“Кабат-кабат катталган сыртын сыйрып…”
* * *
Кабат-кабат катталган сыртын сыйрып,
Мен турмушту пиязга салыштырам,
Көз жашымды көргөндөр сабак болду,
Шербет татып өзүмдү айыктырам.
Күрөң түсү күздөгү жалбырактай…
“Күбүлөсүң, жакшысы сыйрыба”, – дейт.
Алкымыма жеткире ачуу даамын,
Алпурушкан жолумду жыйрыба дейм.
Кабатталган кабыгын артка таштап,
Кадам сайын катыңдан чыйрыгамын,
Кабатыңдын каруусу ырда калып,
Кадам сайын бышам да, чыйраламын.
Өжөрлүктүн өртүнө тамшанам да,
Өткөн сайын өмүрүм сыйрыламын.
