Уулума

5/5 - (1 добуш)

Аалам нурга, жыпар жытка бөлөнүп,
Жерлер жылып, келатканда көгөрүп,
Келген элең уулум жарык дүйнөгө,
Кереметтүү ак бешикке бөлөнүп.

Тоолор дагы, кубанычым бөлүшкөн,
Тоолор дагы, ошол күндү көрүшкөн.
Айылым да мен кубансам кубанып,
Алар баары бешик тойго келишкен.

Аксакалдар албан айтып батасын:
“Аман болсун, уулуң узак жашасын.
Элдин уулу, жердин уулу боло көр,
Аман болсоң, далай тоону ашасың”.

Сен келгенсиң, баарыбызды кубантып,
Жаңы жолго, ата жолун улантып.
Там туң бастың, таттуу тилиң угушка,
“Кана айтчы”, – деп кайра кайра сурантып. 

Уулум менин, ушул жолдо мурасым,
Узак болсун жолуң, кенен кулачың.
Улуу тилек менен койгом атыңды,
Аман болсоң, элге кызмат кыласың.

  • 1984 жылы Нарын облусунун Кызыл-Дөбө айылында туулган. Акын, журналист, котормочу. Мектеп курагынан поэзияга кызыгат. Бир топ гезиттерде, теле тармагында кабарчылык кызматтарда иштеген. Учурда Бишкекте жеке ишкерлик кылат. “Адабий Ордо” сайты 2026-жылы уюштурган “Жаз” темасындагы бир ыр сынагында сайттын атайын сыйлыгына татыган.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген