Орхан Памук: “Менин Атым Кырмызы” (3)
(роман)
3. Мен итмин
Көрүп турганыңардай, азуу тиштерим ушунчалык узун жана учтуу болгондуктан оозума араң батат. Бул мага коркунучтуу бир кебете-кешпир берерин билем, бирок өзүмө жагат. Бир жолу бир касапчы тиштеримди көрүп: «Бул ит эмес эле чочко го!» — деген болчу.
Анан анын бутунан ушундай тиштедим дейсиң, тиштеримдин учтары майлуу эттеринен өтүп барып жото жилигине такала түшкөнүн сездим. Кегин алып жек көрүндү жоосунун этине тиш салгандагы ырахатты итке башка эч нерсе бере албайт. Андай учур келгенде талана турган неме алдымдан аңырайып өтө бергенде ырахаттан көзүм караңгылап, тиштерим кыңшылагансып, байкабай эле көмөкөйүмдөн силерди коркуткан ыркырак чыга баштайт.
Мен итмин, а силер биздей акыл-эстүү жаратылган эмессиңер, «ит да сүйлөмөк беле» дейсиңер. Бирок ошол эле учурда өлүктөр сүйлөгөн, баатырлар билбеген сөздөрдү айткан жомокторго ишенген түрүңөр бар. Уга билгенге иттер да сүйлөйт.
Илгери-илгери, байыркы өткөн заманда, бир чоң ордо шаардын эң ири мечиттеринин бирине, мисалы Баязит мечитине дейли, бир провинциядан бир орой динаятчы келиптир. Анын атын жашыра турган болсок, мисалы Кусрет кожо дейли, бирок эмне десек да, териси калың, кара күчкө ишенген бир молдо экен. Акылы аз болсо да, машаллах, тили тил экен. Жума сайын жамаатты ушунчалык толкундантып, ушунчалык ыйлаткандыктан көз жашы кургап эсинен тангандар, эстери ооп жыгылып калгандар көп болгон экен. Бирок туура эмес түшүнбөгүлө: ал башка динаятчылардай өзү ыйлачу эмес, тескерисинче эл ыйлап турганда көзүн ирмебей, зекигенсип андан бетер күпүлдөйт экен. Балким эл анын жаалданып урушканын жактыргандыктанбы, багбандар, сарай кызматкерлери, шербетчилер, карапайым эл жана өзүнө окшогон башка молдолор дагы ага кул болуп калышыптыр. Эми ал ит эмес, башы кара буту айры адам баласы болгондуктан элдин суктанганына мас болуп, жамаатты ыйлатып эле тим болбой, коркутуп да көрүп, андан да көбүрөөк пайда табарын түшүнүп, чектен чыгып кетиптир.
Анын пикиринде кымбатчылыктын, жугуштуу оорулардын, согуштагы жеңилүүнүн жалгыз себеби пайгамбарыбыздын заманындагы исламды унутуп, башка китептерге, жалганга ишенип калганыбыз имиш. Пайгамбардын заманында мавлит окутуу бар беле? Кыркылык өткөрүү, маркумга арнап таттуу таратуу бар беле? Куранды ырдай кылып окуу бар беле? Мунарага чыгып, үнүнүн кооздугуна мактанып, назданып азан чакыруу бар беле? Көрүстөнгө барып өлүктөрдөн жардам сурап, мазарларга сыйынып, ташка табынып, тилек кылып чүпүрөк байлоо бар беле? Мындай акылды үйрөткөн тарикаттар бар беле? Тарикатчылардын устаты Ибн Араби болсо «фараон ыйман менен өлдү» деп күнөөгө баткан! Тарикатчылар, мавлавийлер, халветийлер, каландарийлер — Куран окуп жатып музыка ойноп, бийлеп, уятсыз иш кылгандардын баары каапыр! Теккелер бузулсун, түбү казылып, топурагы деңизге ташталсын!
Андан ары аша чаап, шилекейи чачырап: «Эй, момундар, кофе ичүү да арам!» — дептир. Пайгамбар «кофе акылды тумандатат, ашказанды бузат, бел оорусуна, тукумсуздукка себеп болот» деп билгендиктен ичкен эмес имиш. Андан тышкары, кофеканалар — ырахат издегендердин, бузукулардын жери, алар жабылышы керек имиш. Кара таман элде кофе ичкенге акча барбы? Алар ошол жакта мас болуп, акыры иттер сүйлөгөнүн чын деп угуп отурушат, дейт имиш бул Кусрет кожо.
Эми уруксат берсеңер, ушул сөзүнө жооп берейин. Молдолордун бизге окшогон иттерди жактырбаганы белгилүү. Менимче, маселе пайгамбар уктап жаткан мышыкты ойготпой этегин кескени тууралуу окуяга байланыштуу. Мышыкка көрсөтүлгөн мээрим бизге көрсөтүлбөгөнүн айтып, кээ бир адамдар пайгамбар иттерди жаман көргөн деп жоромолдошот. Бизди мечитке киргизбей, «даарат бузат» деп кууп, короолордо таяк менен сабашканы да ушундай жаңылыш түшүндүрмөнүн натыйжасы.
Силерге Курандагы эң кооз сүрөөлөрдүн бири — Кахф сүрөөсүн эске салайын. Бул жерде Кураны Керимди окубаган китепсиздердин болгондугунан эмес, жөн гана эстутумду тазалайлы деген ниетте айтып отурам. Ошентип бул сүрөөдө жети жаш жигиттин окуясы айтылат. Алар бутпарастар менен болгон жашоодон качып, үңкүргө кирип уктап калышат. Алла-Таала алардын кулактарын бекитип, үч жүз тогуз жыл уктатат. Ойгонгондо убакыт зымырап өтүп кеткенин,алардын ичинен бирөө эл арасына чыкканда акчасы жараксыз болуп калганынан улам билишет. Адам баласы Алла-Таалага көз каранды экендигин, анын кереметтерин, мезгилдин ыкчам экендигин, терең бир уйкунун ушунчалык таттуу экендигин түшүндүргөн бул сүрөөнүн он сегизинчи аятында дал ошол жети жигит уктап калган үңкүрдүн кире беришинде жаткан ит жөнүндө кеп болот. Албетте, ар ким өзүнүн аты Куранда аталса сыймыктанат. Мен да ит катары ошого сыймыктанам жана бизди «ит-куш» деп кемсинткендердин акылына келишин тилейм.
Анда эмне үчүн иттерге мындай душмандык мамиле бар? Эмне үчүн бизди ыплас дейсиңер? Неге үйүңөргө ит кирсе баарын жууп-тазалайсыңар? Эмнеден улам бизге колу тийген адамдын даараты бузулат дейсиңер? Бир ит идишти жалап кетсе аны ыргытып же кайра жаңыртыш керек дегенди кадакчылар чыгарган окшойт же балким мышыктар ойлоп тапса керек.
Качан көчмөн турмуштан шаар турмушуна өткөндө кой кайтарган иттер айылда калып, биз «ыплас» болуп калдык. Илгери айлардын бири «ит айы» деп аталчу, азыр болсо ит жамандыкка жорулган жаныбар болуп отурат. Эми өз арманымды айтып, силерди капа кыла бербейин, менин ачуумдун келгени ошол динаятчынын кофеканаларды жамандап отурганы.
Эгер бул Кусреттин атасы белгисиз десем эмне дейсиңер? Мага да айтышкан: «Сен кандай итсиң?Устатың кофеканада сүрөт илип жомок айткан адам экен, ошону коргоп динаятчыга тил тийгизип жатасың», – дешип. Жок, тил тийгизген жокмун. Мен жөн гана кофеканаларды жакшы көрөм. Билесиңерби, мен сүрөт болуп тартылганыма же ит болгонума эмес, силер менен чогуу отуруп кофе иче албаганыма кейийм. Биз кофекана үчүн жан беребиз! Карагылачы, устам мага кофе сунуп жатат. «Сүрөт кофе ичеби?» дебегиле — карасаңар, ит кофе ичип жатат!
Оо, кандай жакшы болду, этим ысып, көзүм курчуп, акылым ачыла түшпөдүбү! Эми силерге айтайын: Венециянын чоңу падышабыздын кызы Нурхая́т султанга Кытай жибектеринен, кооз идиштерден тышкары эмне жибергенин билесиңерби? Жүнү жибектей жумшак, назик бир франк итин жөнөткөн. Ал ит ушунчалык эрке болгондуктан кызыл жибек кийимсиз жүрчү эмес экен. Досторумдун бири аны «жайлаган» экен да, ошондуктан билем, ал ит жупташканда да кийимин чечпейт экен! Франк өлкөсүндө бардык иттер ушинтип кийинип жүрүшөт имиш. Ал жакта бир аял жылаңач итти көрүп, балким бир жерин көрсө керек, «Ой, жаныбар жылаңач тура!» деп эстен танган дешет.
Ал жакта ар бир иттин ээси бар экен. Бечара иттер мойнуна чынжыр байланып, көчөлөрдө кулдарга окшоп сүйрөлүп жүрүшөт. Адамдар аларды күч менен үйгө сүйрөп киришип, керек болсо төшөккө да чогуу ала жатышат имиш. Алар бири-бири менен эркин аралаша да алышпайт, бири-бири менен жытташып сүйүшмөк тургай чогуу да баса алышпайт экен. Чынжырга байланган ошол бечаралар көчөлөрдө жолугуп калышса бири-бирин кайгылуу гана карап тим болушат тура. А биз болсо Стамбулда топ-топ болуп эркин жашайбыз, каалаган жерде уктайбыз, каалаган жерге чычып, каалаганыбызды тиштейбиз, мындай нерселер ал каапырлардын түшүнө да кирбейт. Балким ошон үчүнбү, Эрзурумдуктун колдоочулары иттерге садага катары эт берүүгө, иттерге жардам фонддорунун ачылышына каршы болушканы так гана каапырлык экенин эстерине салгым келет.
Акырында айта кетсем, мурдагы кожоюнум калыс киши эле. Түнкүсүн уурулукка чыкканда ишти бөлүшүп алчубуз.Мен үрө баштаганда ал олжосун мууздап ийип, анан анын кыйкырыгы угулбай калчу. Каршылыгында жазага тартылган күнөөлүүлөрдү союп, эттерин кайнатып, анан мага бышырылган эт берчү. Мен чийки эт жебейм. Эрзурумдук молдонун желдети да муну эске алса экен, мен анын этин чийки жеп кардымды бузбайын.
(уландысы бар)
Түрк тилинен которгон Толук Бек Байзак
