Орхан Памук: “Менин Атым Кырмызы” (4)
(роман)
4. Мени киши өлтүргүч дешет
Ошол шоруң каткан немени өлтүрөрүмдөн бир аз мурда кимдир-бирөөнүн жанын кыярымды мага айтышса ишенбес элем. Ошондуктан кылган ишим кээде көзүмө ыраактап бараткан чоочун кемедей көрүнүп, улам алыстай берет. Кээде болсо өзүмдү такыр эле эч кимди өлтүрбөгөндөй сезем. Шордуу Зариф аганы каалабай туруп эле жок кылып салганыма төрт күн болду, эми бул абалга бир аз көнүп да калдым.
Алдымдан чыккан бул жийиркеничтүү маселени киши өлтүрбөй эле чечсем деп абдан кааладым эле, бирок бат эле башка жол жок экенин түшүндүм. Ишти ошол жерде бүтүрдүм да, жоопкерчиликти толук мойнума алдым. Бир акылсыздын жалаасынан улам бүтүндөй накышчылар (1) коомунун коркунучка кабылышына жол берген жокмун.
Ошентсе да киши өлтүрүүгө көнүш кыйын экен. Үйдө тура албайм, көчөгө чыгам; көчөдө да тура албайм, кайра башка көчөгө өтөм, анан кийинкисине. Адамдардын жүздөрүнө карап баратып түшүндүм: колуна али киши өлтүрүү мүмкүнчүлүгү тийбегени үчүн эле көпчүлүк өзүн таза, күнөөсүз сезет экен. Ушул кичинекей тагдыр маселесинен улам адамдардын көбү менден жакшыраак же адептүүрөөк деп ишениш кыйын. Болгону, али киши өлтүрбөгөндүктөн, бир аз аңкоо көрүнүшөт да, бардык аңкоолор сыяктуу эле жакшы көрүнүшөт. Көзүндө акылдын учкуну, жүзүндө жан дүйнөнүн көлөкөсү бар адамды көрсөм эле, ал жашыруун канкор экенин түшүнүшүм үчүн, ошол шордууну өлтүргөндөн кийин Стамбулдун көчөлөрүндө төрт күн басканым жетиштүү болду. Аңкоолор гана пакиза болушат.
Мисалы, ушул кечте Кул базардын артындагы кофеканада ысык кофе ичип жылына түшүп, аркадагы иттин сүрөтүн карап, анын жомогун угуп баары менен кошо күлүп отурсам, жанымдагы адам да мендей эле канкор экен деген ой келди. Ал да мендей жомокчуга күлүп жатты, бирок колу менин колума тийип турганы үчүнбү, же чөйчөктү кармаган тынчы жок манжаларынанбы – билбейм, аны да өз насилимден деп ойлоп, бир кадала тиктеп калдым. Ал дароо чочуп кетти да, жүзү кубарып, башы айланып кеткенсиди. Ошол маалда бир таанышы аны жетелеп: «Эми Нусрет кожонун адамдары бул жерди басат», – деп жатты.
Алар бири-бирин жымсалдап токтотушту. Алардын коркунучу мага да жугуп кетти. Эч ким эч кимге ишенбейт, ар ким каршысына чыккандан бир пастык күтөт.
Аба ого бетер суук тартып, көчөлөрдүн бурчтарында, дубалдардын түбүндө кар калыңдап калган. Көөдөй караңгыда тулку-боюм тар көчөлөрдү туюму менен гана таап баратат. Кээде жабык терезелердин артынан өчпөй күйгөн шамдын алсыз жарыгы карга чагылып көрүнөт, көп учурда болсо эч нерсе көрүнбөйт да, күзөтчүлөрдүн таягынын ташка урулган үнүнө, жапайы иттердин улуганына, үйлөрдөн угулган ызалуу үндөргө кулак төшөп жүрүп жол таап алам. Кээде түн ортосунда кар өз ичинен чачырагандай бир керемет нур менен көчөлөрдү жарык кылып, караңгыда урандылар менен дарактардын арасында кылымдардан бери Стамбулдун үрөй учурган арбактарын көрүп жаткандай болом. Кээде болсо үйлөрдөн бактысыз пенделердин үнү угулат: бирөөлөр катуу жөтөлүшөт, бирөөлөр мурдун шуу тартышып, бирөөлөр түшүндө ыйлап кыйкырышат, же аялдар менен эркектер балдары ыйлап жатканда бири-бирин муунтуп жатышкандай сезилет.
Киши өлтүргүч болордон мурдагы бактылуу жашоомду эстеп, көңүл ачайын деп, бир-эки жолу кечинде ушул кофеканага жомокчуну укканы келдим. Өмүр бою чогуу иштеген накышчы агайларымдын көбү да бул жакка келип турат. Бирок бала чагымдан бери бирге иштеген бир шордууну өлтүргөндөн кийин алардын бирин да көргүм келбей калды.
Бири-бири менен ушак айтмайынча тура албаган бул агайларымдын жашоосуна аралашып, алар менен жийиркеничтүү көңүл ачуу мага уят көрүнөт. Мени текебер деп тийишпесин деп жомокчу үчүн бир-эки сүрөт да тарттым, бирок бул алардын кызганычын токтотот деп ойлобойм.
Алардын кызганычы да бекеринен эмес. Боёк аралаштырууда, түз сызык тартууда, барак жайгаштырууда, тема тандоодо, жүз тартууда, согуш жана аңчылык көрүнүштөрүн жайгаштырууда, жаныбарларды, падышаларды, кемелерди, аттарды, жоокерлерди, ашыктарды сүрөттөөдө, накышка жан дүйнөнүн поэзиясын кошууда – айтор, эң мыкты уста менмин. Муну мактаныч үчүн эмес, мени түшүнсүн деп айтып жатам. Кызганыч убакыт өткөн сайын уста накышчынын жашоосунда боёк сыяктуу зарыл нерсеге айланат.
Тынч ала албай ары-бери басканым создугуп кеткенде кээде өтө таза, өтө күнөөсүз көрүнгөн диндештеримдин бири менен көз көрүшүп калам да, анан күтүлбөгөн ой келет: «Эми мен өзүмдүн киши өлтүргүч экенимди ойлой берсем, алар да аны менин жүзүмдөн билип коюшат». Ошондо дароо башка нерселерди ойлогонго аракет кылам, жаш кезде намаз окуп жатканда аялдарды ойлобоюн деп канчалык кыйналсам, дал ошондой.
Бирок жаш кездегидей болуп ал ойдон кутула албай кыйналып отурбайм, кылган кылмышымды унутуп коё алам.
Мунун баарын абалымды түшүнсүн деп айтып жатам. Эгер баарын ачык айтсам, силер мени дароо таанып коёсуңар. Анда мен белгисиз канкор, киши өлтүргүч эмес, капыс кармалган жөнөкөй эле кылмышкер болуп калам. Ошондуктан баарын айтпайын; өзүмдө бир аз сыр калсын. Силер болсо изилдеп, сөздөрүмдөн жана боёкторумдан ким экенимди тапканга аракет кылгыла. Бул болсо бизди «стил» деген маселеге алып келет,анткени накыштын өзүнө гана таандык өңү, өз үнү, өзгөчө ыкмасы болуш керек да?
Улуу усталардын устаты, накыштын пири болгон Бекзаттын бир сүрөтүн карап көрөлү. Бир өлүм сүрөтү болгону үчүн менин абалыма өтө жакын. Бул сүрөттү мен бир перс канзаадасынын китепканасынан чыккан, токсон жылдык кынтыксыз китептен көргөм. Анда Хосров менен Шириндин окуясы Фирдосинин эмес, Низаминин калеминен баяндалат.
Силер жакшы билгендей, Хосров менен Ширин акыры махабат бороонунан соң баш кошушат, бирок Хосровдун мурунку аялынан төрөлгөн уулу Шируйе аларды тынч койбойт. Ал тактыны да, Ширинди да каалайт. Низаминин «Арстандын оозундай сасык жыттанган» деп сүрөттөгөн Шируйе шайтан акыры бир жолун таап атасын туткунга алат да,тактысына отурат. Анан биркүнү түн ичинде жатак бөлмөсүнө кирип, караңгыда сыйпалап табат да, канжар менен сайып өлтүрөт. Атасы таң аткыча канга боёлгон төшөгүндө жан талашып, жанындагы Ширин сулуу менен кошо кыйналып жатып жан берет.
Бекзаттын сүрөтү бул окуядан да терең коркунучту көрсөтөт: түн ичинде ойгонуп, караңгыда бөлмөдө башка бирөөнүн бар экенин сезүүнүн үрөйү! Ал адамдын бир колунда канжар, экинчи колу сенин алкымыңда экенин элестет. Бөлмөнүн кооз дубалдары, кызыл килем, кооз жууркан – баары бир нерсени эске салат: сен өлүп жаткан дүйнө канчалык кооз, канчалык сулуу экенин. Бирок ошол сулуулуктун сенин өлүмүңө кайдыгерлиги – эң чоң маани.
«Бул – Бекзаттын эмгеги, ал кол коюуга муктаж эмес», – деген эле бир кезде, мындан жыйырма жыл мурда менин титиреген колдорумдагы сүрөттү кошо караган картаң устатым. Анын жүзү жарык кылган мом чырактан эмес, чыныгы суктануудан улам нурданып турган. Бекзат муну жакшы билгени үчүн сүрөттүн жашыруун бир бурчуна да кол койгон эмес экен. Чыныгы чеберчилик — улуу эмгек жаратып, ошол эле учурда өз изиңди калтырбай коюу.Мен болсо байкушту жөнөкөй, орой ыкма менен өлтүрдүм. Эми болсо кылган кылмышымды ачып коё турган из калдыбы деп түн ичинде ошол жерге кайра-кайра келем. Стил дегениң – бул жөн гана адамдык из калтырууга алып келген ката.
Жааган кардын жарыгы болбосо да мен бул жерди тапмакмын. Бул жер жыйырма беш жылдык кесиптеш жолдошумду жок кылган жер. Жааган кар да менин стилиме окшогон бардык издерди жашырып салды. Бул болсо Алла-Таала да менин жана Бекзаттын оюна кошулат деген кеп. Төрт күн мурун ал акылсыздын алдыга койгон күнөөлүү иштерин байкабастан накыш иштерине карата жасаган болсок, Алла-Таала бизге мындай ырайым кылмак эмес.
Ошол түнү биз кар жок кезде келгенбиз. Алыстан иттердин улуганы угулуп жаткан.
– Бул жакка эмне келдик? – деп сурады байкуш. – Ушул маалда мага бул жерде эмнени көрсөтмөкчүсүң?
– Алдыда бир кудук бар, андан он эки кадам ары мен көп жылдан бери чогултуп көмгөн акчам жатат, – дедим. – Айткандарымды эч кимге айтпасаң, Эништe эфенди да, мен да сени ыраазы кылабыз.
– Демек, башынан бери эмне кылып жатканыңды билгениңди моюнга алып жатасың… – деди кызыга.
– Ооба, – деп айла жок калп айттым.
– Силер тарткан сүрөт абдан чоң күнөө экенин билесиңби? – деди ал ак көңүлдүк менен. – Эч ким батына албаган акаарат, динсиздик бул. Тозоктун эң түбүндө күйөсүңөр. Азабыңар, кыйнооңор эч качан басылбайт. Мени да шерик кылдыңар.
Бул сөздөрдү угуп жатып, үрөйүм учуп бир нерсени түшүндүм – көпчүлүк ага ишенмек. Эмнеге? Анткени бул сөздөрдүн ушунчалык күчү, адамды имере тарткан илеби бар эле – адам эрксизден кызыгып, башка пас кишилер тууралуу маалымат чын болуп чыкса экен деп калат. Эништe эфендинин жасаткан китебинин жашыруундугу, берген акчасы тууралуу ушундай ушактар мурда эле көп айтылып жүрчү; анын үстүнө баш накышчы устат Осмон да аны жек көрчү. Мүзеххип (2) тууганым бул жалааны билип туруп, ушул чындыктарга айлакерлик менен жамап койгон го деп да ойлогом. Чын эле канчалык ыкылас менен айтып жатты болду экен? Экөөбүздү бири-бирибизге каршы койгон дооматтарын кайра кайталап беришин сурандым. Ал сөздү айлантпай, бүдөмүктөтпөй түз айтты. Кудум чогуу өткөргөн шакирттик жылдарыбыздагыдай, устат Осмондун сабагынан кутулуш үчүн бир күнөөнү жаап-жашырууга чакырып жаткандай туюлду. Ошол маалда анын чынчылдыгына ишенгим келген. Шакирт кезинде да көздөрүн ушинтип чоң ачып карачу, бирок анда алар тезхиптен (3) али кичирейе элек болчу. Ошентсе да ага жылуу сезимимди ойготкум келген жок, анткени ал баарын башкаларга айтып жиберүүгө даяр эле.
– Карачы, – дедим жасалма кайдыгерлик менен. – Биз тезхип жасайбыз, китептердин беттеринин четин кооздойбуз, сызык тартабыз, барактарды алтын менен жаркыратабыз, эң кооз сүрөттөрдү биз тартабыз, сандыктарды, кутуларды көрккө бөлөйбүз. Көп жылдан бери ушул ишти кылып келатабыз. Бул биздин кесип. Бизге буюртма беришет: «Мына бул алкактын ичине кеме тарт, бугу тарт, падышаны жайгаштыр, мындай куштар болсун, мындай адамдар болсун, окуянын тигил жери мындай көрүнсүн» дешет, биз болсо ошону жасайбыз. Мына бул жолу Эништe эфенди: «Ичиңден келген атты тарт», – деди. Үч күн бою ичимден чыккан ат кандай экенин түшүнүш үчүн эски улуу усталардай жүздөп ар кандай аттарды тарттым.
Колумду машыктырыш үчүн Самарканддын орой кагазына тартылган бир нече атты чыгарып көрсөттүм. Ал кызыгып кагазды алды да, ай жарыгынын күңүрт нурунда көзүн жакындатып, ак-кара аттарды карап турду.
– Шираздык, Гераттык эски усталар «Алла-Таала каалаган, Алла-Таала көргөн чыныгы аттын сүрөтүн тартыш үчүн накышчы элүү жыл бою тынымсыз аттын сүрөтүн тартышы керек» дешчү. Анан да эң мыкты аттын сүрөтү караңгыда тартылат дешет. Анткени элүү жылда чыныгы накышчы эмгектене берип сокур болуп, колу тарткан атты жаттап калат, – дедим.
Анын жүзүндө бала кезибизден бери тааныган баягы таза, аңкоо көз караш пайда болуп, мен тарткан аттарга тунжурап карап калды.
– Бизге буюртма беришет, биз болсо эң жашыруун, эң кол жеткис атты эски усталар тарткандай тартууга аракет кылабыз. Ошончо буюртма берилгенден кийин бизге күнөө коюу адилетсиздик.
– Билбейм, бул туурабы, – деди ал. – Биздин да жоопкерчилигибиз, эркибиз бар. Мен Алладан башка эч кимден коркпойм. Ал бизге жакшы менен жаманды айырсын деп акыл берген.
Жооп даяр болчу.
– Алла-Таала баарын көрөт, баарын билет… – дедим арабча. – Сенин да, менин да, биздин бул ишти билбей жасаганыбызды түшүнөт. Эништe эфендинин үстүнөн кимге арызданмак элең? Бул иштин артында азирети падышабыздын эрки турганына ишенбейсиңби?
Ал унчукпай калды.
Чынында ушунчалык эле кем акылбы же чындап Кудайдан корккону үчүн өзүн жоготуп, аң-таң болуп жатабы деп ойлодум.
Кудуктун жанына токтодук. Караңгыда бир ирмем көздөрүн карап, анын коркконун түшүндүм. Ага боорум ооруду. Бирок жебе жаадан эчак чыгып кеткен эле. Каршымдагы адам жөн эле акылсыз коркок эмес, наадан экенин дагы бир жолу далилдеши үчүн Кудайдан тиледим.
– Бул жерден он эки кадам санап, анан казасың, – дедим.
– Анан силер эмне кыласыңар?
– Эништe эфендиге айтам, сүрөттөрдү өрттөйт. Башка эмне кылмак элек? Эгер «эрзурумдук Нусрет кожонун жамаатынан ушундай сөз чыгыптыр» дешсе, бизди да, накышкананы да жок кылышат. Алардан тааныганың барбы? Бул акчаны азыр ал, ошондо бизди сатпай турганыңды түшүнөбүз.
– Акча эмненин ичинде?
– Эски туздалган идиштин ичинде жетимиш беш Венеция алтыны бар.
Венеция дукаттарын түшүндүм, бирок эмне үчүн туздалган идиш оюма келди экен? Ушунчалык акылга сыйбаган нерсе эле, ошондуктан ишенимдүү угулду. Ошондо Кудай дагы бир жолу менин тарабымда экенин сездим: жыл сайын ач көздүгү күчөп бараткан шакирттик досум мен көрсөткөн тарапка он эки кадамды ынтаа менен санай баштаган эле.
Ошол учурда башымда эки гана ой бар болчу: жер астында эч кандай Венеция алтыны жок! Эгер акча бербесем, бул акмак бизди жок кылат! Бир саам аны мурдагыдай кучактап өпкүм келип кетти, бирок жылдар бизди бири-бирибизден өтө алыстатып салган эле. Оюм топуракты кантип казарыбызга бурулду, тырмак менен казмак белек? Булардын баарын ойлогонум, эгер ойлонууга татыса, бир көз ирмемде эле учуп өттү.
Кудуктун жанында жаткан ташты шашып эки колум менен кармадым. Ал жетинчи-сегизинчи кадамын санап жатканда жетип барып каракушуна болгон күчүм менен урдум. Таш анын башына ушунчалык катуу тийгендиктен бир саамга кудум өз башыма тийгендей чочуп кеттим, ал тургай боорум ооруду.
Бирок кылган ишиме өкүнгөндүн ордуна баштаган ишти тезирээк бүтүргүм келди. Анткени анын жерде жанталашып, тыбырчылап жатканы ого бетер шаштымды алды.
Аны кудукка ыргытып жибергенден кийин гана, менин бул кылганым накышчынын назиктигине эч ылайык келбеген одоно бир нерсе экенин түшүнүүгө чамам жетти.
_________________________
(1) Накышчылар – Осмон падышаларынын аксарайларын же китептерин кооздогон атайын каллиграфия сүрөтчүлөрү.
(2) Мүзеххип – китептерди алтын менен кооздогон сүрөтчү.
(3) Тезхип – араб тилинен келип Куран Керимди жана кол менен жазылган китептерди алтын ж.б.боёктор менен кооздоо санаты.
(уландысы бар)
Түрк тилинен которгон Толук Бек Байзак
