|

Кыргызстанда меценанттар барбы?

3/5 - (1 добуш)

Жаш акындарды шыктандырган “Акун” жана Нуржан Тентимишова

Учурда Кыргызстанда маданиятка, илимге колдоо көрсөткөн меценанттар барбы? Болсо да, өтө аз. Себеби меценант болуш үчүн ишкерлерде маданияттын, илимдин мамлекет үчүн, келечек үчүн маанилүүлүгүн аңдап-түшүнгөн деңгээл болуш керек. Ушундай денгээлде ой жүгүртүп, адабиятыбызга меценанттык кылып жаткан инсан – Нуржан Тентимишова дээр элем. Ал алты жылдан бери “Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалын” өткөрүп, поэзиянын жаңы мууну ат салышкан, адабиятчы, акын-жазуучулар баарлашып пикир алышкан аянтчаны жаратты. 

Нуржан Тентимишова фестивалды жолдошу мамлекеттик жана коомдук ишмер, акын, котормочу Чыныбай Турсунбековдун жаркын элесине арнап алты жыл мурун баштаган. Ошондон бери учур адабиятын алга сүрөп, жаш таланттардын тушоосун кесип, калемгерлердин башын бириктирген чыныгы меценантка айланды. Нуржан айым Чыныбай Турмунбеков өзү негиздеген, чыгармачылык эргүү тапкан “Акун-Ысык-Көл” пасионатына фестивалга чогулган 200-300 кишини барыш-келиши, 4 күндүк эс алуусу жана тамак-ашы менен толук камсыздап, фестивалды адабияттын шаңдуу салтанаты катары өткөрөт. Кыргызстанда мындай масштабда азырынча ушул фестиваль гана уюштурулуп жатканын белгилөө керек. 

Ар жылы жаш акындар Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалына катышабыз деп чамынышат. Жеңишке жеткен жаш акын 200 миң сом акчалай сыйлык алат жана дароо КР Жазуучулар союзунун мүчөсү болот. Быйылдан баштап фестивалдын жеңүүчүсү Дүйнөлүк поэзия фестивалына да жолдомо ала турган болду. Быйыл Кыргызстандан жана чет өлкөдөн 300 киши катышкан VI Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалында баш байгени 21 жаштагы акын кыз Толгонай Сариева жеңип алды. Буюрса, Толгонай эми Кыргызстандын атынан дүйнөлүк фестивалга барып, чоң сахнада кыргыз тилинде ыр окуйт деп турабыз. Ошентип, кыргыз поэзиясы дүйнөлүк сахналарда жаңырат. Бул – Нуржан Тентимишова баштаган изги иштин зор натыйжасы.

Белгилеп кете турган нерсе, фестивалдын финалисттери өтө кылдаттык менен тандалат. Конкурска 100гө чукул жаш акын катышат. Алардын ичинен калыстар тобу беш акынды финалист катары тандап алат. Калыстар тобу да адилеттүү, компетенттүү адабиятчылардан, акын-жазуучулардан түзүлөт. 

Муну менен катар Чыныбай Турсунбеков поэзия фестивалында көркөм окуу боюнча да конкурс өткөрүлүп, ага кыргыз жана орус мектептердин окуучулары, студенттер ж.б. катышышат. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык ыйгарылат. Ошентип, бул иш-чара жаштар арасында поэзияга кызыгууну арттырууга да өз салымын кошуп келет. Айрыкча, орус мектептерде окуган балдар, кыздар көркөм окуу конкурсуна катышканы кубандырат. Эне тилди сүйдүрүү үчүн ушундай бараандуу маданий мелдештердин орду чоң да.  

Окуучулар менен бирге республикабыздын бардык облустарынан мугалимдер келип, аларга атайын семинарлар сериялары да өткөрүлүп турат. Демек, фестиваль билим берүүгө да салымын кошуп, адабий салтанаттын масштабын улам кеңейтүүдө. Булардын баарына оңбогондой каражат жумшалары бештен белгилүү эмеспи. Нуржан Тентимишованын адабиятка, маданиятка, билим берүүгө жасаган бул эмгеги мекенчилдиктин мыкты үлгүсү эмей эмне. 

Мындан тышкары, фестивалдын алкагында шайыр кыз-жигиттердин “Акын сармердени” өтүп, анда жаш төкмөлөр, ырчылар, манасчылар өз өнөрлөрүн сынашат. “Акын сармерденде” өзгөчө талантын көргөзгөндөргө “Акун” компаниясы да ар түрдүү сыйлыктарын ыйгарат. Быйыл сармерденден тышкары “Поэзия эрөөлү” да уюштурулуп, анда акындар алым-сабак ыр окушуп, жеңүүчүлөрү баш байге катары “Акун” пансионатына 5 күндүк эс алуу жолдомо сертификатына ээ болушту. 

Нуржан Тентимишованын жана анын кыздары – Айдай, Бегимай, уулу Эржан  менен бирге уюштуруу командасынын жыл сайын фестивалды жаңы идеялар менен байытканы, алардын бул ишке болгон чын ыкласы деп түшүнүү керек. Алсак, буга чейинки фестивалдын баш байге алган лауреаттары – Бердибек Жамгырчиевге, Нуркыз Рыскул кызына, Нуриза Өмүрбаевага, Сайра Батыркуловага, Бегайым Нурлан кызына арналып көчөт отургузулуп, ал көчөттөрдүн алдына алардын аттары жазылган. Пансионаттагы ал жер “Акындар сейил багы” деп аталат. “Акындар сейил багында” ар жылы отту тегерете ыр окулуп, салтанаттар өтүп турат.  

Өлкөбүздө маданиятты колдоого алган ушундай меценанттык маданият калыптанмайын, жаркын таланттарды колдоо, таптоо мүмкүн эмес. Экономикасы күчтүү үлкөн өлкөлөрдө деле таланттардын чыгармачылыгын колдоп, жайылтууга меценанттар жардам берет. Мисалга, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин студенттерин жылда Түркиядагы Айдын Доган фестивалына даярдап жиберебиз. Анда алар кино, журналистика тармагы боюнча жарышка түшүшөт. Бир жылы менин дипломнигим Айдана Топчубаева тарткан фильми менен ал фестивалдан гран-прини жеңип алган эле. Айдын Доган фонду ошондо жеңүүчү студент менен кошо студенттин көркөм жетекчиси катары мага, факультеттин деканына жана ректорубузга ардактуу конок катары чакыруу жиберип, барып-келүү каражатын, беш жылдыздуу мейманкана каражатын бүт өзү көтөргөн. Сыйлык тапшыруу аземи өзгөчө шаң менен өткөн. Ал чоң аземде түрк ишкери, инвестор жана медиа магнат Айдын Доган карып-арып калганына карабай, биз менен чогуу болгон. Мындай мисалдар дүйнөдө арбын.   

Ал эми тарыхка кайрылсак, дүйнөгө керемет музыкасын тартуулаган орус композитору Чайковскийди 13-14 жыл бою, тагыраагы, 1877-жылдан 1890-жылга чейин Надежда Филаретовна фон Мекк каржылап турган. Ошондо композитор Москва консерваториясындагы кызматын таштап, баш-оту менен чыгармачылык менен алпурушкан. Бул мезгил ичинде ал абдан жемиштүү иштеп, “Төртүнчү симфония”, “Евгений Онегин”, “Скрипка концерти”, “1812 увертюрасы”, “Бешинчи симфония”, “Уктап жаткан сулуу” деген шедеврлерин жараткан. Эгер Орусиянын темир жолу толук карамагында болгон магнаттын жесири Надежда Мекк ошондо байлыгын жалаң жеке кызыкчылыктарына жумшаганда, бул чыгармаларды улуу композитор убакыт, энергия таап жаза алат беле, жок беле, ким билет. Канчалаган жаркын таланттар жокчулук менен тартыштыктын айынан күнүмдүк түйшүккө жутулуп кете берет эмеспи. Меценанттыгы менен Мекк орус жана дүйнөлүк музыка дүйнөсүнө шедеврлер казынасын калтырууга салымын кошуп, өзүнүн даңазасы да түбөлүккө калды.  

Ооба, тарыхта маданиятты, өнөрдү сүйөгөн улуу инсандардын ысымы ошол доордун таланттары менен бирге жашап келет. Надежда фон Мекк Чайковскийдин багын ачкандай, Нуржан Тентимишова да бүгүн кыргыз маданиятынын эртеңки Алыкулун, Оморун, Жолонун, Сагынын таап, аларга канат байлап жатат. Анткени экономика өлкөнүн бүгүнкү күнүн бакса, маданият менен адабият анын келечегин, улуттук кодун сактайт. Чыныбай Турсунбеков атындагы поэзия фестивалы билгенге кыргыздын рухий дүйнөсүнө берилген зор инвестиция жана улутту сүйүүнүн бийик үлгүсү дээр элем. 

Автор

  • Акын, жазуучу, филология илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доценти.

    “Иңир” (2023) аттуу поэтикалык жыйнактын, бир катар аңгемелердин, ошондой эле 4 илимий китептин, 2 окуу китебинин, 40тан ашуун илимий жана публицистикалык макалалардын автору жана 3 окуу-методикалык эмгектин авторлошу. ILHAM.KG адабий-музыкалык ютуб каналында кыргыз адабиятынан жана дүйнөлүк адабияттан ырларды жана кара сөз түрүндөгү чыгармаларды көркөм окуп, аудиокитептердин топтомун даярдап, угармандарга тартуулап келет.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген