын көрсөтпөгөнгө аракет кылып, аны кучактаган абалда тура берди. Кыз дагы эреркеп кеттиби, ал дагы өпкөлөнүп ыйлап жатты. 

– Болду, кызым, ыйлаба! Болду, эми мындан быякка эч качан ыйлаба!? – деп, өзү да кызга билдирбей, көз жашын аарчып алып, кызынын жүзүнө дагы тигилди. Анан бетинен өбөйүн десе, кыздын бетинде таза жери жок. Атасынын артында келе жатып, ыйлай берип, анан кир колу менен улам көз жашын аарчый берип, бети таптакыр ботала, карала болуп, көздөрү да шишип калган. Кыз өзү апакай, көздөрү балбылдаган, жылдыздуу эле болчу. Апасы ошондой эмеспи. 

– Кечирип кой, кызым, – деп дагы бир жолу айтты да, анан үн катпай аны тиктеген абалында турган кызын, булак жакка жетелеп:

– Кел, бетиңди жууп коёюн. Аябай булгап алыптырсың го? – деп кызды эркелеткен болду да, апсайып, түйдөктөлүп турган чачынан сылагылап, анан суудан колуна сузуп алып, кыздын бетин жууп кирди. Кыз кара тору тартып, бетинин терилери туурулуп, анан оң бетинин эки жеринде узунунан бирдемеге тытылган сымал, сызык пайда болуп калыптыр. Аны көрө сала:

– Бул жериң эмне болгон? Тытылып калыптыр го? – деп колу менен кармалап койду. Ал жерлери койлорду жайытта айдап жүргөн кезде, карагандын арасынан чыга албай, анан колдору, буттары, а түгүл беттери да тытылган эле. 

– Караган тытып кетти, – деди акырын үн чыгара.

– Карагандын арасында эмне кылдың эле? Отун тердиң беле?

– Жок, койлорду айдап жүрүп.

– Сен кой айдайсыңбы?

– Ооба, дайыма эле мен айдайм.

– Тиги тай атаңчы?

– Ал үйдө эле жата берет. 

– Сен ушул абалыңда кой кайтардыңбы?, – деп эми жигиттин ачуусу келе түштү. 

– Үйдүн артында эле айдайм. Ошол жерге туруп алышат да, короого келбей. Анан мен айдап келем.

– Ой, акмак чал, сени кой айдатканын кара! – деп, муштумун түйө, тиштенип алды. Анан кыздын үстүнө назар салды. Өңү бозоргон, кир көйнөк, бутунда резина галош. Арыктаганын кара. Буту-колдору ичкерип да кетиптир. 

– Кийимдериң бар беле? – деди кызынын бул абалына жаны кейий.

– Ооба, бар болчу

– Апаң кийимдериңди берди беле?

– Бар болчу башка көйнөктөрүм. Тай энем “жыртасың, эскиртесиң” деп, кийгизбейт.

– Тай энең да бир байкуш экен да, – деп, анан кыздын бети жуулгандан кийин, туурулган жерин дагы бир кармалап койду.

– Ата, мени эми буларга бербегилечи? – деп кыз атасына жалдырай тиктеди. Көздөрү жашылдана түштү.

– Бербейм, кызым, эч качан бербейм. Эми дайыма чогуу болобуз.

– Апам келдиби? – деди кыз, эми башын өйдө көтөрүп.

– Жок, келе элек. Биз өзүбүз барабыз. Экөөбүз барабыз.

– Апам, “тез эле келем” деген го? Мен апамды аябай күттүм. Койлорду айдап жүрүп, “апа-а, качан келесиз? Тез келиңизчи?” – деп кыйкырсам да, апам укпай койду, – деп, кыз жашылданган көздөрүн жалжылдата, атасына тик карап сүйлөп жатты.

– Апаң алыста да, укпайт да. Апаң иштеп жатат. Экөөбүз барып, чогуу жашайбыз. Шаардык кыз болосуң, – деп жаш балача кудуңдай сүйлөп жатты атасы.

– Апама барабызбы?

– Ооба, кызым. Апаңа барабыз. Бизди кечир, сени ушундай абалга алып келген, бизди кечир, – деп дагы жалдырай карады кызына. Кыз эми гана бул сөзгө маани бергендей, атасын бекем кучактап алды. 

– Ата, мен эми бул жакка таптакыр келбейминби? – деди.

– Айттым го, кызым, эми эч качан келбейсиң? – деп кызын кучактаган абалда өйдө көтөрүп, эки-үч айлантып жиберди. Кыздын көйнөгү өйдө көтөрүлүп, бели ачылып калды эле, андагы көгөргөн такка жигиттин көзү түштү. Дароо кызды жерге түшүрүп:

– Кызым, токточу, мобуреки көк так эмне? – деп көйнөгүн өйдө көтөрдү. Бел жагында андан да катуу көгөргөн так бар экен. Далы жагында бирдеменин изи түшкөн так.

– Байкуш кызым, ай, мына булар эмне? – деп бүт көгөргөн жерлерин сыйпалап жатты. Оорубайбы? Муну ким кылды? Эмне болгон тактар? – деп ачуусу мурдунун учуна келе, сүйлөп жатты. 

– Тай атам урчу, – деди кыз атасына даттана, өпкө кагып. Жигиттин дагы бир жолу өзөгү өрттөнүп жатты. Ордуна тура албай, тыпырап жиберди.

– Ой, акмак! Ой, наадан! Ой, мыкаачы, – деп улам буту менен жерди тээп-тээп алат.

– Эмнеге урду? – деди анан, кызынын жүзүнө тигиле.

– “Кой айда, жүгүр, бол, койлорду тос, тамакты көп ичесиң, соргоксуң, жүгүр торпокко”, – деп эле камчысы менен ура берет. 

– Сениби?

– Ооба.

– Сен кайсы тамагын көп жеп жаттың эле? Ой, акмак, адам эмес турбайбы? – деген жигит, азыр эле кайрылып барып, тиги кишини камчысы менен башы-көзүнө карабай, уруп алгысы келди. Бирок өзүн карманды. 

– Мени “тыркы” деп чакырат, – деди кыз атасына дагы да арыздангысы келип.

– Ал эмне дегени? “Тыркы” деген эмне экен?

– Билбейм. Дайыма ошентип чакырат.

– Ал акмак сени уруп жатканда тай энең болушпайбы?

– Ал жок жерде урат да. Бир жолу көрүп калып, мага болушканда, аны да сабаган. Жаткырып алып урган. Дайыма камчысы менен урат. Узун камчысы бар.

– Акмак. Мыкаачы. Шашпа, ошол камчың дал өзүңдүн жонуңда гана ойнойт, шашпа, акмак чал, – деп улам тиштенген атасы тыбырчылап жатты. Атасынан көзүн албай, жалдырай тиктеген кызына жүрөгү эзилип, булак суусунан кана ичти да, кызды учкаштырып, жолун улады.

Кыз жайлоодо, тай энеси менен тай атасында азаптанса, атасы болсо кыска аралыкта чоң турмушта жашап койгонсуду. Кыздын апасы кетээри менен апасы жигиттен эч нерсе сурабастан, оортактарынын жардамы менен үйүнө жаңы келин киргизди. Ал бала кезден келе жаткан кыйышпас оортагынын кызы болчу. Экөө балдары жаш кезде бири-бирине убадалашып, куда болуу ниеттерин айтып келишкен. Бирок жигит башка кызды ала качып келгенде, жакшы эле чыр салса да, уулу тилин албай, ошол кыз менен жашап калган. Биринчи күндөн эле келиниин артынан сая түшүп, андан жамандык издеп, теңсинбей, кемсинтип жүргөнү ошондон болчу. Ал эми тигил оортагынын кызы “шаарга окуйм” деп, кетип, ал жактан окубай эле күйөөгө тийип, сыртта жүргөн. “Балалуу боло албады”, – деп апасы андан ажыратып келгени жигиттин апасынын тынчы кетип, ошол кызды алып берүүгө бар күчүн үрөдү. Кыздын апасын эптеп жолго салды. Оортагынын кызы сыртта жүрүп, таптакыр мерес болуп калгандай, же бала кезден ошондойбу, бул үйдүн босогосун аттаганда эле мисирейип, кабагын ачпайт. “Аяш эне” деп чоңойгон кайын энесине биринчи күндөн эле тең ата болуп алды. Каяшаны катырат. Мындайды күтпөгөн неме, адегенде ызаланып жүрдү. Биринчи келини тик караган эмес эле да. Келиндин кылган-эткени шагдам болгону менен, чала-чалбырт жасайт экен. Үй ичинин чаңын ызгытып шыпырат. Идиштерди чала жууйт. Мунун баары кайын энеге жакпай, аны эскертсе, “киришпеңиз мага, олтуруңуз өз ишиңизди кылып, мен өзүм билем”, – дейт. Мындайда, мурунку келини көз алдына тартылып, “кудай момун неменин баркын билбептирмин да, мага чала”, – деп өзүн айыптайт. Уулу болсо бул келинге жологон да жок. Үйүнөн кача баштады. Жаңы келин анын мындай жоругуна арданып, кыжырланып, ачуусун кайын энесинен чыгарат. Экөө тез эле бири-бирине душман болуп алышты. Акыры чемоданын алды да, жаңы келин өз жолуна түштү. Бул кезде жигит да айласы куруп, биринчи аялын издештире баштаган. Бактыга жараша анын дарегин тапты. Телефондон сүйлөшүштү. Ошол учурда айылдагы баягы жайлоокеч да кызы тууралуу айтып калбаспы. Кызынын тай энеси менен тай атасы кандай кордоп салганын сүрөттөп берип жатканда, жигит чыдай алган жок. Атына минди да, жайлоого жөнөп кеткен.

Кызды аттан түшүрүп жатканда чоң энеси алдастай басып келип, биринчи жолу небересин кучак жайып тосуп алды да, бетинен сүйдү.

– Кагылайыным ай, эмне мынча арыктагансың? – деди кыздын түрүнө назар салып.

– Мына, апа, силердин азабыңарды ушул байкуш тартыптыр. Караңызчы, кандай абалга келип калган? Ушунун баарына сиз, мен күнөөлүүбүз, – деди апасына биринчи жолу ачуулуу сүйлөп.

– Кой, балам, андай дебе? Тиги катының да күнөөлүү. Ал эмнеге апасына берет? Алып кетпейби? – деп дагы деле келинине ачуулана сүйлөдү. 

– Кантип алып кетет, кайда алып кетет? Бара турган жери апасы да, – деп дагы деле ачуусун баса албай, сүйлөп жатты.

– Биз кетебиз, – деди үйгө кирип баратып.

– Кайда, ботом? – деп апасы чочуп алды.

– Келиниңизге?

– Ал кайда экен?

– Шаарда. Иштеп жатат.

– Эмне, таап алдыңбы?

– Ооба

– Эмне демек элем, барсаң бар. Эми эч нерсе дебейм, балам. Тоскоол болбойм. Өзүң бил. Жашоо сеники, – деп апасы оор үшкүрүнө, уулуна карап койду.

Көп өтпөй жигит кызын алып, буюмдарын белендеп, шаарга жөнөп кетишти. Арадан бир жыл өтүп, апасына “Апа, уулду болдук”деген сүйүнүчтүү кабар жөнөтүштү.

Автор

  • Журналист, жазуучу. Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.

    Журналистика тармагында 40 жылдан ашуун эмгектенип келет. Аны менен бирге жазуучулукту да алып жүрүүдө. “Асмашам”, “Экөө”, “Кайып кыз”, “Ак келин”, “Сырдуу дептер”, “Санпа трагедиясы”, “Эчким”, “Көзмончок” китептери жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген