|

Үлүк эне

5/5 - (3 добуш)

(аңгеме)

Үрүлкан эне үлүлдөй болуп үйүнөн чыкпайт эле. Айылдагы келин-кесек Үлүл эне деп тергеп жүрүп, акыры абысын-ажындарынын оозуна сала бергендей, Үлүк аты эл оозуна алынып кеткен болчу. Эми болсо азан чакырып койгон атын өзү өгөйлөп, кулагына өөн угулуп калган чагы. 

Сырттан жаш баланын үнү чыгып, жип ийрип отурган Үлүк кемпир чочуп кетти.

– Үлүк чоң апа-аа?.. Оо, чоң апа-а-а, барсызбы-ы? Сизди энемдер чакырып атыша-а-ат! 

– Бармын! Имине өлүп калды дедиңер беле, аа? Жанды деле коюшпайт экен да ушу!..

Кемпир жаңы маасы кийген бутун көлөчүнө батырып атып кобурай берди:

– Жанды деле коюшпайт!.. Жаның эми тынып отурганда бытпылдыктап калышат тим эле, өлүп калсам тирилте койчудай болуп!.. Бышырып жей тургансып, жаныңды сууруп алгыдай чакырышат. Оо, имине болуп кетти деги а-а?!

Жыгач кашаанын ары жагында турган кемпирлердин улуураагы эшикке чыккан Үлүктү карап сүйлөнүп алды:

– О-ой, Үлүк, бирдин айындай болбой баспайсыңбы, чоюлбай! Белибиз какыйып катып калды! Айттап келебиз деп бая күнү эле айттык эле го? Ушу сенин кабыгыңдан чыкмагың тозок да, тозок! – Кемпир сүйлөнгөнчө чачысы төгүлгөн жоолугунун учун бекемдеп байлап, жол баштап алдыга түштү. 

Үлүк кемпирди үйүнөн минтип чыгарбаса оңой менен бир жака чыкпайт. Бир жака чыгып, айылма-айыл кыдырып айылчылаган кайда? Там-таш, короо-жайын кимге таштамак эле? Булар мунун түмөн түйшүгүн, тирилигин кайдан билсин? “Мен айылчылап айттап келгиче жакшына тургула” дегендей жер тамын бир карап койгон кемпир калгандарына кошулуп жол улады.

* * *

Селсебетте катчы болуп иштеген тың жигит кыз тандап жүрүп, сулуу десе сулуу, акылдуу десе акылдуу Үрүлканды алган эле. Көктөмдө көшөгөсү тартылган жаш келиндин көңүлүнө сымбаттуу, күйүмдүү, иш десе ичкен ашын жерге койгон билерман күйөөсү төп келип калат. Үч ай өтпөй уруш башталып, күздө кеткен жигит тынбай кат жазып жүрүп, кийин согуш аяктайын деп калганда дайынсыз жоголуп, кайтпай калды. Кара кагаз албай, “эми келип калат” деп түңүлбөй жол карап көзү каткан Үлүк күйөөгө да тийбей, балалуу да болбой, кайната-кайненесинен калган эки бөлмө жер тамда өмүрү өттү.

Бирок өмүрү куру бекер өткөн жок. Үлүлдүн кабыгындай жер тамдын ичинде басса-турса көз алдынан кетпеген күйөөсү, күйөөсү экөө кыялданган беш уул, беш кызы, үйү толо неберелери менен күн кечирди. Буларды таштап алыс-жуукка карыш чыккысы келбейт. Кантип чыгат ушунча бала-бакырасын талаага таштап?.. 

Кемпирдин кыялындагы бактылуу жашоосуна бир эле чал күбө. Үлүк кемпирден күндө келип кабар алчу сексенге чамалап калган абышка бар. Кемпирдин кайын-журтуна куда-сөөк болгон абышка кышы-жайы дебей күндө бир маал келип кетет. 

– Аа деңиз, байбиче!

– Арыбаңыз, куда! Келиңиз, келиңиз, күрсүгө отуруңуз? 

Кемпир жапыз күрсүнү бая эле дубалга жакын коюп даярдап койгон. Күн жылый баштагандан эле күндө бир маал күйөөсүнүн кийимин күнгө жайып, кайра эски чемоданга салып коймою бар. Бирөө ушул маалда келгенин жактырбайт. Анысын элдин баары билет. Бир гана ушу кудасына уруксат эле. Алакандай айылдагылардын бардыгы эч нерсе билбеген кыязда, мындай маалда аялуу дүйнөгө бейчеки башбагышпайт. Бакыйган сөөлөттүү карыя ушул жепирейген тамды карай басканын көргөндө эле бири-бирине алыстан ишарат кылып, “эч кимиң жолобо” деп тыйып коюшат. Үлүктүн “жөө жомогу” айылдын аялуу сырына айланган. “Бөтөн бирөө, колу-коңшу айылдан бирди-жарымы Үлүктүн жөө жомогун угуп-билип калбасын, сөзгө калбайлы, кокуй!” – деп, айрыкча бай-байбичелер баарын “шүк отур” деп ооз ачырбай тыйып турушат.

– Оо, байбиче, сиз ким элеңиз? 

Амандашып учурашкандан кийин, абышканын күндө берген суроосуна даяр жообун кемпир күндө тажабай-нетпей жооп берет:

– О мен Үлүкмүн куда, Кудаштын байбичеси болом.

– Аа, жакшы, жакшы. А Кудаш көрүнбөйт да, байбиче? Бир жакка кеттиби?

– Жанагы шаарга кетти эле, куда, бала-бакырадан кабар алайын деп.

– Кабар алганы жакшы, бала-бакыра да “атам келет” деп күтүп калат.

– Ошо, ошо “бала-бакыра күтүп калат экен, барып келейин” деди.

Сөз ушинтип улана берет. Тээ согушта “кантужин болуп келиптир” деген Акун аксакал канча жыл башкарма болуп жүрүп, бала-бакырасы тамыр жайып, кемпири экөө бакубат доор сүрүштү. Бирок бала-бакырасын да, кемпирин да кээде кыжаалат кылып койчу мээнет жетимиштен ашканда жабышты.

Илгерки согуштагы “кантужини” таасир эттиби же кандай, иши кылса Акун чал туруп-туруп эле баарын унутуп калып жүрүп, кийин-соңгу адамды деле, аркы-беркини деле такыр эстен чыгарып калчу болду. Жолукканды эле “Ким элең?” деп сурап калат. Баарын жайгарып, абышкасынын көңүлүн карап турчу байбичеси үч жыл мурда өтүп кетип, ошондон бери карыя жетимсиреп тозуп кетти. Эсинде мандеми болсо да, акылы түгөл карыя өзүнө карата мамилеге баам салып байкап, көңүлү чөгүп жүрүп, акыры ушул Үлүк кемпирдин үйүнөн жылуулук тапты. Калгандары ачык айтпаса да көзү айтып турат. Бала-бакырасы: “Ии, атам дагы баштады!..”, – дейт, башкасы: “Атаны кокуй айе, кайран кишини эсинен алганын көр…”, – дейт, кээ бири унчукпай баш ийкеп, суроосуна: “Баары, жакшы аба, баары жакшы!”, – деп жанынан кеткенче ашыгат.

Абышка аркы-беркини унутуп калганы бир тең, анысы үчүн сыпайы кагуу жегени бир тең болуп, көңүлү ооруп, көкүрөгү алдемедей санаага толуп жүрүп, бара-бара башкаларга сүйлөбөс болуп калды. Кезинде каркыбардай сөөлөттүү карыянын алдынан бир өтүп койгонду олжо көргөндөр, эми “жолукса ардемени сурап мазени алат” деп жолду айланып өтөт.

Бир гана Үлүк кемпир карыяны “азыр келет” деп күтүп турат. Экөөнүн сөзү бүтпөйт. Кемпир тээ жүрөгүнүн түпкүрүндө жашаган жакындарын айтып, көз алдына элестетип, бир саамга болсо да “жөө жомогун” корунуп-нетпей айтып алганына, кыялындагы тиргилигин, чалын, бала-бакырасын, келин-кесек, күйөө балдарын, куда-сөөгүн, небере-чөбөрөлөрүн сөз кылып божурап алганына бактылуу эле. Күндөгүсүн күндө, азыркысын азыр унутуп турган чалга Үлүктүн “жөө жомогу” менен баары билген жомоктун айырмасы канча? 

Кемпир күндө берилген суроолорго күндө шашпай жооп берет.

– Арыбаңыз, байбиче!

– Келиңиз куда! Төргө өтүңүз.

– Сиз ким элеңиз, байбиче?

– О мен Тоокелердин кызы болом, куда, илгерки “Көзгө атардын” келини болом, кайненем Сабайдын кызы, Көкчөлөргө жээн эле го? 

– Аа, ооба, ооба.

– Уул-келиниңиз көрүнбөйт го, байбиче?

– Аа, уул-келин кудалар жакка тойго кетишти.

Үлүк кемпир эгерим кайын-журтун тергеп айткандан жаңылган жок, чоң-кичине дебей тергеп, алдына аял атмай салдырбады. Айыл-ападагы кайын-журту ушунусу үчүн да аябай урматташат эле. Азыр да кайната, кайненесин тергеп этият жооп берди. Сөз уланып олтуруп, тээ илгерки көрүп-билип жүргөн, көзү өтүп кеткендерди эскерүүгө өтөт, кемпир уккан-көргөндөрүн шашпай, эринбей айтып берет. Айткан-дегендери ушул жердеги элдин баары билген айылдын жашоосуна, тагдырына байланыштуу алыс-жакындардын таржымалы болчу. Бир гана өзүнүн “жөө жомогу” өзгөчө жаралган жомок эле. Каркыбардай карыя менен Үлүк эне бири-бирин “куда, кудагый” деп өзгөчө бир сый-урматынан жазбай кобураша беришет.

Карыя башкалардай болуп сынап карап, аяп карап, сыпайы кагып-силкпей, суроолоруна эринбей жооп берген кемпир менен божурашканына чери жазылып, бакубат кадам таштап, “аа, жакшы, жакшы” деп бүгүн да үйүнө көңүлү кушубак кайтып баратты. Кудасынын эртең да келээрин билген кемпир “эсен болсун бечара куда” деп, карыя олтурган күрсүнү алаканы менен сүртүп, мештин жанына этият түздөп койду.

“Монпарнас” журналы, №8, 26.02.2023-ж.

Автор

  • Акын, жазуучу, сынчы. «Күмүш кемер» аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген