Ууланткан жүрөгүңдү
Илешчээк ушак сөздөй
Майда жаан жааган күнү
Шашасың үйүң көздөй.
Жоголуп күндөй көздө
Унуткуң келет баарын –
Илешчээк ушак сөздөй
Майда жаан жаап жатарын.
10.03.2026
Журналист, акын, котормочу. 2021-жылы "Сүртүмдөр" ыр жыйнагы жарык көргөн.