Жарыгы калат өнөрдүн
(Г. О.)
Караган элдин кебине
Карандаш болуп учталган,
Кадыркеч элең көбүнө
Калайык мүлдө суктанган.
Алоолоп чыкчу өрттөнүп,
Авазың уккан көрүүчү.
Жүзүңө доошуң көрк берип,
Жүрөктөр кыттай эрүүчү.
Жадырай түшсө көркөмүң
Жамандын сөзү жукпаган.
Сыртыңдан жакшы көргөнүм
Сыйымдан ашып чыкпаган.
Билсин деп баасын өмүрдүн,
Бийикке жөлөп башыңды,
Чебердеп, колу Теңирдин
Чектеген окшойт жашыңды.
Өнөрдүн жүгүн артынган
Өмүрдүн чеги толгондой,
Суурулуп кеттиң калкыңдан
Сулуулук кайып болгондой.
Адамдар менен көктөмдө
Аралаш басып көп жүрүп,
Аруулук учуп кеткенде
Аңгырап калды көпчүлүк.
Басылаар жолдон түңүлүп
Баарына келет өлөөр күн…
Жазыгы чаңдай күбүлүп
Жарыгы калат өнөрдүн!
Ичине толсо жүрөктүн
Илеби калат жылуунун.
Сүртүмү калат сүрөттүн,
Сүйкүмү калат сулуунун.
Сахнада канат байлаган
Сагынтып, саркеч кийимчен,
Термеле бийлеп кайрадан
Теледен чыктың бүгүн сен.
Чырайлуу дилиң жаркырап,
Чыйраткан жиптей үзүлгөн,
Көөнүмдө жанат шамчырак,
Көркөмү тааныш жүзүңдөн.
