Жашоо булагы
Жашоо деген жаштыктын курамыдыр,
Агып турган түгөнгүс булагыңдыр.
Жүктөп алып жүрөкө чоң сүйүүнү,
Оттой жанып кубанган убагыңдыр.
Аянбаган мезгил өтөт азоо аттай,
Шуулдайсың ал кезде жүгөн катпай.
Акыр келсе алтымыштын жорго аты,
Акырындайт басыгың жоош аттай.
Белестеги гүлдөрдөй буралгансың,
Курчуп турган болоттой чыңалгансың.
Көкүрөктүн деми азайып келген кезде
Умтуласың, а бирок туралбайсың.
09.07.2026
