Жаздын деми

1/5 - (2 добуш)

Жашыл көктөм нуру мына чачырап,
Жаздын деми жаңы кубат чакырат.
Жаз жыттанган теребелди карасам,
Жагымдуу го, жакшы кабар айттырат.

Жаз да келди, кубанышты баарысы,
Жаз мезгили – элдин үмүт даарысы.
Ала шалбырт, аба ырайы өзгөргөн,
Жаз менен жаңы жашоо башталды.

Жаздын деми кытыгылап сезимди,
Жан дүйнөмдө жакшы ойлор кезикти.
Оргуштаган булак сымал ойгонуп,
Калем алсам, сыртка карай секирди.

Жаздын жыты мурунуңа буркурап,
Жашыл чөптөр жердин бетин ургулап.
Кандай сонун, кубулушту байкаган,
Чымчыктарчы, жерден тамак чукуган.

Жаздын деми – жаратылыш ойгонду.
Жайыттарга малдар толуп бойлоду.
Адамдар да жазды тосту жадырап,
Тиричилик жандын баарын ойготту.

Жаздын деми жаныбызга күч берип,
Алга гана тартат бизди иш берип.
Бак-дарактар бүчүр байлап шактарга,
Табиятка жан кирди го, кыш кетип.

Жазда жарыш, элим алек иш менен,
Эмгегинен бар бакытын издеген.
Жаздын деми алып келип жакшылык,
Береке бер, ар бир үйгө ирденген.

Жаздын деми Жер Энени толгонткон,
Балдарына жакшы оюн болжогон.
Жер Эненин тилегинин аркасында,
Кампабызга эгин-тегин жык толгон

Жаздын күнү жаш баладай өзгөргөн,
Кээде ачык кээде кабак бүркөгөн.
Ар мезгилдин керемети ушунда,
Кубанычка толуп турат дүнүйөм.

Жер жылыды, кыбыр эткен адамдар,
Эмгектенүү – жаз айынын башаты.
Күндөн-күнгө кыймыл улам көбөйүп,
Тиричилик күчөп кайра жанданды.

Куштар сайрап, ыр обонун тартуулап,
Бата тилейт, эл карысы жакшылап.
Бата менен эл көгөрөт, дегендей,
Жаз айында жаңы өмүр башталат.

Айдоолорго тракторлор жүрүшүп,
Айдоочунун көңүлдөрү сүйүнүп.
Убагында ак эмгекке кул болуп,
Элим тынбайт нары-бери жүгүрүп.

Жылуу кийим ыргытышып үстүнөн,
Чаңга ызгып, балдар ойноп жүгүргөн.
Бала тили бал шириндин таттуусу,
Бир сындырым наны колунда үзүлгөн.

Чымын жүрөт үйүлүшүп ызылдап,
Курт-кумурска тынбай чуркайт тызылдап.
Бул жашоого чоң үмүттү жандантып,
Жаз мезгили берет баарына ырымдап.

Байчечекей бажырайып гүл ачкан,
Кандай кооздук эң биринчи саламдашкан .
Ар бир көрктүн ырахатын айтууга,
Саптар турат бири биринен талашкан.

Жаздын деми суйүүлөрдү чакырып,
Өрүк гүлдөп алоолонтот жарыктык.
Жанга жакын бул кубулуш учуру,
Жазда гана ачылат дейт ашыктык.

Жаздын деми – керемети башкача,
Жаз илеби өңдөн дайым жашара.
Бул жылуулук көптөн бизди күттүрүп,
Келди мына, биз жашаган айылга .

Жаз жамгыры кечке кээде себелеп,
Кандай сонун ал учуруң керемет.
Жазда айтылган ар бир жандын тилеги,
Орундалсын, аткарылсын эселеп.

Жазым сонун, эл кыймылы жеримде,
Эртели кеч тынбай баары эмгекте.
Жалкоо гана уясынан чыкпастан,
Жазды сезбей , өткөрөт го кезинде.

Март айында шарт келди деп сүйүнө,
Ишке тойбой элим шашат жүгүрө.
Жаздын деми жакшы сапат чакырып,
Ар бир үйгө берекесин берүүдө.

Анан кантип жазды жакшы көрбөйүн,
Жашыл түстү тартуулаган өңдөрүн,
Жолдо ойногон мотурайган балдардын,
Сүйүнүчтү , кубанычтуу көздөрүн.

Жазда жарыш, эл ишинен калышпай,
Эгиндерин тигет баарын жаңыдан.
Ар бир мезгил баалуулугун сезишип,
Айыл ичи эч жумушсуз калбаган.

Жазым менин-мына ушундай биз жакта,
Тилектери сонун элдин тынчтыкта.
Жаздын деми жаңы жашоо чакырат,
Жаз илеби бизди тоссун жылына. 

Автор

  • 1980-жылы Талас облусундагы Кайнар айылында жарык дүйнөгө келген. Керимбай атындагы Кайнар орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштейт. 

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген