Жан куржун
Эске кайра эски күндү салгандай,
Экрандан ыр төгүлөт, ар кандай.
Жаңырыгын жалгыз тыңшап отурам,
Жакшылардын көбү кетип калгандай.
Жакшы дейбиз, жаман дейбиз… Аныгы,
Жашоо тегиз болбойт окшойт, калыбы?
Өлбөстүккө түздөйт экен, тундуруп
Өнөр деген улуу көчтүн жарыгы.
Канчасынын чачкан нуру жаркырап,
Караандары көз алдыма тартылат.
Жүрөгүмө эски-жаңы кайрыктар
Жүккө толгон куржун болуп артылат.
Өткөндөрдү кайра козгоп эсимден
Өз жанымды сууруп чыгып өзүмдөн,
Тамшандырган аруу жүзүн нур чайып
Тааныгандар чууруп жатты көзүмдөн.
…Анда деле таң агарып атчу эле,
Ак булутту Күн кызартып батчу эле.
Көңүлүмдөн узап барат калкылдап
Көл үстүндө көздөн учкан Ак Кеме.
Толкун уруп, жээкке жетип көбүрөт,
Тоомдогу жол айрылып бөлүнөт.
Күлкүсүнөн гүл чачырап кетчү эле,
Күн Чыгышым кайра келбейт көрүнөт…
…Улуу тоодон бүркүт шилтеп канатты,
Узак сапар ачып, жаңы баракты,
“Аппагым!” деп алда кайда аттанган
Аскер кийим жигит ырдап баратты.
Менин болсо көөдөнүмдө кеч кирген,
Мезгил сүрөп кыйла жерге жеткирген,
Обон салган көңүлүмдүн куржуну
Оң жагына ооп барат, эскирген…
