Жалгыздык күйүтүндө
Кеч келдим, тосуп алар адамым жок,
Жалдырап, ыйым келди жашым топтоп.
Асылым, аска-тоодой таянычым,
Турдум ээ, жан дүйнөмдө сени жоктоп.
Жарк этип, күндөй жанып чыга калчы,
Жалгыздык менден качсын, артын чоктоп.
Данектей, жерге түшүп өнүп чыккан,
Үлбүрөп желге үшүп, тамыр чачкан.
Алсызмын, азырынча таянар жок,
Бакытым, Кутун издеп менден качкан.
Боор ооруп, кубат-күчкө толгонумча,
Боорукер, асыл инсан колуң сунсаң.
Күн өтөр, айлар өтөр, жылга айланып,
Жаш курак айдоо басып, жылда айдалып.
Кулундай энесинен артта калган,
Мен дагы бара жатам майдаланып.
Билектен кармап турчу, суранамын,
Дем берип, калганымча талкаланып.
2026-жыл, август
